Меню
Тесты
Тесты  /  Физика  /  10 класс  /  Кинематика - 5

Кинематика - 5

Avatar
27.12.2023. Тест. Физика, 10 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Айлана боюнча бир калыптагы кыймыл. Айлана боюнча бир калыпта кыймылдаган нерсенин ылдамдануусу (борборго умтулуучу ылдамдануу темалары боюнча тесттик тапшырмалар. Кетирген катаңарды жана тапшырмаларды чыгаруу жолдорун https://www.okuma.kg/books.php?id=5 дарегинен текшерип алсаңар болот.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Ылдамдыгы  \(\upsilon\)  болгон нерсеге, ылдамдык векторуна   \(\pi/2\) бурч менен багытталган  күч аракет этсе, анда нерсенин кыймылынын траекториясынын көрүнүшүн аныктагыла.

Варианты ответов
  • күч векторунун багыты менен дал келген түз сызык
  • ылдамдык векторунун багыты менен дал келген түз сызык
  • айлана
  • ылдамдык векторуна 45о бурчту түзгөн түз сызык
  • парабола
Вопрос 2

Сааттын секундалык жебесинин (стрелкасынын)  мезгили эмнеге барабар?

Варианты ответов
  • 1 с
  • 10 с
  • 20 с
  • 40 с
  • 60 с
Вопрос 3

Формулалардын кайсынысы айлана боюнча бир калыпта айланып жаткан нерсенин ылдамдануусу боло албайт?

Варианты ответов
  • \(\vec{a}=\triangle\vec{\upsilon}\cdot t\)

  • \(a=\frac{\vec{\upsilon}^2}{r}\)

  • \(a=\frac{4\pi^2\cdot r}{T^2}\)

  • \(a=4\pi^2\cdot n^2r\)

Вопрос 4

Карусель станогунун платформасынын айлануу мезгили 4 с. Айлануу огунан 2 м аралыктагы платформанын четки чекиттеринин ылдамдыгын тапкыла.

Варианты ответов
  • 31,4 м/с
  • 3,14 м/с
  • 3,54 м/с
  • 0,314 м/с
  • 3,44 м/с
Вопрос 5

Диаметри 1м болгон дөңгөлөктү бир калыпта t = 4 с ичинде S = 2 м аралыкка тоголотуп барышты. Анын бурчтук ылдамдыгы эмнеге барабар ?

Варианты ответов
  • 4 м/с
  • 4 рад/с
  • 3 рад/с
  • 2 рад/с
  • 1 рад/с
Вопрос 6

Сааттын минуталык жебеси, секундалык жебесинен 3 эсе узун. Минуталык (\(\upsilon_м\) ) жана секундалык (\(\upsilon_с\) ) жебелердин учтарынын сызыктуу ылдамдыктарынын  катыштарынын кайсынысын туура деп эсептейсиз?

Варианты ответов
  • \(\upsilon_с=20\upsilon_м\)

  • \(\upsilon_с=30\upsilon_м\)

  • \(\upsilon_с=60\upsilon_м\)

  • \(\upsilon_с=15\upsilon_м\)

  • \(\upsilon_с=45\upsilon_м\)

Вопрос 7

Жерден Күнгө чейинки аралык 150 млн. км. Жердин айлануу мезгили        Т=1 жыл. Орбита боюнча Жердин айлануу ылдамдыгы эмнеге  барабар?

Варианты ответов
  • 7,96 км/с
  • 8,31 км/с
  • 29,87 км/с
  • 121,4 км/с
  • 1831км/с
Вопрос 8

Айлануу мезгили  Т = 88 мин  болгон тегерек орбита боюнча (h << Rж  бийиктигинде) кыймылдаган Жердин жасалма жандоочусунун  бурчтук ылдамдыгы эмнеге барабар?

Варианты ответов
  • 0,51∙10-3 рад/с

  • 1,19∙10-3 рад/с

  • 2,81∙10-3 рад/с

  • 4,62∙10-3 рад/с

  • 5,81∙10-3 рад/с

Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт