Меню
Тесты
Тесты  /  Физика  /  11 класс  /  Электромагниттик термелүүлөр жана толкундар - 1

Электромагниттик термелүүлөр жана толкундар - 1

Avatar
14.11.2023. Тест. Физика, 11 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Гармоникалык термелүүлөр. Термелүүнүн амплитудасы, мезгили жана жыштыгы темалары боюнча тесттик тапшырмалар. Тестти тапшырып бүткөнүңөрдөн кийин кетирген катаңарды жана тапшырмаларды чыгаруу жолдорун https://videouroki.net/razrabotki/fizika-tiesttik-tapshyrmalardyn-chygharylyshtary-osh-2013-http-www-okuma-kg-book.html дарегинен текшерип алсаңар болот.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Эки термелүү кыймылы  \(x_1=A_1\sin\left(2\pi t\ +\ \frac{\pi}{6}\right)\ \left(м\right)\ \)  жана   \(x_2=A_2\sin\left(2\pi t+\frac{\pi}{3}\right)\ \left(м\right)\ \)       теңдемелери менен берилген. Бул термелүүлөрдүн фазаларынын айырмасын тапкыла.

Варианты ответов
  • π/3 рад
  • -π/6 рад
  • π/2 рад
  • π/6 рад
  • 2π рад
Вопрос 2

Эркин термелүү жасаган механикалык система үчүн эмне мүнөздүү?

Варианты ответов
  • сырткы күчтөрдүн таасири
  • термелүүнүн басандашы, сүрүлүү күчүнүн таасири
  • механикалык системаны термелүүгө алып келген оордук күчүнүн таасири
  • термелүүнү басаңдаткан оордук күчтүн болуусу
  • амплитуданы бир калыпта кармап турган ички күчтөрдүн таасири
Вопрос 3

Жүгүрүүчү толкундун серпилгичтүү чөйрөдө таралышында энергия жана зат ташылабы?

Варианты ответов
  • энергия
  • зат
Вопрос 4

Циклдык жыштык менен термелүү мезгилинин байланышы кандай?

Варианты ответов
  • φ=2π(t/T)
  • ω=2πν
  • ω=2π/T
  • ω=√(k/m)
Вопрос 5

Материалдык чекит амплитудасы 0,05 м жана   π  с  мезгили менен гармоникалык термелүүдө. Термелүүнүн теңдемесин түзгүлө, х0 = 0 деп эсептегиле.

Варианты ответов
  • х = 0,05 sin⁡πt (м)
  • х = π sin⁡0,05πt (м)
  • х = 0,05 sin⁡2t (м)
  • х = 0,05 sin⁡2πt (м)
  • х = 0,1 sin⁡0,05πt (м)
Вопрос 6

Тело төмөнкү закон боюнча гармоникалык термелет:   

\(x=x_0\sin\left(\omega t+\varphi\right)\)   .                         t=T/4, φ=0   учурунда телонун ылдамдыгы жана ылдамдануусу эмнеге барабар? 

Варианты ответов
  • ылдамдык нөлгө барабар, ылдамдануу нөлгө барабар
  • ылдамдык максималдуу, ылдамдануу максималдуу
  • ылдамдык минималдуу, ылдамдануу нөлгө барабар
  • ылдамдык нөлгө барабар, абсолюттук чоңдугу боюнча ылдамдануу максималдуу
  • ылдамдык максималдуу, ылдамдануу нөлгө барабар
Вопрос 7

Нерсе х=10 sin 2πt   (м)  закону боюнча гармоникалык термелүүдө. Бул нерсенин   t1 = 1c  жана  t2 = 2,5 с убакыт моменттериндеги ылдамдыктарын тапкыла.

Варианты ответов
  • 20π м/c; -20π м/c
  • 10 м/c; -10 м/c
  • 2π м/c; -2π м/c
  • π м/c; -π м/c
  • 10/π м/c; -10/π м/c
Вопрос 8

Кыймыл теңдемеси х=4 cos (2πt+π/2) . Мында чоңдуктардын бирдиги СИ системасында берилген. Термелүүнүн амплитудасын, жыштыгын аныктагыла.

Варианты ответов
  • 4 см, 2 Гц
  • 0,4м, 1 Гц
  • 4 м, 1 Гц
  • 4 мм, 1 Гц
  • 2 м, 2 Гц
Вопрос 9

Массасы 0,1 кг болгон материалдык чекит   х=0,2 sin (0.3t+ π /3 )  (м)  закону боюнча термелет. Бул чекитке таасир эткен максималдуу күчтү аныктагыла. Жообун мН менен туюндургула.

Варианты ответов
  • 0,2 мН
  • 1,8 мН
  • 0,3 мН
  • π/3 мН
  • 0,06 мН
Вопрос 10

Чекиттин кыймылынын теңдемеси х= sin (π /4) t, анын ылдамдыгы убакыттын кандай моменттеринде амплитудалык мааниге ээ экендигин көрсөткүлө.

Варианты ответов
  • 0; 2; 4 с
  • 0; 4; 8 с
  • 0; 1; 3 с
  • 0; 3; 6 с
  • 0; 5 с
Вопрос 11

Нерсенин термелүү кыймылынын теңдемеси x= x m cos ωt  болсун деп эсептеп, термелүүнүн  амплитудасын жана фазасы  (2π /3 ) рад учуруна тиешелүү жылышуусун тапкыла. Нерсенин  термелүү фазасы (π /3)  рад  болгон учурдагы жылышуусу 1 м ге барабардыгы белгилүү.

Варианты ответов
  • 2 м, -1м
  • 4 м, 2 м
  • 1 м, 2 м
  • (2/√3) м, (1/√3) м
  • 0,5 м, -0,5 м
Вопрос 12

Нерсе амплитудасы 10 см, мезгили  2 с болгон гармоникалык термелүү аткарууда. Анын максималдык ылдамдыгынын жана максималдык ылдамдануусунун маанисин тапкыла.

Варианты ответов
  • 10 м/с; 20 м/с2

  • 0,1 м/с; 0,2 м/с2

  • 0,1π м/с; 0,1πм/с2

  • 5π м/с; 5πм/с2

  • 0,5 π м/с; πм/с2

Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт