Меню
Тесты
Тесты  /  Директору  /  Прочее  /  Кыргыз Республикасынын Конституциясы

Кыргыз Республикасынын Конституциясы

Avatar
06.09.2024. Тест. Директору, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Кыргыз Республикасынын Конститутциясы жонундо тесттик тапшырмалар

Список вопросов теста

Вопрос 1

Кыргыз Республикасынын Конституциясы канча болумдон жана канча беренеден турат?

Варианты ответов
  • 6 болум, 120 беренеден
  • 5 болум, 116 беренеден турат
Вопрос 2

Кыргыз Республикасы кандай мамлекет?

Варианты ответов
  • көз карандысыз, эгемен, демократиялык, унитардык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет.
  • көз карандысыз, эгемен, демократиялык, светтик жана социалдык мамлекет.
Вопрос 3

Кыргызстанда мамлекеттик бийликтин ээси ким?

Варианты ответов
  • мамлекеттик аткаруу органдар
  • сот аткаруучулар
  • эл
Вопрос 4

Кыргызстандын элин кимдер тузот?

Варианты ответов
  • бардык этностордон турган Кыргыз Республикасынын жарандары түзөт
  • кыргыздар түзөт
Вопрос 5

Кыргызстанда шайлоолор жана референдумдар кандай отот?

Варианты ответов
  • эркин, жалпыга бирдей, тең жана тикелей шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен өткөрүлөт.
  • эркин, жалпыга бирдей, тең жана тикелей шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары шайлоо укугуна ээ болот.
Вопрос 6

Референдумга кандай маселелер коюлат?

Варианты ответов
  • Мыйзамдар жана мамлекеттик маанидеги башка маселелер референдумга коюлушу мүмкүн
  • Мыйзамдар жана ар кандай башка маселелер референдумга коюлушу мүмкүн
Вопрос 7

КРда бийликтин канча бутагы бар?

Варианты ответов
  • 5
  • 4
  • 3
Вопрос 8

Мамлекет жана анын органдары кимге кызмат кылат?

Варианты ответов
  • бүткүл коомго кызмат кылат
  • мамлекетке кызмат кылат
Вопрос 9

Мамлекеттик бийликти узурпациялоо - ...

Варианты ответов
  • ар убак болуп туруучу процесс
  • өзгѳчѳ оор кылмыш.
Вопрос 10

Кыргыз Республикасында эмнелерге тыюу салынат?

Варианты ответов
  • мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, уюмдарда партиялык уюмдардын түзүлүшүнө жана иштешине; кызматтык иштен тышкары жүзөгө ашырган учурларын кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын партиялык ишти аткарышына
  • аскер кызматчыларынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана судьялардын саясий партияларга мүчө болушуна, алардын кайсы бир саясий партияны колдоп чыгышына
  • диний жана этностук негизде саясий партияларды түзүүгө, диний бирикмелердин саясий максаттарды көздөшүнө
  • жарандардын бирикмелеринин аскерлешкен кошуундарды түзүшүнө
  • иш-аракети конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, улуттук коопсуздукту бүлдүрүүгө, социалдык, расалык, улуттар аралык жана диний касташууну тутандырууга багытталган саясий партиялардын, коомдук жана диний бирикмелердин, алардын өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын иштешине
  • бири дагы туура жоопко дал келбейт
Вопрос 11

Кыргызстанда кайсы дин милдеттуу мамлекеттик дин катары кабыл алынган?

Варианты ответов
  • копчулуктун, элдин басымдуу карманган дини
  • эч бир дин милдеттуу же мамлекеттик катары кабыл алынууга мумкун эмес.
Вопрос 12

Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттарында цензурага жол берилеби?

Варианты ответов
  • Жол берилбейт, эркин жана өз ишин мыйзамга ылайык жүзөгө ашырат.
  • Өсүп келе жаткан муунду коргоо максатында Кыргыз Республикасынын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аӊ-сезимине карама-каршы келген иш-чаралар мыйзам менен чектелиши мүмкүн.
  • Жол берилет.
Вопрос 13

КР Куралдуу кучтору кайсы принциптерге ылайфк тузулот?

Варианты ответов
  • өзүн-өзү коргоо жана жетиштүү коргоно алуу
  • жамааттык коргонуу милдеттенмелери менен байланышкан башка мамлекеттерге каршы агрессия жасалган
Вопрос 14

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили-...

Варианты ответов
  • кыргыз тили
  • орус тили
Вопрос 15

КР мамлекеттик бюджети канча бюджеттен турат?

Варианты ответов
  • 2
  • 3
  • 1
Вопрос 16

Салыктарды белгилоо укугу кимге таандык?

Варианты ответов
  • Президентке
  • Жогорку Кенешке
  • Министрлер Кабинетине
Вопрос 17

Кыргыз Республикасынын эн баалуу байлыгы ким?

Варианты ответов
  • Жер
  • Балдар
  • алтын кени
Вопрос 18

Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулугу болуп эмне саналат?

Варианты ответов
  • адам укугу жана эркиндиги
  • жер байлыгы
Вопрос 19

Кыргыз Республикасында эркектер менен аялдардын укуктары жана эркиндиктери...

Варианты ответов
  • бирдей эмес
  • бирдей
Вопрос 20

аскердик, альтернативдик кызмат отоого тартуу кандай эмгек болуп санатат?

Варианты ответов
  • мажбурланбаган эмгек
  • мажбурланган эмгек
Вопрос 21

Кыргыз Республикасынын жарандарынын кандай саясий укуктары бар?

Варианты ответов
  • Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, ошондой эле референдумга катышууга укуктуу
  • Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттин жана коомдун иштерин башкарууга түздөн-түз, ошондой эле өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу катышууга укуктуу
  • Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматка мыйзамда белгиленген тартипте кирүүдө, кызмат боюнча көтөрүлүүдө бирдей укуктарга, бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ
  • Кыргыз Республикасынын жарандары мыйзамдарды, республикалык жана жергиликтүү маанидеги чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катышууга укуктуу
  • Мыйзамда белгиленген мөөнөттө негиздүү жооп берүүгө милдеттүү болгон мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына ар бир адам кайрылууга укуктуу
  • Жарандар республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө катышууга, ошондой эле бюджеттен иш жүзүндө чыгышталып жаткан каражаттар жөнүндө маалымат алууга укуктуу
Вопрос 22

Башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жараны саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлоого укугу барбы?

Варианты ответов
  • жок
  • бар
Вопрос 23

КР жарандарынын экономикалык жана социалдык укуктарын белгилениз?

Варианты ответов
  • Ар бир адам өзүнүн мүлкүнө, өз ишмердигинин натыйжаларына ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу
  • Ар бир адам экономикалык эркиндикке, мыйзам менен тыюу салынбаган ар кандай экономикалык ишмердүүлүгү үчүн өз жөндөмүн жана өзүнүн мүлкүн эркин колдонууга укуктуу
  • Ар бир адам эс алууга жана жарандар иш таштоого укуктуу
  • Ар бир адам ден соолугун коргоого жана медициналык камсыздандырууга укуктуу
  • Пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат
  • Ар бир адам турак жайлуу болууга укуктуу
  • Ар бир адам билим алууга укуктуу ж.б.
Вопрос 24

Саясий баш паанек алган адам башка мамлекетке откорулуп ...

Варианты ответов
  • берилет
  • берилбейт
Вопрос 25

Президент - мамлекет башчысы, жогорку кызмат адамы жана Кыргыз Ремпубликасынын эмнесин жетектейт?

Варианты ответов
  • мыйзам чыгаруу бийлигин
  • аткаруу бийлигин
  • сот бийлигин
Вопрос 26

Кыргыз Республикасында Президент болуп ким шайлана алат?

Варианты ответов
  • Президент болуп 45 жашка толгон, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.
  • Президент болуп 25 жашка толгон, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.
  • Президент болуп 35 жашка толгон, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.
Вопрос 27

Кыргыз Республикасында Президенттикке ким талапкер боло алат?

Варианты ответов
  • Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин саны чектелбейт. Жалпы мамлекеттик өнүгүү программасын сунуштаган жана 40 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтогон адам Президенттикке талапкер болуп каттала алат.
  • Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин саны чектелбейт. Жалпы мамлекеттик өнүгүү программасын сунуштаган жана 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтогон адам Президенттикке талапкер болуп каттала алат.
Вопрос 28

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Кучторунун Башкы кол башчысы ким болуп саналат?

Варианты ответов
  • Аскер кызматкерлери
  • Президент
  • Генералдар
Вопрос 29

Кыргыз Республикасында кандай учурда Президент кызматтан четтетилиши мумкун?

Варианты ответов
  • Конституцияны жана мыйзамдарды бузгандыгы үчүн
  • Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына, сот бийлигинин органдарынын ишине мыйзамсыз кийлигишкендиги үчүн
  • Жооптордун бири да туура эмес
Вопрос 30

Кыргыз Республикасынын Жогрку Кенешине ким шайлана алат жана канча моонотко шайланат, ошондой эле  Жогрку Кенеш канча депутаттан турат?

Варианты ответов
  • Шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон жана шайлануу укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат жана 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
  • Шайлоо күнүнө карата 35 жашка толгон жана шайлануу укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.Жогорку Кеңеш 120 депутаттан турат жана 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Вопрос 31

Республикалык бюджетти ким бекитет?

Варианты ответов
  • Президент
  • Жогорку Кенеш
  • Министрлер Кабинети
Вопрос 32

Мунапыс жонундо актыларды ким чыгарат?

Варианты ответов
  • Жогрку Кенеш
  • Президент
Вопрос 33

Жогорку Кенеш озун-озу таркатуу тууралуу чечим кабыл алышы мумкунбу?

Варианты ответов
  • мумкун
  • мумкун эмес
Вопрос 34

Мыйзамдар Жогорку Кенеште канча окууда кабыл алынат?

Варианты ответов
  • эки
  • уч
  • бир
Вопрос 35

Жогорку Кенеш тарабынан кабыл алынган мыйзам канча кундун ичинде Президентке кол коюу учун жиберилет?

Варианты ответов
  • 14
  • 30
  • 20
Вопрос 36

Конституциянын жана мыйзамдардын аткарылышын ким камсыз кылат?

Варианты ответов
  • Президент
  • Жогорку Кенеш
  • Министрлер Кабинети
Вопрос 37

Жергиликтуу соттун судьясына талапкердин  жаш курагы кандай болушу керек?

Варианты ответов
  • 30 жаштан кем эмес жана 65 жаштан жогору эмес
  • 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан жогору эмес
Вопрос 38

Кайсыл соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт?

Варианты ответов
  • Жергиликтуу соттун
  • Конституциялык соттун
  • Жогорку соттун
Вопрос 39

Республикалык жана жергиликтуу бюджеттин аткарылышына, бюджеттен тышкаркы каражаттарга, мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышына аудит ким жургузот?

Варианты ответов
  • эсептоо палатасы
  • Министрлер Кабинети
  • КР прокуратурасы
Вопрос 40

Адамдардын, жарандардын укуктарынын, эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду ким жургузот?

Варианты ответов
  • Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт.
  • КР прокуратурасы жүргүзөт.
Вопрос 41

Конституцияны кабыл алуу жана Конституцияга озгортуулорду, толуктоолорду киргизуу жонундо мыйзамды кабыл алууга кайсыл учурда тыюу салынат?

Варианты ответов
  • Майрам, эс алуу кундору учурунда
  • Озгочо жана согуш абалы учурунда

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт