Меню
Тесты
Тесты  /  Физика  /  Прочее  /  Физика-КМИ

Физика-КМИ

Avatar
09.05.2020. Тест. Физика, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
КМИ адистигинин студенттеринин билимин текшерүүгө арналган тесттик тапшырмалар (жыйынтык текшерүү)

Список вопросов теста

Вопрос 1

 

Бассейндин узундугу 50 м, туурасы 10 м, тереңдиги 2 м. Эгерде ал сууга толтура болсо, суу бассейндин түбүн кандай күч менен басат? Суунун тыгыздыгы 1000 кг/м3. Жообун МН менен бергиле.

 

 

Варианты ответов
  • 2
  • 5
  • 10
  • 25
  • 100
Вопрос 2

Кыймылдын теңдемеси төмөнкүдөй: х = (6 + 12t - 4t2). Нерсенин ылдамдануусу эмнеге барабар?

Варианты ответов
  • 6 м/с2

  • 12 м/с2

  • -8 м/с2

  • -4 м/с2

  • -6 м/с2

Вопрос 3

Нерсенин салмагы деп эмнени айтабыз?

Варианты ответов
  • Бул Жердин тартуусунун натыйжасында нерсенин таянычка же асмага аракет эткен күчү.
  • Бул нерсенин массасы.
  • Бул нерсеге аракет этүүчү оордук күчү.
  • Бул нерседеги молекулалардын саны.
  • Бул нерсенин тыгыздыгы менен көлөмүнүн көбөйтүндүсү.
Вопрос 4

 

Баштапкы ылдамдыгы 8 м/с, массасы 2 кг болгон нерсени токтотуш үчүн ... жумуш аткарыш керек.

 

Варианты ответов
  • 64 Дж
  • 60 Дж
  • 16 Дж
  • 4 Дж
  • 2 Дж
Вопрос 5

Баллондо молекулаларынын саны Авогадро санынан 8 эсе көп болгон кычкылтек бар. Баллондо кычкылтектин канча молу бар?

Варианты ответов
  • 4
  • 8
  • 16
  • 24
  • 32
Вопрос 6

Адиабаттык процесс үчүн термодинамиканын 1-законунун теңдемесин көрсөткүлө.

Варианты ответов
  • Q = A
  • A = \(-\triangle U\)

  • Q=\(\triangle U\)

  • Q = \(\triangle U+P\triangle V\)

  • Q = m\(\lambda\)

Вопрос 7

Эгерде суусу бар идишти терең шахтага түшүрсө, суунун кайноо температурасы ....

Варианты ответов
  • өзгөрбөйт
  • төмөндөйт
  • жогорулайт
Вопрос 8

Кайсы прибор салыштырма нымдуулукту аныктоого мүмкүндүк берет?

Варианты ответов
  • барометр
  • манометр
  • термометр
  • психрометр
  • спидометр
Вопрос 9

Сүрөттөгү вольтметрлердин кайсынысы чоң чыңалууну көрсөтөт?

Варианты ответов
  • V1 вольтметри
  • V2 вольтметри
  • V2 вольтметри V1 вольтметринен 2 эсе чоң чыңалууну көрсөтөт
  • Эки вольтметр тең бирдей чыңалууну көрсөтөт.
  • V2 вольтметри V1 вольтметринен 2 эсе аз чыңалууну көрсөтөт
Вопрос 10

 Жарым өткөргүчтү жарыктандырганда чынжырдагы ток күчүнүн өсүшү ... менен түшүндүрүлөт.

Варианты ответов
  • зарядды алып жүрүүчүлөрдүн концентрациясынын өсүшү
  • рекомбинация ылдамдыгынын көбөйүшү
  • көлөмдүк заряддын пайда болушу
  • электрондордун эмиссиясы
Вопрос 11

 Ампер күчү \(F=IBl\sin\alpha\) формуласы менен аныкталат. ∝- кайсы бурчту көрсөтөт? Туура аныктамаларды тапкыла.

Варианты ответов
  • магнит талаасынан багыты менен өткөргүчтөгү токтун багытынын ортосундагы бурчту
  • магнит талаасынан багыты менен өткөргүчкө нормал вектордун ортосундагы бурчту
  • индукциянын сызыктары менен магнит талаасынын багытынын ортосундагы бурчту
  • өткөргүч менен индукциянын сызыктарына нормал вектордун ортосундагы бурчту
  • индукциянын сызыктары менен өткөргүчтөгү токтун багытынын ортосундагы бурчту
Вопрос 12

Гармоникалык электр термелүүлөрү болуп жаткан идеал термелүү контурундагы электр талаасынын энергиясынын максималдык мааниси      20 Дж га, ал эми катушканын магнит талаасынын энергиясынын максималдык мааниси да 20 Дж га барабар. Контурдун электромагниттик талаасынын энергиясы убакыттын өтүшү менен кандай өзгөрөт?

Варианты ответов
  • өзгөрбөйт жана 20 Дж га барабар
  • өзгөрбөйт жана 40 Дж барабар
  • 0 дон 40 Дж га чейин өзгөрөт
  • 0 дон 20 Дж га чейин өзгөрөт
  • өзгөрбөйт жана 0 Дж га барабар
Вопрос 13

Жердин бетинен жиберилген радиоимпульс, Айдын бетинен чагылып, канча убакыттан кийин кайра кайрылып келет?   Жер менен Айдын ортосундагы аралык    384000 км .

Варианты ответов
  • 1,28 с
  • 3 с
  • 2,56 с
  • 2 с
  • 1,5 с
Вопрос 14

Жалпак күзгүгө нур перпендикуляр багытта түшөт. Эгерде күзгүнү нурга перпендикуляр октун тегерегинде 200 ка бурсак, чагылган нур түшкөн нурдан канчалык бурчка кыйшаят?

Варианты ответов
  • 20\(\circ\)ка

  • 10\(\circ\)ка

  • 40\(\circ\)ка

  • 30\(\circ\)ка

  • 12\(\circ\)ка

Вопрос 15

Өсүмдүктөрдүн жашыл түсү эмне менен түшүндүрүлөт?

Варианты ответов
  • жашыл нурларды чагылдырат
  • жашыл нурларды өткөрөт
  • кызыл нурларын өткөрөт
  • кызгылт-көк нурларын чагылдырат
  • нурлардын бардык түрлөрүн жутат
Вопрос 16

Эгерде телого 9 1014Дж  кошумча энергия берилсе, анын массасы канчага көбөйөт?

Варианты ответов
  • 0,1 кг
  • 0,01 кг
  • 0,05 кг
  • 0,0001 кг
  • 0,9 кг
Вопрос 17

Толкун узундугу 5 нм болгон ультрафиолет нурларынын энергиясы толкун узундугу 500 мкм болгон инфракызыл нурларынын энергиясынан канча эсе чоң?

Варианты ответов
  • 100
  • 1000
  • 10000
  • 100000
  • 1000000
Вопрос 18

Индийдин атомунун Менделеевдин таблицасындагы  номери 49, массалык саны 115 болсо, анын атомунда канча электрон бар?

Варианты ответов
  • 46
  • 49
  • 115
  • 164
  • 154
Вопрос 19

Төмөнкү нурлардын ичинен кайсы нур магнит талаасында кыйшаят?

Варианты ответов
  • жарык нурлары
  • γ-нурлары
  • ∝-нуру
  • рентген нуру
  • β-нуру
Вопрос 20

Бериллийдин ядросуна ∝- бөлүкчөсү урунуп, нейтронду бөлүп чыгаруу менен анда кармалып калат. Төмөнкү реакцияны аягына чейин жазгыла:     4Ве9 +  2Не4 \(\rightarrow\) 0n1 + ?

Варианты ответов
  • 3Li7

  • 7N14

  • 6C12

  • 5B10

Пройти тест
Сохранить у себя:
Тесты по физике Прочее
0
1607

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт