Меню
Тесты
Тесты  /  Родной язык и литература  /  8 класс  /  Кыргыз адабияты

Кыргыз адабияты

Avatar
20.04.2020. Тест. Родной язык и литература, 8 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Токтогул Сатылгановдун ырлары боюнча тест. Кайтарым байланыш үчүн.

Список вопросов теста

Вопрос 1

"...Кылчайып келбейт өмүрүң,

Ойлогула, кыздар ай,

Ойной албай, күлө албай,

Ойногонду биле албай,

Кызык күнүң өткөрүп,

Койбогула, кыздар ай!..." - деген саптар Сатылгановдун кайсы ырынан үзүндү?

Варианты ответов
  • "Кыздар ай"
  • "Гүлдөп ал"
  • "Карылык"
  • "Балалык"
Вопрос 2

"Саркештеп тиккен жоолугуң,

Сарсанаа кылат жоругуң.

Көккештеп тиккен жоолугуң,

Көп санаа кылат жоругуң." - деген саптар Т. Сатылгановдун кайсы ырынан үзүндү?

Варианты ответов
  • "Жаштарга"
  • "Гүлдөп ал"
  • "Алымкан"
  • "Карылык"
Вопрос 3

". . .  кетет, кейибе,

Кулак сал менин кебиме.

Ажалым жетип өлбөсөм,

. . .    куштай айланып,

Келермин кайра элиме!". Көп чекиттин ордуна туура келген сөздөрдү кой.

Варианты ответов
  • күчүң, шумкар
  • алың, алгыр
  • карууң, сайраган
  • карууң, карчыга
Вопрос 4

"Күн тийбес тамда жатамын,

Күч кетип, эс ооп, алсырап.

Айласыз жатам жалдырап..." - Т. Сатылгановдун кайсы ырынан үзүндү?

 

Варианты ответов
  • "Кош, апаке!"
  • "Айланган тоонун бүркүтү"
  • "Эңсеген элим аманбы?"
  • "Буурул болуп карыдым"
Вопрос 5

"Токтогул менен Эшмамбеттин учурашуусунда" Эшмамбет эмнеден жаңылат? 

 

Варианты ответов
  • Акындын баласын, жубайын аман көргөндүгүн айтууда
  • Акындын Сибирде жүргөндүгүн айтып
  • Акындын айдалып кеткенин айтып
  • Акындын түрмөдө жүргөндүгүн айтып
Вопрос 6

Т. Сатылгановдун кайсы  ырын эл суранып ырдатышкан?

Варианты ответов
  • "Дүнүйө"
  • "Айланган тоонун бүркүтү"
  • "Токтогул менен Эшмамбеттин учурашуусу"
  • "Өмүр"
Вопрос 7

"Түнкүсүн жарык айдайсың.

Адамдын көөнүн сергиткен

Жашыл гүлдүү жайдайсың" - деген саптар Т. Сатылгановдун кайсы ырынан үзүндү?

Варианты ответов
  • "Өмүр"
  • "Карылык"
  • "Дүнүйө"
  • "Балам жок"
Вопрос 8

Акындын кайсы ырын Калык Акыев 2 вариантын тең жазып тапшырган?

Варианты ответов
  • "Айланган тоонун бүркүтү"
  • "Токтогул менен Эшмамбеттин айтышуусу"
  • "Дүнүйө"
  • "Балам жок"
Вопрос 9

"Кедейкан" дастанындагы башкы каарманын ата.

Варианты ответов
  • Керээз
  • Кедейкан
  • Гүлсаана
  • Азимхан
Вопрос 10

"Кедейкан" дастанын 1923-жылы А. Үсөнбаевден ким жазып алган?

Варианты ответов
  • К. Мифтаков
  • Калык Акы уулу
  • Т. Абдиев
  • Р. Кыдырбаева
Вопрос 11

"Ат карыбас болсочу,

Жаш карыбас болсочу.

Жаратканы чын болсо,

Жай-жайына койсочу"-  деген саптар акындын кайсы ырынан үзүндү?

Варианты ответов
  • "Өмүр"
  • "Дүнүйө"
  • "Балалык"
  • "Гүлдөп ал"
Вопрос 12

Акындын "Эңсеген элим аманбы?"  ыры акындын жашоосунун кайсы мезгилине туура келет?

 
Варианты ответов
  • Акындын чыгармачылыгынын алгачкы мезгилине
  • Айдоого чейинки мезгилге
  • Сүргүндө жүргөн учуруна
  • Элине келгенде
Вопрос 13

Акын "Кош, апаке!" ырында кимден өч алары жөнүндө ырдаган?

Варианты ответов
  • Зулум хандардан
  • орустардан
  • Рыскулбектен
  • Керимбайдан
Вопрос 14

"Кедейкан" дастанын Т. Сатылгановдон ким жазып алган?

Варианты ответов
  • К. Мифтаков
  • Калык Акыев
  • Б. Жакиев
  • Р.Шүкүрбеков
Вопрос 15

Адабиятчылардын пикири боюнча Т. Сатылгановдун ырларын канча доорго жана канча мезгилге бөлүп кароону талап кылат?

Варианты ответов
  • 2 доор, 3 мезгилге
  • 3 доорго, 4 мезгилге
  • 2 доорго, 3 мезгилге
  • 2 доорго, 4 мезгилге
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт