Меню
Тесты
Тесты  /  Физика  /  Прочее  /  Молекулалык физика жана термодинамика (2-модуль)

Молекулалык физика жана термодинамика (2-модуль)

Avatar
11.05.2020. Тест. Физика, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Студенттердин билимин текшерүүгө арналган тест-суроолор (2-модуль)

Список вопросов теста

Вопрос 1

Cуюктуктун майда тамчылары биригип, бир чоң тамчыга айланганда анын беттик энергиясы кандайча өзгөрөт?

Варианты ответов
  • азайат
  • көбөйөт
  • өзгөрбөйт
  • суюктуктун тегинен көз каранды
  • туура жообу жок
Вопрос 2

Ван-дер – Ваальстын теңдемесинин физикалык мааниси:

Варианты ответов
  • газды анын критикалык температурасынан төмөнкү температурада изотермикалык шартта кысуу аркылуу суюктукка айландырууга болорун көрсөтөт
  • газды адиабаттык кысуу жолу менен суюктукка айландырууга болот
  • газдын төмөнкү температуралардагы жана жогорку басым астындагы касиеттерин туура түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет
  • туура жообу жок
Вопрос 3

Металлдык кристаллдык торчонун түйүндөрүндө … жайгашат.

Варианты ответов
  • молекулалар
  • оң иондор
  • электрондор
  • атомдор
  • туура жообу жок
Вопрос 4

Эгерде каныккан буунун температурасын жогорулатсак анда, анын басымы өзгөрөбү?

Варианты ответов
  • басым жогорулайт
  • басым төмөндөйт
  • каныккан буунун басымы температурадан көз каранды эмес
  • буу кеңейгенде басым өзгөрөт
  • басым нөлгө барабар болуп калат
Вопрос 5

Кайноо учурунда таза суюктуктун температурасы өзгөрөбү?

Варианты ответов
  • өзгөрбөйт
  • өзгөрөт
  • кайноо ар бир суюктукта жүрөт
  • суу ар кандай температурада кайнай берет
  • кайноо температурасы басымдан көз каранды болот
Вопрос 6

Абанын салыштырма нымдуулугу эмне менен аныкталат?

Варианты ответов
  • суу буусунун парциалдык басымы менен
  • каныккан буунун басымы менен
  • берилген температурадагы суу буусунун парциалдык басымынын каныккан буунун басымына болгон катышы менен
  • берилген температурадагы суу буусунун парциалдык басымынын каныккан буунун басымына болгон көбөйтүндүсү менен
  • парциалдык басымдын жана каныккан буунун басымынын суммасы менен
Вопрос 7

Аморфтук заттардан монокристаллдар кайсы касиети менен айырмаланат?

Варианты ответов
  • тунуктугу
  • бекемдиги
  • катуулугу
  • жалпак кырларынын болушу
  • анизотроптуулугу
Вопрос 8

\(0^{\circ}С\)  температурадагы муздун сыныгы тоскоолдукка урунуп, толугу менен эрип кетиши үчүн ал кандай ылдамдык менен учушу керек?  Муздун толук механикалык энергиясы анын ички энергиясына өтөт. Муздун салыштырма эрүү жылуулугу 320 кДж/кг.

Варианты ответов
  • 200 \(\frac{м}{с}\)

  • 400 \(\frac{м}{с}\)

  • 800 \(\frac{м}{с}\)

  • 100 \(\frac{м}{с}\)

  • 1200 \(\frac{м}{с}\)

Вопрос 9

Критикалык абалда суюктук менен анын буусунун тыгыздыктары өз ара кандайча катышат?

Варианты ответов
  • \(\rho_с>\rho_б\)

  • \(\rho_с=\rho_б\)

  • \(\rho_с<\rho_б\)

  • \(\rho_с\gg\rho_б\)

  • \(\rho_с\ll\rho_б\)

Вопрос 10

Джоуль-Томсондун эффекти практикада ... үчүн колдонулат.

Варианты ответов
  • газдын температурасын төмөндөтүү
  • газдарды суюктукка айландыруу
  • реал газдын касиетин үйрөнүү
  • төмөнкү температураларды алуу
  • колдонулушка ээ эмес
Вопрос 11

Өсүмдүктөрдү, дарактарды суугаруу үчүн жерге берилген суунун өз алдынча сөңгөк боюнча жогору көтөрүлүшү кайсы физикалык кубулуштун жардамында түшүндүрүлөт? 

Варианты ответов
  • капиллярдуулук
  • нымдуулук
  • антигравитациялык
  • илешимдүүлүк
  • барометрикалык
Вопрос 12

Төмөнкү суюктуктардын ичинен кайсынысы эң чоң салыштырма жылуулук сыйымдуулукка ээ?

Варианты ответов
  • суу
  • спирт
  • ацетон
  • өсүмдүк майы
  • сымап
Вопрос 13

Жамгыр же кар жаап жаткан учурда аба-ырайынын салыштырмалуу жылуу болуп турушун кандайча түшүндүрөбүз?

Варианты ответов
  • булуттагы суу буулары конденсацияланып жатканда бөлүнүүчү жылуулуктун эсебинен
  • булуттагы майда суу тамчылары кристаллдашып жатканда бөлүнүүчү жылуулуктун эсебинен
  • булуттагы майда суу тамчылары бууланышы үчүн керектелүүчү жылуулуктун эсебинен
  • майда кар бүртүкчөлөрү ээриши үчүн керектелүүчү жылуулуктун эсебинен
  • булуттар пайда кылган “парник эффектинин” эсебинен
Вопрос 14

Дюлонг жана Птинин закону кайсы учурларда “иштебей” калат?

Варианты ответов
  • төмөнкү температураларда
  • бөлмө температурасына жакын температураларда
  • химиялык жөнөкөй эмес металлдардын жылуулук сыйымдуулугун эсептегенде
  • идеал газдардын жылуулук сыйымдуулугун эсептегенде
  • суюктуктардын жылуулук сыйымдуулугун эсептегенде
Вопрос 15

Атмосфералык басымдын жогорулашы менен муздун эрүү температурасы кандайча өзгөрөт?

Варианты ответов
  • жогорулайт
  • төмөндөйт
  • өзгөрбөйт
  • заттардын эрүү температурасы басымдан көз каранды эмес
  • туура жообу жок
Пройти тест
Сохранить у себя:
Тесты по физике Прочее
0
1227

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт