Меню
Тесты
Тесты  /  Физика  /  11 класс  /  Электромагниттик термелүүлөр жана толкундар - 4

Электромагниттик термелүүлөр жана толкундар - 4

Avatar
14.11.2023. Тест. Физика, 11 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Өзгөрүлмө электр тогу. Өзгөрүлмө токтун генератору темалары боюнча тесттик тапшырмалар. Тестти тапшырып бүткөнүңөрдөн кийин кетирген катаңарды жана тапшырмаларды чыгаруу жолдорун https://videouroki.net/razrabotki/fizika-tiesttik-tapshyrmalardyn-chygharylyshtary-osh-2013-http-www-okuma-kg-book.html дарегинен текшерип алсаңар болот.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Ток күчүнүн аракеттүү мааниси 1А болсо, анда анын амплитудалык мааниси эмнеге барабар?

Варианты ответов
  • \(\sqrt{2}\ А\)

  • \(\frac{1}{\sqrt{2}}\ А\)

  • 0,5 А
  • 2 А
  • 4 А
Вопрос 2

Өзгөрүлмө  чыңалуунун амплитудалык мааниси   \(2\sqrt{2}\ В\)  ко барабар болсо, анда анын аракеттүү маанисин тапкыла.

Варианты ответов
  • \(\sqrt{2}\ В\)

  • 2 В
  • 1 В
  • 1,8 В
  • 1,6 В
Вопрос 3

Термелүү башталган учурунан эсептегенде убакыттын кайсы моментинде өзгөрүлмө токтун көз ирмемдеги (заматтык) мааниси анын аракеттүү маанисине барабар болот? i (0)=0

Варианты ответов
  • t=T c
  • t=(T/4) c
  • t=(3T/4) c
  • t=(T/2) c
  • t=(T/8) c
Вопрос 4

Сыйымдуулугу 16 мкФ болгон конденсатордун сыйымдуулук каршылыгы      5 кОм болгон учурдагы циклдык жыштыкты тапкыла.

Варианты ответов
  • 12,5 с-1

  • 1 с-1

  • 5 с-1

  • 10,5 с-1

  • 22 с-1

Вопрос 5

Индуктивдүүлүгү 20 мГн болгон катушканын индуктивдүүлүк каршылыгы 880 Ом го барабар болгон учурундагы циклдык жыштыгын тапкыла.

Варианты ответов
  • \(11\cdot10^3\ с^{-1}\)

  • \(22\cdot10^3\ с^{-1}\)

  • \(33\cdot10^3\ с^{-1}\)

  • \(44\cdot10^3\ с^{-1}\)

  • \(55\cdot10^3\ с^{-1}\)

Вопрос 6

Аянты 500 см2 болгон 100 оромдон турган рамка индукциясы 0,02 Тл болгон бир тектүү магнит талаасында бир калыпта айланууда. Эгерде индукцияланган ЭККнүн максималдуу мааниси 3,14 В болсо, анда айлануу мезгилин тапкыла.

Варианты ответов
  • 0,3 с
  • 0,1 с
  • 0,6 с
  • 0,4 с
  • 0,2 с
Вопрос 7

Бир тектүү магнит талаасында бир калыпта айланып жаткан рамкада индукцияланаган токтун көз ирмемдеги маанилери i=5sin314t (A)  формуласы менен туюнтулат. Бул формула боюнча төмөнкү чоңдуктарды аныктагыла:

1) токтун күчүнүн амплитудалык маанисин

2) токтун термелүү мезгили

3) убакыттын t=0,01 c моментиндеги ток күчүнүн (көз ирмемдеги) маанисин

Варианты ответов
  • 314 А; 5 с; 1 А
  • 0,5 А; 314 с.; 2,5 А
  • 5 А; 0,02 с.; 0 А
  • 0,05 А; 3,14 с; 0 А
  • 50 А; 2 с; 5 А
Вопрос 8

Рамка бир тектүү магнит талаасында бир калыпта айланып жатат. Рамка 300 ка бурулган кезде анда түзүлгөн ЭКК нүн көз ирмемдеги мааниси 120 В болсо, анда рамкада жаралуучу (индукциялануучу) өзгөрүлмө ЭККнүн амплитудалык маанисин тапкыла.

Варианты ответов
  • 120 В
  • 240 В
  • 160 В
  • 200 В
  • 190 В
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт