Меню
Тесты
Тесты  /  Биология  /  9 класс  /  Клетканын ачылыш тарыхы жана изилдениши

Клетканын ачылыш тарыхы жана изилдениши

Avatar
18.11.2024. Тест. Биология, 9 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Клетканы физика-химиялык жана биологиялык методдорду колдонуу менен изилдөө

Список вопросов теста

Вопрос 1

Өсүүгө, өнүгүүгө, азыктанууга, өрчүүгө, дем алууга жөндөмдүү болгон элементардык тирүү система эмне деп аталат?

Варианты ответов
  • Клетка
  • Ткань
  • Орган
  • Организм
Вопрос 2

Клетканын жашоо тиричилигин окутуп үйрөтүүчү илим, биологиянын бир бөлүгү эмне деп аталат?

Варианты ответов
  • Генетика
  • Селекция
  • Цитология
  • Зоология
Вопрос 3

Клеткалык теорияны негиздеген окумуштуулар?

Варианты ответов
  • Ханг Янссен жана Захарий Янссен
  • Кристиан Гюйгенс жана Галилео Галилей
  • Антони Ванн Левенгук жана Роберт Гук
  • Матиас Якоб Шлейден жана Теодор Шванн
Вопрос 4

"Ар бир клетка биринчилик клеткалардан бөлүнүү жолу менен пайда болот"- деп кайсы окумуштуу далилдеген?

Варианты ответов
  • Карл Бэр
  • Роберт Гук
  • Рудольф Вирхов
  • Теодар Шванн
Вопрос 5

"Бардык тирүү организмдердин клеткасы түзүлүшү боюнча гомологиялуу(окшош), тиричиликтин негизги көрүнүштөрү жана химиялык курамы боюнча окшош". Бул жобо заманбап клеткалык теориянын канчанчы жобосу?

Варианты ответов
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
Вопрос 6

1940-жылы иштелип чыккан, нерсени он миң, жүз миң эсе чоңойтуп бере алган. Линзанын ордуна электро-магниттик талаалар жана жарык менен кошо электрондордун агымы пайдалануучу микроскоптун бир түрү эмне деп аталат?

Варианты ответов
  • Стереомикроскоп
  • Рентгендик микроскоп
  • Оптикалык микроскоп
  • Электрондук микроскоп
Вопрос 7

Рентген структуралык анализдөө методунун жардамы менен эмнелер изилденет?

Варианты ответов
  • Клетканын курамындагы ДНК, белоктордун физикалык касиеттери, мейкиндикте жайланышын аныкташат
  • Радиоактивдүү изотоптор менен белгиленген заттарды каттоо ыкмасы
  • Эмбрионду изилдешет
  • Клеткаларды өстүрүүдө колдонулат
Вопрос 8

Америкалык эмбриолог Росс Гаррисон биринчи жолу денеден тышкары чөйрөдө эмбриондук жана кээ бир жетилген клеткалар дагы өрчүп жана өсө алышаарын көргөзгөн. Бул кайсы ыкма (метод)?

Варианты ответов
  • Центрифугалык ыкма
  • Авторадиография методу
  • Микроскоптоштуруу ыкма
  • Клеткаларды культуралоо же клондоштуруу методу
Вопрос 9

Микроскопту даярдоо жана практикада колдонуу технологияларынын жыйындысы эмне деп аталат?

Варианты ответов
  • Микроскопия
  • Цитология
  • Клетка
  • Жарык микроскоп
Вопрос 10

Клетка жана клеткалык түзүлүш качан жана ким тарабынан ачылган?

Варианты ответов
  • 1854ж. Р.Гаррисон
  • 1665ж. Роберт Гук
  • 1675ж. А. Левенгук
  • 1895ж. А. Каррел
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт