Меню
Тесты
Тесты  /  Физика  /  11 класс  /  Электромагниттик термелүүлөр жана толкундар - 5

Электромагниттик термелүүлөр жана толкундар - 5

Avatar
15.11.2023. Тест. Физика, 11 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Электр чынжырындагы резонанс. Трансформатор темалары боюнча тесттик тапшырмалар. Тестти тапшырып бүткөнүңөрдөн кийин кетирген катаңарды жана тапшырмаларды чыгаруу жолдорун https://videouroki.net/razrabotki/fizika-tiesttik-tapshyrmalardyn-chygharylyshtary-osh-2013-http-www-okuma-kg-book.html дарегинен текшерип алсаңар болот.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Электр чынжырында резонанс учурунда ток күчү менен чыңалуунун термелүүлөрүнүн ортосундагы фазаларынын айырмасы эмнеге барабар?

Варианты ответов
  • π рад
  • 0 рад
  • (π/2) рад
  • (π/4) рад
  • (-π/2) рад
Вопрос 2

Термелүү контуру 10 кГц жыштыгында резонанс кубулушуна дуушар болсо, анда бул контурдун өздүк жыштыгы эмнеге барабар болот?

Варианты ответов
  • 2 кГц
  • 4 кГц
  • 10 кГц
  • 15 кГц
  • 20 кГц
Вопрос 3

Термелүү контурунда резонанс кубулушу ν жыштыгында пайда болот. Эгерде бул контурдагы конденсатордун сыйымдуулугун 2 эсе чоңойтсок, анда резонанс кубулушу кайсы жыштыкта пайда болот?

Варианты ответов
  • (ν/2) Гц
  • 2ν Гц
  • \(\frac{\sqrt{2}}{\nu}\ Гц\)

  • \(\sqrt{2}\cdot\nu\ \ Гц\)

  • \(\frac{\nu}{\sqrt{2}}\ Гц\)

Вопрос 4

Термелүү контурунда резонанс   \(\frac{1}{\pi}\) кГц жыштыгында пайда болот. Эгерде бул контурдагы конденсатордун сыйымдуулугу 5 мкФ болсо, андагы катушканын индуктивдүүлүгү канчага барабар?

Варианты ответов
  • 0,01 Гн
  • 0,03 Гн
  • 0,08 Гн
  • 0,05 Гн
  • 1 Гн
Вопрос 5

Идеал термелүү контурундагы сыйымдуулугу 0,05 мкФ болгон конденсаторду     100 В максималдуу чыңалууга чейин заряддашты. Эгерде бул  контурдагы максималдык ток күчү 0,1 А болсо, анда контурдагы эркин электрондордун термелүүсүнүн резонанстык жыштыгын тапкыла.

Варианты ответов
  • \(\frac{10^4}{\pi}\ Гц\)

  • \(10^4\cdot\pi\ \ Гц\)

  • \(\pi\ \ Гц\)

  • \(\frac{\pi}{10^4}\ Гц\)

  • \(10^4\ Гц\)

Вопрос 6

Термелүү контуру 250 м ге барабар толкун узундуктарын кабыл алууга туураланган. Контур 750 м толкун узундуктарын кабыл алсын үчүн, анын сыйымдуулугун кантип өзгөртүш керек?

Варианты ответов
  • 3 эсе көбөйтүш керек
  • 9 эсе көбөйтүш керек
  • 9 эсе азайтыш керек
  • 3 эсе азайтыш керек
  • 6 эсе көбөйтүш керек
Вопрос 7

Трансформатор - бул ... курал

Варианты ответов
  • өзгөрүлмө токту өзгөртүп түзүүчү
  • заряддалган бөлүкчөнү ылдамдатуучу
  • изотопторду ажыратуучу
  • радиоактивдүү нурданууларды аныктоочу
Вопрос 8

Төмөндөтүүчү трансформатордун трансформациялоо коэффициенти    8 ге барабар болсо, анда биринчи түрмөктөгү оромдордун саны экинчи түрмөктөгү оромдордун санынан канча эсе көп?

Варианты ответов
  • 10
  • 16
  • 4
  • 8
  • 2
Вопрос 9

Төмөндөтүүчү трансформатордун биринчи түрмөгү чыңалуусу  \(U_1=220\ B\)  болгон өзгөрүлмө токтун булагына туташтырылган. Экинчи түрмөгүнүн кыскычтарындагы чыңалуу  \(U_2=40\ B\) , анын каршылыгы  \(r_2=4\ Ом\) , андагы ток күчү  \(I_2=1\ A\) . Трансформациялоонун коэффициентин тапкыла.

Варианты ответов
  • \(k=5\)

  • \(k=5,5\)

  • \(k=4\)

  • \(k=0,1\)

  • \(k=2\)

Вопрос 10

Жүктөлгөн (керектөөчү кошулган) трансформатордун экинчи түрмөгүнүн кыскычтарындагы чыңалуу      40 В. Экинчи түрмөктөгү индукциянын ЭККнүн чоңдугу  44 В ко барабар экендиги белгилүү болсо, анда бул трансформатордун пайдалуу аракет коэффициенти канчага барабар болот?

Варианты ответов
  • 80%
  • 91%
  • 70%
  • 82%
  • 69%
Вопрос 11

Биринчи түрмөктөгү ток күчү 0,5 А, анын кыскычтарындагы чыңалуу  \(U_1=220\ B\) . Экинчи түрмөктөгү ток күчү 6А, анын кыскычтарындагы чыңалуу  \(U_2=9,5\ B\) . Трансформатордун ПАКин  жана трансформациялоонун коэффициентин тапкыла.

Варианты ответов
  • 98 % ; 9
  • 93% ; 10
  • 95 %; 12
  • 90%; 13
  • 89%; 18
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт