Меню
Тесты
Тесты  /  Физика  /  10 класс  /  Электростатика - 1

Электростатика - 1

Avatar
07.11.2023. Тест. Физика, 10 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Заряддалган нерселердин өз ара аракеттенишүүсү. Кулон закону. Электр заряддарынын сакталуу закону темалары боюнча тесттик тапшырмалар. Тестти тапшырып бүткөнүңөрдөн кийин кетирген катаңарды жана тапшырмаларды чыгаруу жолдорун https://videouroki.net/razrabotki/fizika-tiesttik-tapshyrmalardyn-chygharylyshtary-osh-2013-http-www-okuma-kg-book.html дарегинен текшерип алсаңар болот.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Оң элементардык заряд ... таандык.

 

Варианты ответов
  • электронго
  • альфа-бөлүкчөсүнө ​​
  • протонго
  • позитронго
Вопрос 2

Эбонит таякчасын жүнгө (кийизге) сүргөндө электрлешүү кубулушу байкалат. Эбонит таякчасында кандай белгидеги  жана кийизде кандай белгидеги заряд пайда болот?

Варианты ответов
  • Эбонит таякчасында оң, кийизде терс
  • Эбонит таякчасында терс, кийизде терс
  • Эбонит таякчасында терс, кийизде оң
  • Эбонит таякчасында оң, кийизде оң
  • Эбонит таякчасында терс, кийизде заряд жок
Вопрос 3

          Эгерде эки чекиттик заряддардын ортосундагы аралыкты 2 эсеге чоңойтсок, анда алардын бири- бирине аракет этүү күчү кандай өзгөрөт?

Варианты ответов
  • өзгөрбөйт
  • 2 эсе чоңойот
  • 4 эсе чоңоет
  • 2 эсе азаят
  • 4 эсе азаят
Вопрос 4

Суутек атомунун ядросунун айланасында электрон тегерек орбита боюнча айланат. Бул орбитанын радиусу 63 пм деп алып электрондун сызыктуу ылдамдыгын тапкыла. Жообун Мм/с менен бергиле.

Варианты ответов
  • 0,2
  • 1,2
  • 2
  • 2,8
  • 3,4
Вопрос 5

Иондоштурулган гелийдин атомунун ядросу менен анын электронунун ортосундагы тартылуу күчүн тапкыла. Гелийдин атомунун диаметри           \(3,2\cdot10^{-8}\ см\ \left(\frac{1}{4\pi\varepsilon_0}=9\cdot10^9\ Н\cdotм^2/Кл^2\right)\)

Варианты ответов
  • \(0,2\cdot10^{-6}\)

  • \(0,6\cdot10^{-6}\)

  • \(1,2\cdot10^{-8}\)

  • \(1,8\cdot10^{-8}\)

  • \(0,5\cdot10^{-9}\)

Вопрос 6

Бомбалоо учурунда  альфа  бөлүкчөсү натрийдин атомунун ядросуна 1,6\(\cdot10^{-11}\)см аралыкка чейин жакындады. Натрийдин ядросунун заряды 11|е| ге (е - электрондун заряды) барабар. Альфа бөлүкчөсү менен ядронун ортосундагы түртүшүү күчүн тапкыла.

Варианты ответов
  • \(2\)

  • \(2\cdot10^{-1}\)

  • \(20\cdot10^{-2}\)

  • \(2\cdot10^{-3}\)

  • \(2\cdot10^{-4}\)

Вопрос 7

          Заряддары 3 мКл жана 1 мКл болгон эки бирдей шарчаларды бири бирине  тийгизишип,  андан кийин аларды 10 см аралыкка алыстатып коюшту. Шарчалар бири бирине кандай күч менен аракет этишет? Жообун МН менен бергиле.

Варианты ответов
  • 0,8
  • 1,4
  • 2,5
  • 3
  • 3,6
Вопрос 8

Система тең салмакта болушу үчүн, чокуларында оң  4 нКл чекиттик заряддары бар квадраттын ортосуна кандай чоңдуктагы терс зарядды жайгаштырыш керек?

Варианты ответов
  • 3,8 нКл
  • 4,6 нКл
  • 3,2 нКл
  • 1 нКл
  • 0,5 нКл
Вопрос 9

Бирдей белгиде заряддалган эки металл шарчаларынын заряддарынын чоңдугу бирөөндө экинчисиникине караганда n эсе көп. Шарчаларды  бири- бирине тийиштирип, кайра мурдакы абалына (шарчалардын өлчөмүнөн чоң аралыкка) ажыратышты. Шарчалардын өз ара аракеттенишүү күчү канча эсе өзгөрдү?

Варианты ответов
  • n эсе
  • n+1 эсе
  • n/2 эсе
  • (n+1)2/4 n эсе

  • (n-1)2 /4 n эсе

Вопрос 10

Массалары 10-2 кг  жана 10-3  кг  болгон бир белгиде заряддалган эки шарча  бар. Биринчи шарчанын заряды \(3\cdot10^{-14}\ \)Кл. Эгерде алардын гравитациялык тартышуу күчү электрдик күч менен тең салмактанса, экинчи шарчанын  зарядын тапкыла  (заряддарды чекиттик деп эсептегиле).   \(G=6,7\cdot10^{-11}\ Н\cdotм^2/кг^2;\ \ \ k=9\cdot10^9\ Н\cdotм^2/Кл^2\)

Варианты ответов
  • \(2,8\cdot10^{-19}\ Кл\)

  • \(3\cdot10^{-11}\ Кл\)

  • \(2,6\cdot10^{-10}\ Кл\)

  • \(2,5\cdot10^{-12}\ Кл\)

  • \(2,2\cdot10^{-9}\ Кл\)

Вопрос 11

Массасы \(3\cdot10^{-4}\) кг  болгон кичинекей шарча салмаксыз жипке илинген жана               \(3\cdot10^{-7}\) Кл зарядка ээ. Эгерде заряддалган шарчага тик ылдый жагынан 0,3 м аралыкта ошол эле белгидеги,  заряды  \(5\cdot10^{-8}\) Кл  болгон экинчи шарчаны жакындатсак  жиптин керилүү күчү кандай болуп калат?

Варианты ответов
  • \(4,5\cdot10^{-3}\ Н\)

  • \(1,5\cdot10^{-3}\ Н\)

  • \(6\cdot10^{-3}\ Н\)

  • \(3\cdot10^{-3}\ Н\)

  • \(7,5\cdot10^{-3}\ Н\)

Вопрос 12

          Суунун нейтраль тамчысынан адегенде бир электрон бөлүнүп чыкты. Андан кийин бир заряддуу оң  ион бирикти. Эми суунун тамчысынын электрдик заряды кандай болуп калды?

Варианты ответов
  • \(3,2\cdot10^{-19}\ Кл\)

  • \(-3,2\cdot10^{-19}\ Кл\)

  • \(1,6\cdot10^{-19}\ Кл\)

  • \(-1,6\cdot10^{-19}\ Кл\)

  • \(0\ Кл\)

Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт