Энергетик студенттер учун тузулгон тест
Список вопросов теста
Вопрос 1
Молекулалык физика предмети…
Варианты ответов
- жылуулук кубулуштарды жана заттардын жылуулук касиеттерин окуп үйрөтөт.
- электромагниттик толкундардын касиеттерин окуп үйрөтөт.
- механиканын негизги маселесин чечет.
Вопрос 2
Моль – бул … чен бирдиги.
Варианты ответов
- молдук массанын
- тыгыздыктын
- заттын санынын
Вопрос 3
Идеалдуу газ – бул …
Варианты ответов
- ички энергияны эске албай коюуга мүмкүн болгон газ
- . молекулалардын кинетикалык энергиясын эске албай коюуга мүмкүн болгон газ
- молекулалардын өз ара аракеттенишүү энергиясын эске албай коюуга мүмкүн болгон газ
Вопрос 4
Кайсы параметрлер идеалдык газдын абалын аныктарын көрсөткүлө.
Варианты ответов
- P, T, n
- m, P, V, T
- P, T, E, m
Вопрос 5
Изотермикалык процесс деп … процесс аталат.
Варианты ответов
- системанын температурасы өзгөрбөй жүрүүчү;
- температура бир калыпта төмөндөгөн;
- сырткы чөйрө менен жылуулук алмашпай турган;
Вопрос 6
Молекулалык-кинетикалык теория боюнча температура.
Варианты ответов
- системанын (заттын) бөлүкчөлөрүнүн орточо кинетикалык энергиясынын чени
- орточо кинетикалык энергиянын азайышы
- газдын басымынын азайышынын чени
Вопрос 7
Термодинамиканын негизги чоңдуктары.
Варианты ответов
- g, V
- T, U, Q, A
- T, U,
Вопрос 8
Заттын ички энергиясы…
Варианты ответов
- затты түзгөн бөлүкчөлөрдүн кинетикалык жана потенциалдык энергияларынын суммасына барабар
- зат алган жылуулук саны
- затты 1К ге ысытуу үчүн зарыл болгон жылуулуктун саны
Вопрос 9
Жылуулук саны…
Варианты ответов
- термодинамикалык жумушка барабар
- жылуулук алмашуу процессинде зат алган же берген энергиянын чени
- жылуулук сыйымдуулук
Вопрос 10
Термодинамиканын 1-закону
Варианты ответов
- системага берилген жылуулук саны анын ички энергиясын өзгөртүүгө сарпталат
- системага берилген жылуулук саны анын ички энергиясын өзгөртүүгө жана ал аткарган жумушка сарпталат
- анын кинетикалык энергиясын өзгөртүүгө сарпталат
- анын потенциалдык энергиясын өзгөртүүгө сарпталат
Вопрос 11
Адиабаттык процесс:
Варианты ответов
- система сырттан жылуулук санын алуу менен жүрүүчү процесс
- көлөм турактуу сакталып калган параметрлери өзгөрүүчү процесс
- температура турактуу сакталып калган параметрлердин өзгөрүү процесси
- системанын абалынын сырткы чөйрө менен жылуулук алмашуусуз өзгөрүшү
Вопрос 12
Кайсы процесс учурунда идеалдуу газдын ички энергиясы өзгөрбөйт?
Варианты ответов
- изотермикалык
- Изохоралык
- изобаралык
- адиабаттык
Вопрос 13
Идеалдуу газдын ички энергиясы «U» ал адиабаттык кеңейгенде кандай өзгөрөт?
Варианты ответов
- өзгөрбөйт
- артат
- кемийт
- идеалдык газдын ички энергиясы 0
Вопрос 14
Кандай процессте термодинамикалык системага берилген жылуулук саны, анын ички энергиясын өзгөртүүгө жана сырткы күчтөргө каршы жумуш аткарууга сарпталат?
Варианты ответов
- изохоралык
- изобаралык
- изотермикалык
- адиабаттык
Вопрос 15
Термодинамикалык жумуш термодинамикалык системанын касиетин мүнөздөйбү, башкача айтканда системанын абалынан гана көз карандыбы же процесстин түрүнө көз карандыбы?
Варианты ответов
- термодинамикалык системанын абалынын функциясы
- термодинамикалык системанын абалынан көз каранды эмес, ал процесстин түрүнө, башкача айтканда системанын бир абалдан башка абалга өтүүсүнүн шартына көз каранды
- процесстин түрүнө да, системанын абалына да көз каранды
- айрым өзгөчө термодинамикалык системалардын абалынын функциясы болот
Вопрос 16
Жылуулук машиналары төмөнкү үч бөлүктөн турат:
Варианты ответов
- эки ысыткычтан жана муздаткычтан
- ысыткычтан, газдан жана трубинадан
- цилиндрден, газдан, ысыткычтан
- ысыткычтан, жумушчу заттан жана муздаткычтан
Вопрос 17
Муздаткычы жок мезгилдүү иштөөчү жылуулук машинасын курууга болобу?
Варианты ответов
- болот, бирок анын ПАКы 10% тен ашпайт
- болот, бирок анын ПАКы 25% тен ашпайт
- болот, бирок анын ПАКы 50%тен ашпайт
- болбойт
Вопрос 18
Кандай процессте идеалдуу газга берилген жылуулук саны анын сырткы күчтөргө каршы аткарган жумушуна барабар?
Варианты ответов
- изохоралык
- изобаралык
- адиабаттык
- изотермикалык
Вопрос 19
Энтропия
Варианты ответов
- өз ара аракеттешүүнүн чени
- телонун инерттүүлүгүнүн чени
- системанын бөлүкчөлөрүнүн жайгашууларынын тартипсиздигинин ченин мүнөздөөчү чоңдук
- телонун жайгашууларынын тартипсиздигинин чени
Вопрос 20
Термодинамиканын 2-законуна Планктын берген эрежеси:
Варианты ответов
- жылуулук резервуарынан алынган жылуулуктун эсебинен гана айланма процесстин аткарылышы мүмкүн эмес
- эгерде система бир абалдан экинчи абалга өткөндө аралык абалдары тең салмаксыз болсо анда процесс тең салмаксыз деп аталат
- кайрылуучу жана кайрылбас процесстер
- жаратылыштагы кайрылуучу процесстер
Вопрос 21
Cуюктуктардын молекулаларынын орточо отурукташуу убактысы
Варианты ответов
- анын илешимдүүлүгүнө түз пропорциялаш
- анын температурасына тескери пропорциялаш
- молекулалардын санына көз каранды
- анын басымына көз каранды
Вопрос 22
Реалдуу газ
Варианты ответов
- молекулалардын тартылуусун эске албаган газ
- молекулалардын өлчөмдөрүн эске албаган газ
- молекулалардын түртүлүүсүн эске алгандагы газ
- молекулаларынын өз ара тартылуусун жана түртүлүүсүн эске алгандагы газ
Вопрос 23
Ван-дер – Ваальстын теңдемесинин физикалык мааниси:
Варианты ответов
- газды суюктукка айландыруу үчүн аны критикалык температурадан төмөнкү температурада изотермикалык кысуу керек
- газды адиабаттык кысуу жолу менен суюктукка айландырууга болот
- газды изобаралык кысуу жолу менен суюктукка айландырууга болот
- туура жообу жок
Вопрос 24
Идеалдуу газдын абалынын теңдемеси:
Варианты ответов
-
\(PV=\frac{m}{\mu}RT\)
-
\(PV=\frac{\mu}{m}RT\)
-
\(P=nKT\)
-
\(P=\frac{F}{S}\)
Вопрос 25
Затты эритүү үчүн зарыл болгон жылуулук саны кайсы формула менен эсептелет?
Варианты ответов
-
\(Q=m\lambda\)
-
\(Q=mq\)
-
\(Q=mr\)
Вопрос 26
Каныккан буунун басымын кантип жогорулатса болот?
Варианты ответов
- температурасын жогорулатып
- температурасын төмөндөтүп
- көлөмүн кичирейтип
Вопрос 27
Кристаллдар түзүлүшү боюнча:
Варианты ответов
- бөлүкчөлөрү тартипсиз жайгашкан заттар
- бөлүкчөлөрү анык белгилүү тартип боюнча жайгашкан заттар
- аморфтук заттарга окшош
Вопрос 28
Кайсы прибор салыштырмалуу нымдуулукту аныктоого мүмкүндүк берет?
Варианты ответов
- барометр
- термометр
- психрометр
Вопрос 29
Аморфтук заттардан монокристаллдар кайсы касиети менен айырмаланат?
Варианты ответов
- тунуктугу
- анизотроптуулугу
- жалпак кырларынын болушу
- бекемдиги
Вопрос 30
Кайноо учурунда суюктуктун температурасы өзгөрөбү?
Варианты ответов
- өзгөрбөйт
- өзгөрөт
- суу ар кандай температурада кайнай берет
- кайноо температурасы басымдан көз каранды болот


