2-курс. Жыйынтыктоочу текшеруунун материалдары. 3-вариант
Список вопросов теста
Вопрос 1
Сан атоочтор маанисине карай кандай болуп бөлүнөт?
Варианты ответов
- жекелик жана көптүк, чамалама сан атоочтор
- жөнөкөй жана татаал, эсептик, иреттик сан атоочтор
- эсептик, иреттик, жамдама, бөлчөк, чамалама, топ сан атоочтор
- топ сан атооч, күчөтмө, жамдама сан атооч
Вопрос 2
Репортаж деген эмне?
Варианты ответов
- көркөм чыгармаларда колдонулган каражат
- басма сөз, радио, теле үчүн даярдалган материал
- кандайдыр бир нерсени алгандыгын күбөлөндүргөн документ
- бир нерсенин мүнөздүү өзгөчөлүгү жөнүндө берилген түшүндүрмө
Вопрос 3
Үндөшүү деп кандай тыбыштык процессти айтабыз?
Варианты ответов
- тыбыштардын өз алдынча алмашуусу
- тыбыштардын тилге, эринге карай өзгөрүүсү
- тыбыштардын өз ара окшошуусу
- тыбыштардын окшошпой калуусу
Вопрос 4
Жооп берүүнү талап кылуучу кызмат каттары
Варианты ответов
- кошумча кат, доо кат
- аныктоочу кат, эскертүү кат
- суроо кат, доо кат
- өтүнүч кат, маалымдама кат
Вопрос 5
Бул сүйлөмдөгү көп чекиттин ордуна кайсы сөздү койгондо иш кагаз стилине кирет?
Биз төмөндө … түзүп, кол коюучулар.
Варианты ответов
- токтом
- түшүнүк кат
- акт
- ишеним кат
Вопрос 6
Сырткы булактардан жасалган илимий терминдер-
Варианты ответов
- оюн-зоок, документ, маркетинг, үгүт-насаат
- лексика, асыл-тукум, жеке менчик, аукцион
- аукцион, фонема, архаизм, радиус, рыноктук экономика
- мыйзам, бюджет, кредит, автордук укук
Вопрос 7
Сөз жасоочу мүчөлөрдүн катарын белгиле
Варианты ответов
- – ны; - чы;
- – лык; -сың;
- – ңар; - чылык;
- – чы; - ма.
Вопрос 8
Түгөйлүү түшүндүрмөлүү сүйлөмдү тап
Варианты ответов
- Бизде учкуч-истребителдер да бар
- Айгүл жээним келди
- Ректор Орозбеков сүйлөдү
- Сиздер, аталар, дайыма бар болгула
Вопрос 9
Сүйлөшүү кебинин түрлөрү:
Варианты ответов
- монолог, ашыктык кат
- адабий сүйлөшүү кеби, диалог
- жөнөкөй сүйлөшүү кеби жана адабий сүйлөшүү кеби
- интеллектуалдык, турмуш-тиричиликтик диалог
Вопрос 10
Кошмок сын атоочтор берилген катарды тап.
Варианты ответов
- эр жүрөк, эл камы, кара күрөң
- ак көнүл, көк жал, жылкы мүнөз
- ак саргыл, кыпкызыл, кула кашка
- туура варианты жок
Вопрос 11
Публицистикалык терминдердин жасалуу булактары:
Варианты ответов
- тилдин ички булактарынан жана орус тили аркылуу кирген сөздөрдөн
- адамдын ар түрдүү ички сезимин билдирүүчү сөздөрдөн
- жаңыдан кирген жана эскирген сөздөрдүн эсебинен
- сүйлөмдөгү бир өңчөй мүчөлөрдөн жана жалпылагыч сөздөрдө
Вопрос 12
Жыргагандын баары эле турмуш эмес,
«Жалт» эткендин баары эле жылдыз эмес.
Билебиз деп төштөрүн каккан менен
Билбегендер өз тилин кыргыз эмес!
Фонетикалык-стилистикалык каражаттын түрлөрүн аныктагыла
Варианты ответов
- ассонанс, эпифора
- антитеза, анафора
- анафора, кайталоо
- аллитерация, эпифора
Вопрос 13
Фразеологизмдердин макалдардан айырмасы?
Варианты ответов
- фразеологизмдер, макалдар да сөз айкашы
- фразеологизмдер сөз айкашы, тарбия берүүчүлүк мааниси жок, макалдар сүйлөм, тарбия берүүчүлүк касиетке ээ
- фразеологизмдер өтмө мааниде, макалдар да өтмө мааниде колдонулат
- фразеологизмдердин да, макалдардын да составы туруктуу
Вопрос 14
Төмөндөгү катарлардын кайсынысында жалаң тубаса тактоочтор берилген?
I .чакалап, менчилеп, ылдамдай II. анан, анда, бирге
III. акырын, улам, саал IV. Бүгүн, былтыр, кечкурун
Варианты ответов
- II, III
- IV гана
- I, III
- I, IV
Вопрос 15
Толук сингармонизм сөздөрдүн катарын белгиле.
Варианты ответов
- тоодой, балалуу, жоргону
- кулак, өнөрпоз, китепкана
- четтен, тегиздик, эттүү
- калакты, элекке, өмүрдүн
Вопрос 16
Чогулуштун качан өткөрүлгөндүгү, ага кимдер катышкандыгы, чогулуштун төрагасы, катчысы көрсөтүлөт.
Протоколдо булар кайсы бөлүмүндө каралат?
Варианты ответов
- протоколдун киришүү бөлүмүндө
- протоколдун сөзгө чыкты бөлүмүндө
- протоколдун угулду бөлүмүндө
- протоколдун негизги бөлүмүндө
Вопрос 17
Орфоэпиялык эрежеге ылайык жазылган сөздөрдү белгиле?
Варианты ответов
- убада, комусчу, экөө, таңгалды
- Аларча, жообал, качты, Кум-Төр
- түңкү, жыгашчы, таабалды, өкөө
- мал алат, киргок, мелт-калт
Вопрос 18
Отчет кайсы учурда жазылат?
Варианты ответов
- пландаштырылган иштин аткарылышы жөнүндө маалымат берүүдө
- кызмат жана илимий иш чаралардын жыйынтыгы жөнүндө маалымат берүүдө
- кызмат адамына иши, окуусу, жүрүм-туруму жөнүндө маалымат берүүдө
- а, б жооптору туура
Вопрос 19
Синтаксистик жол менен жасалган сөздөр:
Варианты ответов
- взвод, курсант, наряд, командир
- кылмышкер, кылмыш, өкүм , жаза
- айыл чарба, өнөр жай, бала бакча
- семинар, сессия, сабак, класс
Вопрос 20
Эл үчүн тозок тепсеп өтүш керек
Эл үчүн түпсүз деңиз кечиш керек-кайсы стилистикалык каражат?
Варианты ответов
- аллитерация
- антитеза
- ассонанс
- анафора
Вопрос 21
Фразеологиялык ширешме катышкан сүйлөмдү белгиле.
Варианты ответов
- анын сөзү менен орок оргонун баары билет
- ал энесине союп каптагандай окшош турбайбы
- узун кулак адам көп нерсени билет
- кадыр өзүнүн керт башы үчүн иш кылганын
Вопрос 22
Илимий стилге мүнөздүү болбогон сөз айкаштары:
Варианты ответов
- жайдыр-кыштыр, деп аталат, химиялык касиети
- кредит, аукцион, рыноктук экономика
- өсүмдүктүн сабагы, уюлдук жаркыроо, суу жүрөк
- чоң сөрөй, сапсары жалбырак, айланайын
Вопрос 23
Протеза кандай кубулуш?
Варианты ответов
- сөздүн ортосуна бир үндүүнүн кошулуп айтылышы
- сөздүн аягына бир үндүүнүн кошулуп айтылышы
- үндүүлөрдүн түшүрүлүп айтылышы
- сөздүн башына бир үндүүнүн кошулуп айтылышы
Вопрос 24
Акт жеке адамдар тарабынан түзүлсө эмнелер талап кылынат?
Варианты ответов
- күбөлөрдүн болушу жана кол коюшу зарыл
- текшерүүдө юридикалык адамдардын болушу
- иштин жөн-жайын билген адамдардын катышышы
- тиешелүү текшерүүдөн кийин жазылган официалдуу документ экендиги
Вопрос 25
Султанмурат Мырзагүлдү алдыртадан карап койду.
Асты сызылган сөз көрсөткөн кыймыл-аракеттин кырдаалы:
Варианты ответов
- мезгили
- себеби
- сын-сыпаты
- орду
Вопрос 26
Каратма сөзгө туура тыныш белгиси коюлган сүйлөмдү аныкта.
Варианты ответов
- Сени тоспогондо кимди тосом кагылып кетейин уулум.
- Ээ, жарыктык Жер, айта берсе экөөбүздүкү түгөнөбү?
- Бул кандай болуп кетти, демек,Субанкулду да алып кетет турбайбы, анда кеттик.
- Бул жолугушууну сиз уюштургансыз го, болжолу
Вопрос 27
Чет өлкөлөрдө канчалаган жердештерибиз кулдукка кабылып, азаттыкка жетүүгө көздөрү төрт болуп жүрөт!
Жогорудагы сүйлөмдө канча сөз жасоочу мүчө бар?
Варианты ответов
- үч
- төрт
- беш
- алты
Вопрос 28
Төмөнкүлөрдүн ичинен текстти белгиле
Варианты ответов
- Түн, Ай жарык
- Биз мектепке келдик. Автобус аялдамага токтоду
- Эр жигит эл четинде, жоо бетинде
- 1941-жыл. 22-июнь.
Вопрос 29
Абстрактуу зат атоочтор деген эмне?
Варианты ответов
- көптүк сандын –лар мүчөсүн кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон заттар;
- көз менен көрүп, кол менен кармоого мүмкүн болгон заттар;
- жаратылыштык түшүнүктөрдү туюндуруп, жак мүчөсү аркылуу өзгөрбөгөн заттар;
- ой жүгүртүү аркылуу билинген, өз-өзүнчө дааналап саноого мүмкүн болбогон түшүнүктөр.
Вопрос 30
Пайда-ишке ашырылган кошумча нарк.
Эмне үчүн бул сүйлөмгө сызыкча колдонулду?
Варианты ответов
- ээнин да, баяндоочтун да милдетин затташкан атоочтук аткаргандыктан
- ээнин да, баяндоочтун да милдетин эсептик сан атооч аткаргандыктан
- ээнин да, баяндоочтун да милдетин кыймыл атооч аткаргандыктан
- ээнин да, баяндоочтун да милдетин атооч жөндөмөдөгү зат атооч аткаргандыктан