Меню
Тесты
Тесты  /  Литература  /  Прочее  /  Кыргыз профессионал адабияты (1960-1990)

Кыргыз профессионал адабияты (1960-1990)

Avatar
24.12.2025. Тест. Литература, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Кыргыз профессионал адабиятынын 1960-1990 - жылдары боюнча тест

Список вопросов теста

Вопрос 1

1. Ж. Мамытовдун алгачкы ыр жыйнагы кайсы?

 

Варианты ответов
  • “Шумкар”
  • “Тоо күндөрү”
  • “Жылдыздуу түндөр”
  • “Отту сүйөм”
Вопрос 2

 Издейм сени арасынан элдердин,

Бактарынан бардык кооз жерлердин.

Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,

Мен ааламга издөө үчүн келгенмин. Бул ыр саптары кимге таандык?

Варианты ответов
  • А. Осмоновго
  • М. Алыбаевге
  • Ж. Мамытовго
  • С. Жусуевге
Вопрос 3

“Убада”, “Жайкы таңда”, “Сары өзөн”, “Кылымдын барактары”, “Менин ырым мекеним”, “Сырдашуу”, “Унутулгус обондор”, “Жоогазын”, “Топ жылдыздар”, “Тууган эл” ыр жыйнактарынын автору ким?

Варианты ответов
  • Т. Үмөталиев
  • Ж. Садыков
  • Т. Адышева
  • Т. Байзаков
Вопрос 4

Ж. Садыковдун драмаларын белгиле.

 

Варианты ответов
  • “Ак боз ат”, “Атанын тагдыры”, “Кумдуу чап”
  • “Абийир кечирбейт”, “Миң кыял”, “Алтын аяк”
  • “Сейтек”, “Манастын уулу Семетей”, “Айкөл Манас”
  • “Төрт адам”, “Өкүм”, “Саадак какты”
Вопрос 5

Б. Жакиевдин “Миң кыял”, “Мен байкемден улуумун”, “Алтын аяк”, “Күттүргөн жаз да келер” чыгармаларында кайсы тема чагылдырылган?

Варианты ответов
  • ага-ини
  • достук
  • ата-бала
  • бир тууган
Вопрос 6

 Кыргыз элинин белгилүү ойчул -акыны Т. Сатылгановдун туулгандыгынын жүз жылдык юбилейине арналып жазылган Б. Жакиевдин кайсы драмасы?

Варианты ответов
  • “Күттүргөн жаз да келер”
  • “Миң кыял”
  • “Туздуу чөл”
  • “Атанын тагдыры”
Вопрос 7

С. Эралиев кайсы муундагы калемгерлердин катарына кирет?

 

Варианты ответов
  • Жаштыгын майданда өткөрүп, 50-жылдары адабиятка келген муундун өкүлү
  • Төңкөрүшкө чейин адабиятка келген муундун өкүлү
  • Отузунчу жылдары адабиятка келген муундун өкүлү
  • “Эркин –Тоо” гезити аркылуу келген муундун өкүлү
Вопрос 8

 Тоону эң көп ырдын предметине айланткан акын ким?

 

Варианты ответов
  • А. Токомбаев
  • Б. Сарногоев
  • А. Жакшылыков
  • А. Исмаилов
Вопрос 9

Т. Касымбековдун кыргыз адабиятынын айдыңындагы алгачкы тарыхый романы кайсы?

 

Варианты ответов
  • “Адам болгум келет”
  • “Сынган кылыч”
  • “Баскын”
  • “Кыргын”
Вопрос 10

1960-жылдардагы кыргыз поэзиясында жаңылык катары кабыл алынган Б. Сарногоевдин жыйнагы кандай аталат?

 

Варианты ответов
  • “Отту сүйөм”
  • “Ак калпак”
  • “От өчпөгөн коломто”
  • “Жашоо бүтпөйт”
Вопрос 11

Курманжанга "ДАТКА" деген наамды ким ыйгарган?

 

Варианты ответов
  • Амир-Музаффар
  • Орус падышачылыгы
  • Алымкул аталык
  • Кокон эли
Вопрос 12

Т. Абдумомуновдун алгачкы комедиясы кандайча аталат жана андагы башкы каармандар.

 

Варианты ответов
  • “Борбаш”, Борбаш, Камгакбай, Мамыр
  • “Жапалак Жатпасов”, Жапалак, Камгакбай, Чыңкылдак
  • “Машырбек үйлөнөт”, Машырбек, Борбаш, Камгакбай
  • ”Күйөө жолдош”, Шаршен, Мамыр, Борбаш
Вопрос 13

Т. Абдумомунов алгачкы чыгармачылыгын драманын кайсы жанрдык түрүнөн баштаган? 

 

Варианты ответов
  • трагедиядан
  • комедиядан
  • драмадан
  • трагикомедиядан
Вопрос 14

Б. Сарнагоевдин “Мидинге кат” деген чыгармасы жанрдык жактан кандай поэма?

 

Варианты ответов
  • дидактикалык
  • аллегориялык
  • философиялык
  • сатиралык
Вопрос 15

  “Кыштакча” повестинин автору ким?

 

Варианты ответов
  • А. Токомбаев
  • М. Элебаев
  • М. Гапаров
  • Т. Адышева
Вопрос 16

О. Султановдун акындык жүзүн даана көргөзгөн, андан соңку чыгармачылыгынын багытын, пафосун аян кылган негизги этаптуу чыгармасы кайсы?    

 

Варианты ответов
  • “Жылдыздуу түндөр”
  • “Отузунчу станция”
  • “Аралдар арасында”
  • “Адамдардын турмушу”
Вопрос 17

Раймалы менен Бегимай кайсы чыгармада чагылдырылган?

 

Варианты ответов
  • “Кыямат”
  • “Гүлсарат”
  • “Кылым карытар бир күн”
  • “Сулууга”
Вопрос 18

Ч. Айтматовдун алгачкы повести кайсы?

Варианты ответов
  • “Жамийла”
  • “Биринчи мугалим”
  • “Бетме-бет”
  • “Гүлсарат”
Вопрос 19

Ч. Айтматов кайсы чыгармасы үчүн Токтогул атындагы сыйлыкка ээ болгон?

 

Варианты ответов
  • Эрте келген турналар
  • “Кыямат”
  • “Ак кеме”
  • “Делбирим”
Вопрос 20

 “Дарыялардын шоокуму”, “Биздин үйдүн Карлсону” пьесаларынын автору?

 

Варианты ответов
  • С. Раев
  • М. Байжиев
  • М. Гапаров
  • Б. Жакиев
Вопрос 21

Ч. Айтматовдун алгачкы романы?

 

Варианты ответов
  • “Кылым карытар бир күн”
  • “Гүлсарат”
  • “Кыямат”
  • “Бахиана”
Вопрос 22

Жамийла повести адегенде кыргызча кайсы ат менен  чыккан?

Варианты ответов
  • “Кызыл жоолук жалжалым”
  • “Делбирим”
  • “Обон”
  • “Даниярдын сүйүүсү”
Вопрос 23

Акбара менен Ташчайнар кайсы чыгармада кездешет?

Варианты ответов
  • “Каныбекте”
  • “Көздөн учкан көк жээкте”
  • “Кыяматта”
  • “Таң алдында”
Вопрос 24

Чоң эне, кете бериңиз.
          - Мен чоң эне эмесмин.
          - Анда кимсиз?
          - Кызмын.
          - Сулуусузбу?   … Бул диалог кимд
ики, кайсы чыгармада кездешет?

Варианты ответов
  • Баялинов К. “Ажар»”
  • Токомбаев А. “Жараланган жүрөк”
  • Ч. Айтматов “Кызыл жоолук жалжалым”
  • Т. Касымбеков “Сынган кылыч”
Вопрос 25

 А. Сапаевдин аңгемелерин белгиле.

 

Варианты ответов
  • “Эки ирет гүлдөөчү алмалар”, “Кара көлдүн каздары”
  • “Гезитчи Дзюйо”, “Ак жаан”, “Асма көпүрө”
  • “Тууган”, “Кайнене”, “Сарала ит”, “Татым туз”
  • “Шейшеп”, “Сыпайчы”, “Түнкү сугат”
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт