Кыргыз профессионал адабиятынын жаралышы (1918-1928) боюнча түзүлгөн тест
Список вопросов теста
Вопрос 1
...Кыргыз жергесинде жер-суу реформасы, коллективдештирүү, көчмөндөрдү отурукташтыруу, туташ сабатсыздыкты жоюуга багытталган иш-чаралар ишке ашырылды...
Суроо: Бул кайсы жылдары болгон?
Варианты ответов
- 1916-жылдары
- Кыргыз жергесинде Совет бийлиги орногонго чейин
- Кыргыз жергесинде Совет бийлиги орногондон кийин
Вопрос 2
Кыргыз тилиндеги биринчи гезит -
Варианты ответов
- "Эркин-Тоо"
- "Советтик Кыргызстан"
- "Ленинчил жаш"
Вопрос 3
Кыргыз тилиндеги биринчи гезит ..................... араб графикасында жарык көргөн. Бул кыргыздын биринчи гезитинин биринчи санына................................ аттуу ыры жарыяланган.
Варианты ответов
- «Эркин Тоо» 1924-ж. 7-ноябрда
- "Советтик Кыргызстан" 1924-ж. 7-ноябрда
- А. Токомбаевдин «Октябрдын келген кези»
- Т.Сатылгановдун "Кандай аял тууду экен, Лениндей уулду"
Вопрос 4
«Мариям менен көл жээгинде» (1924) аттуу көлөмдүү аңгеменин жана 1930-жылдардын башында кыргыз драмалык театрында коюлган «Академиялык кечелер» аттуу спектаклдер сериясындагы орчундуу драмалык сценкалардын авторун белгиле
Варианты ответов
- А.Токомбаев
- К.Тыныстанов
- С.Карачев
Вопрос 5
Ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик басмасы, Кыргыз музыкалык-драма студиясы (азыркы Кыргыз мамлекеттик драма театры) уюштурулат. Бул канчанчы жылы эле?
Варианты ответов
- 1925-жылы
- 1918-жылы
- 1926-жылы
Вопрос 6
Улуу Октябрь социалисттик революциясынын жеңишин, аны уюштурган акылман Ленин менен 20-кылымдын акыл-эси, ар-намысы жана абийири – Коммунисттик партияны кыргыз жергесинде биринчилерден болуп алкап ырдаган элибиздин улуу демократ акыны -
Варианты ответов
- Аалы Токомбаев эле
- Токтогул Сатылганов эле
- Касым Тыныстанов эле
Вопрос 7
Маскөө, Ташкен ураанын
Жакшы деп элден угамын.
Ошолорду мен угуп,
...................................
Варианты ответов
- Кызыгап мен да турамын. (Мукай Элебаев «Зарыгам»)
- Канткенде чыдап турамын. ( Мукай Элебаев «Зарыгам»)
Вопрос 8
1901-жылы Ысык-Көлдүн Чырпыктысында туулган алгачкы агартуучу -
Варианты ответов
- К.Тыныстанов
- С.Карачев
- А.Токомбаев
Вопрос 9
"Касым ырлар жыйнагы" кимдин эмгеги?
Варианты ответов
- С.Карачев
- К.Тыныстанов
- М.Токобаев
Вопрос 10
К.Тыныстанов жазган "Жаңыл Мырза" поэмасы канча саптан турат?
Варианты ответов
- 600
- 360
- 6000
Вопрос 11
Атактуу Жаңыл Мырза кайсы уруудан?
Варианты ответов
- найман
- нойгут
- кыпчак
Вопрос 12
Касым Тыныстановдун "Жаңыл Мырзасы" -
Варианты ответов
- кыргыз профессионал адабиятындагы эң алгачкы прозалык чыгарма.
- кыргыз профессионал адабиятындагы эң алгачкы поэма.
- кыргыз профессионал адабиятындагы эң алгачкы ыр менен жазылган роман.
Вопрос 13
«Бул кыргыз көркөм сөз искусствосунун тарыхында жаңы адабияттын, жаңы традициянын башталышы».
"Жаңыл Мырза" поэмасы жөнүндө жогорудагы пикир кимге таандык?
Варианты ответов
- Кеңешбек Асаналиев
- Качкынбай Артыкбаев
- Абдыкерим Муратов
Вопрос 14
Жаңыл кыз – эрдин эри, шердин шери,
Жаңылдан далай эрдин сынган бели.
Кир жууган, киндик кескен кичинеден,
................ – кыз Жаңылдын туулган жери.
Какшаалда кайгысы жок, көчүп-конуп,
Эркиндеп мал өстүргөн ............... .
Чекиттердин ордуна тиешелүү сөздү койгула.
Варианты ответов
- Кара-Тоо,ойгут эли.
- Тайгак-Таш,калмак эли.
- Какшаал-Тоо,нойгут эли.