Меню
Тесты
Тесты  /  История  /  9 класс  /  Этот тест для экзамен.

Этот тест для экзамен.

Avatar
27.05.2021. Тест. История, 9 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Удачи дорогие ученики! 30 вопрос 35 минут. История это

Список вопросов теста

Вопрос 1

1916-жылы Кыргызстанда көтөрүлүштүн башталышына ................ себеп болгон.

 

Варианты ответов
  • I дүйнөлүк согушта орус армиясынын фронттогу ийгиликсиз чабуулу
  • солчул партиялардын чакырыктары
  • 1916-ж. 25-июндагы падышанын указы
  • 1916-ж. баштап салыктардын көбөйүшү
Вопрос 2

1925-жылдагы “отуздун” каты-бул:

 

Варианты ответов
  • большевиктер партиясынын официалдуу багытына биринчи жолу уюшулган каршылык
  • партиялык аппараттагы топтук күрөш
  • большевиктер партиясынын официалдуу багытын жактаган кат
  • аймактык-улуттук бөлүштүрүүгө нааразычылык билдирген кат
Вопрос 3

Кыргызстанда коллективдештирүүнүн өзгөчөлүгү ..................

 

Варианты ответов
  • жер иштетүү шериктештиги ( ТОЗ) түзүлгөн
  • механизациялаштырылган чарбалар түзүлгөн
  • ири коллективдик чарбалар түзүлгөн
  • көчмөн жана жарым көчмөн чарбалар отурукташкан
Вопрос 4

XIX к. II жарымында Кыргызстанда орус-туземдик мектептерин ачуунун

        башкы максаты кандай болгон?

 

Варианты ответов
  • Жергиликтүү калктан аскердик адистерди даярдоо
  • жер кыртышын изилдөө үчүн илимий адистерди даярдоо
  • Жергиликтүү калктан дипломаттарды даярдоо
  • Жергиликтүү калктан колониялык саясат жүргүзүү үчүн адистерди даярдоо
Вопрос 5

1921-1922-жж. жер-суу реформасын жүргүзүүнүн негизги максаты кандай эле?

 

Варианты ответов
  • көчүрүлүп келгендерди жер менен камсыз кылуу
  • жерди коллективдүү менчиктерге берүү
  • элге жерди узак мөөнөткө арендага берүү
  • падышачылык тартып алган жерлерди дыйкандарга кайтарып берүү
Вопрос 6

1938-ж. атууга кеткен коомдук ишмер, тилчи, акын, прфессор. Ал 1988-ж. акталган.

        Бул ким?

 

Варианты ответов
  • К. Карасаев
  • С. Ибраимов
  • И. Айдарбеков
  • К. Тыныстанов
Вопрос 7

Советтер Союзунун Баатырларын зрдиктери менен дал келтиргиле.

А) Чолпонбай Түлөбердиев

1) Москваны коргоого катышкан, панфиловчу

Б) Исмайылбек Таранчиев

2) Дондо көкүрөгү менен дзотту тоскон

В) Дүйшөнкул Шопоков

3) Сталинград үчүн согушкан

Г) Дайыр Асанов

4) Эстониядагы Нарва шаарында душмандын техникаларын жок кылган

 

Варианты ответов
  • А-1. Б-3, В-4, Г-2
  • А-2, Б-4, В-1, Г-3
  • Б-2, А-3, Г-4, В-1
  • А-1. Б-2, В-3,Г-4
Вопрос 8

Бул ысымдарды эмне байланыштырат?

К, Усенбеков , Д. Шопоков, Д. Асанов, И, Таранчиев

 

Варианты ответов
  • Социалисттик Эмгектин баатырлары
  • Советтер Союзунун баатырлары
  • Стахановчулар
  • Белгилүү шахтерчулар
Вопрос 9

 Төмөндөгү тарыхый инсандардан бирөөнүн ишмердиги туура келбейт. Аны белгиле.

 

Варианты ответов
  • К. Шопокова
  • З. Кайназарова
  • Д. Күйүкова
  • О. Атабекова
Вопрос 10

Советтик мезгилдеги Кырызстандын жетекчилерин ирээти менен жайаштыргыла.

1) А. Масалиев                  2) А. Орозбеков                 3) Т. Усубалиев              4) И. Раззаков

 

Варианты ответов
  • 1, 2, 3, 4
  • 3, 4, 1, 2
  • 2, 4, 3, 1
  • 4, 1, 2, 3
Вопрос 11

Кыргызстанда кайра куруу мезгилинде саясий системада кандай өзгөрүүлөр болгон?

1) Айкындуулук

2) КР жаңы Конститутция кабыл алган

3) Өлкөдө Президенттик кызмат киргизилди

4) Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынган

 

Варианты ответов
  • 2, 3, 4
  • 1, 2, 4
  • 1, 3, 4
  • 1, 2, 3
Вопрос 12

 Кыргызстанда кайра куруу мезгилиндеги “айкындуулук саясаты” ............. алып келди.                     

 

Варианты ответов
  • кайра курууга каршы чыккандарды комоого
  • коомдун саясий активдүүлүгүнүн жогорулашына
  • айылдарда бала бакчалардын көбөйүшүнө
  • айылдарда жаштар клубдарынын түзүлүшүнө
Вопрос 13

Кыргызстандын тарыхында 1961-, 1985-, 1990-жж. кандай мааниге ээ болгон?

 

Варианты ответов
  • Кыргызстандын жетекчилери алмашкан
  • Кыргызстандын символдору кабыл алынган
  • Кыргызстандын Конститутциясы кабыл алынган
  • Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүш этаптары
Вопрос 14

Кыргызстанда улуттук валютаны киргизүүнүн мааниси эмнеде?

 

Варианты ответов
  • Инфляцияны токтотуу, базар мамилелерин өнүктүрүүнү тездетүү, өлкөнү кризистен чыгаруу
  • Базар мамилелерин өнүктүрүүнү тездетүү, инфляцияны өнүктүрүү
  • Өздүк валютасы менен башка өлкөлөрдөн өзгөчөлөнүү
  • Инфляцияны өнүктүрүү, кризистин тереңдеши
Вопрос 15

Окуяларды хронологиялык ирээтте жайгаштыргыла.

1) Кыргыз Республикасы БУУга мүчө болду

2) Ош шаарынын 1000 жылдык маарекесин белгилөө

3) Кыргыз ССРнин Конститутциясы кабыл алынган

4) Кыргыз АССРнин түзүлүшү

5) Эгемендүү, көз карандысыз Кыргызстандын Конститутциясы

Варианты ответов
  • 4, 3, 1, 5, 2
  • 2, 4, 3, 1, 5
  • 3, 5, 4, 1, 2
  • 2, 1, 3, 4, 5
Вопрос 16

Япондук империализмдин негизги мүнөзүн белгиле.

 

Варианты ответов
  • Колониялык империализм
  • Сүткордук империализм
  • Юнкердик-буржуазиялык империализм
  • Согуштук-феодалдык империализм
Вопрос 17

1958-1960-жж. Кытайда коммунизмди курууну тездетүүгө багытталган, өнөр жайдын тез өнүгүшүн жана коммуналарды түзүүнү камтыган Мао Цзэдундун саясаты:

 

Варианты ответов
  • “Чоң секирик”
  • “Жаңы багыт”
  • Чоң бузуп өтүү”
  • “Кытайлык укмуш”
Вопрос 18

Биринчи Дүйнөлүк согуштун башталган жана бүткөн датасы:

 

Варианты ответов
  • 1914-ж. 28-июль - 1918-ж. 11-ноябрь
  • 1910-ж. 1-сентябрь - 1914-ж. 19-декабрь
  • 1921-ж. 15-апрель - 1923-ж. 7-июль
  • 1903-ж. 7-ноябрь - 1907-ж. 13-сентябрь
Вопрос 19

1922-жылдан 1941-жылга чейин фашисттик диктатура орногон

мамлекеттерди белгиле.

 

Варианты ответов
  • Финляндия, Голландия, Венгрия, Испания, Польша
  • Болгария, Албания, Бельгия, Румыния, Венгрия
  • Греция, Дания, Германия, Румыния, Югослсавия
  • Италия, Германия, Румыния, Венгрия, Испания
Вопрос 20

Тарыхый окуяларды болгон мезгили менен дал келтиргиле.

А) СССРге фашисттик Германиянын кол салышы

1) 1941-ж. 7-декабрь

Б) Тынч океанда согуш аракеттеринин башталышы

2) 1941-ж. 22-июль

В) Крым конференциясы

3) 1939-ж. 1-сентябрь

Г) Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышы

4) 1945-ж. февраль

 

Варианты ответов
  • А-2, Б-1, В-4, Г-3
  • А-2, Б-3, В-1, Г-4
  • А-1, Б-4, В-3, Г-2
  • А-3, Б-2, В-4, Г-1
Вопрос 21

АКШ Япониянын кайсы шаарларына, качан атом бомбасын таштаган?

 

Варианты ответов
  • 1944-ж. апрелде –Токио, Фукусимага
  • 1945-ж. майда – Киото, Хиросимага
  • 1945-ж. августта – Хиросима, Нагасакиге
  • 1945-ж. мартта – Сент, Осакага
Вопрос 22

Аталган окуялардын кайсынысы “кансыз согуш” түшүнүгүнө тиешелүү?

 

Варианты ответов
  • Антикоминтердик пактыга кол коюлушу
  • АКШ менен СССРдин саясий конфронтациясы
  • 1948-1949-жж. советтик-югославиялык чыр-чатак
  • эки “күч борборунун” куралдуу ачык кагылышуусу
Вопрос 23

1991-ж. декабрда Алматада көз карандысыз мамлекеттердин жетекчилеринин жолугушуусу эмне менен аяктады?

 

 

Варианты ответов
  • СССРди кайра калыбына келтирүү жөнүндүгү Келишимди жыйынтыктады
  • СССРди конфедеративдүү мамлекет деп жарыялоо жөнүндө макулдашылды
  • СССР юридикалык жок болду
  • СССРди мурунку калыбында сактап калууга макулдашылды
Вопрос 24

Ашыкчасын белгиле.

1945-ж. СССРдин Японияга каршы согушка киришинин себеби болгон:

 

Варианты ответов
  • Крым конференциясында батыштагы союздаштарына берген СССРдин милдеттенмеси
  • 1905-ж. Портсмут тынчтыгы боюнча жоготкон жерлерин кайтарып алуу аракети ( Түштүк Сахалин ж.б аралдар)
  • Ыраакы Чыгыштагы япондук Квантун армиясынын согуштук коркунучун жоюу зарылдыгы
  • Япония басып алган Маньчжуриянын аймагын СССР өзүнө кошуп алуу аракети
Вопрос 25

Документти атагыла:

“Келишим түзүлгөн эки тарап ар кандай күч колдонууну, агрессивдүү иш аракеттерди жасоону жана ар кандай кол салууларды тыюуга милдеттенишет......

Келишим он жылдык мөөнөткө түзүлгөн ............. Эки түп нускада – немец жана орус тилдеринде Москвада түзүлдү”.

 

Варианты ответов
  • “Кол салышпоо жөнүндө пакт”
  • “Достук жана чек ара жөнүндө келишим”
  • “Коминтерге каршы пакт”
  • “Берлин протоколу”
Вопрос 26

Адамзатты ядролук апаатка алып келип такаган

Кариб кризиси ................ келип чыккан.             

Варианты ответов
  • Кубадагы революцияга байланыштуу 1959-жылы
  • Качинос булуңуна контрастар түшкөнүнө байланыштуу 1961-жылы
  • Советтик ракеталарды Кубага жайгаштырууга байланыштуу 1962-жылы
  • Кубаны америкалык блокадалоого байланыштуу 1963-жылы
Вопрос 27

СССРдин өкмөт башчыларын ирээти менен жайгаштыргыла.

1) Брежнев Л.И.

2) Горбачёв М.С.

3) Хрущев Н.С,

4) Андропов Ю.В.

5)Черненко К.У.

6) Сталин И.В.

                

Варианты ответов
  • 6,3, 1, 4, 5, 2,
  • 2, 3, 4, 5, 6, 1
  • 3, 4, 5, 6, 2, 1
  • 5, 1, 2, 3, 4, 6
Вопрос 28

А.Д. Сахаров өзүнүн эскерүүсүндө “Берлин дубалы, Кариб кризиси жана 1963-ж. азык-түлүк кыйынчылыгы – бардык ушул карама-каршылыктардын калейдоскобу

1964-ж. анын бийликтен кулашы менен аяктады” – деп жазган СССРдин жетекчиси.

 

Варианты ответов
  • М. Горбачёв
  • Н. Хрущев
  • К. Громыко
  • Л. Брежнев
Вопрос 29

Советтер Союзунда кимдерди диссидент деп атаган?

 

Варианты ответов
  • Живопистеги модернисттик агымдын өкүлдөрүн
  • Өзүн түшүнүү максатында жалгыздаган адамдарды
  • Мекенге зыян келтирип Батыш державаларынын пайдасына шпиондук кылган адамдарды.
  • Расмий идеология менен караганда, башкача ойлогондорду
Вопрос 30

“Баркыт” революциясы аркылуу тоталитардык режимди демократиялык режимге алмашкан өлкө кайсы?

 

Варианты ответов
  • Югославия
  • Албания
  • Румыния
  • Чехословакия
Пройти тест
Сохранить у себя:
Тесты по истории 9 класс
0
1620

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт