Электромагнетизм (2-модуль)
Список вопросов теста
Вопрос 1
Токтун магниттик аракети ток ... өтүп жаткан учурда байкалат.
Жооптордун 4 вариантынын арасынан бир нечесин тандагыла:
Варианты ответов
- газдарда
- катуу телолордо
- суюктуктарда
- вакуумда
Вопрос 2
Жердин магнит талаасынын түштүк уюлу кайсы жерде жайгашкан?
Варианты ответов
- Япониядан анчалык алыс эмес жерде
- Мадагаскар аралына жакын жерде
- географиялык түндүк уюлдан анчалык алыс эмес жерде
- географиялык түштүк уюлдан анчалык алыс эмес жерде
Вопрос 3
Өткөргүчтө сүрөттө көрсөтүлгөндөй багытта ток пайда болсун үчүн магнитти туюк өткөргүчкө салыштырмалуу кайсы багытта жылдыруу зарыл?
Варианты ответов
- жогору көздөй
- төмөн көздөй
- көрсөтүлгөн схемада ток пайда болбойт
- оңго
Вопрос 4
Аныктоолорду түшүнүктөр менен салыштыргыла.
1.
бир тектүү эмес
2.
бир тектүү
3.
бурама эрежеси
4.
кайчылашкан сызыктардын
5.
чекиттердин
Варианты ответов
- Эгерде бир тектүү магнит талаасынын күч сызыктары бизден ары, алыстап кеткендей багытталышса, анда аларды чиймеде... жардамында сүрөттөшөт.
- Күч сызыктары ийриленген, ал эми алардын тыгыздыктары чекиттен чекитке өзгөрүп барган магнит талаасы ... болот.
- Эгерде оң бураманын кармагычын бураманын учу өткөргүчтөгү токтун багыты боюнча жылгандай айландырсак, анда бураманын кармагычынын айлануу багыты ошол ток түзгөн магнит талаасынын күч сызыктарынын багытын көрсөтөт.
- Ар бир чекитинде магнит жебесине аракет этүүчү күч модулу жана багыты боюнча бирдей болгон магнит талаасы ... талаа болот.
Вопрос 5
Тогу бар изоляцияланган өткөргүчкө магнит талаасында модулу 1,2 Н го барабар Ампер күчү аракет этет. Токтун күчүн өзгөртпөй туруп, өткөргүчтү эки бүктөй кабаттасак, анда ал өткөргүчкө аракет этүүчү күчтүн модулу ... барабар болуп калат.
Күчтүн сандык маанисин жазгыла: F=___(H)
Вопрос 6
Эгерде протон жана электрон бир тектүү магнит талаасына, анын күч сызыктарына перпендикуляр багытта, бирдей ылдамдыктар менен учуп киришсе, анда бул бөлүкчөлөргө аракет этүүчү күчтөр ... (протондун жана электрондун массаларынын катышы 1836 га барабар).
Жооптордун варианттарынын туура же жалган экендигин көрсөткүлө:
Варианты ответов
- өз ара карама-каршы багытталышат жана чоңдуктары боюнча өз ара тең болушат.
- өз ара карама-каршы багытталышат жана чоңдуктары боюнча бири-биринен 1836 эсе айырмаланышат.
- өз ара бирдей багытталышат жана чоңдуктары боюнча өз ара тең болушат.
- өз ара бирдей багытталышат жана чоңдуктары боюнча бири-биринен 1836 эсе айырмаланышат.
- пайда болбойт.
Вопрос 7
Салыштыргыла.
Ар бир сүйлөмгө туура келген жоопторду тандагыла:
1.
өзгөртпөйт
2.
өзгөртөт
3.
турактуу ылдамдык менен
4.
турактуу ылдамдануу менен
5.
Лоренц күчү
6.
Ампер күчү
Варианты ответов
- Магнит талаасы тарабынан тогу бар өткөргүчкө аракет эткен күч.
- Магнит талаасы тарабынан анда кыймылдаган заряддалган бөлүкчөгө аракет эткен күч.
- Лоренц күчү бөлүкчөнүн кинетикалык энергиясын, демек, анын ылдамдыгынын модулун ...
- Заряддалган бөлүкчө магнит талаасында... кыймылдайт.
Вопрос 8
Бир тектүү электростатикалык жана магнит талааларынын чыңалыш жана индукция векторлорунун күч сызыктары бирдей багытталышкан. Ошол эле багыт боюнча кыймылга келген электрон ...
Жооптордун туурасын тандагыла:
Варианты ответов
- өзүнүн ылдамдыгын басаңдатат
- оң тарапка четтеп бурулат
- сол тарапка четтеп бурулат
- ылдамдыгын чоңдугу жана багыты боюнча өзгөртпөй сактайт
- ылдамдыгын көбөйтөт.
Вопрос 9
Оромду (катушканы) каптап өтүүчү магнит агымы, убакыттын өтүшү менен, сүрөттө көрсөтүлгөндөй тартипте өзгөрөт. Индукциянын ЭККнүн модулу убакыттын кайсы аралыгында максималдык мааниге ээ болот?

Жооптордун бирин тандагыла:
Варианты ответов
- 5 с дан 10 с га чейин
- 0 дөн 5 с га чейин
- бардык учурда бирдей
- 10 с дан 20 с га чейин
Вопрос 10
Сүрөттө электр чынжырынын схемасы берилген. Чынжырды туюктаган кезде андагы электр лампочкалары кандай удаалаштыкта жанышат?Жооптордун бирин тандагыла:
Варианты ответов
- Лампочкалар жанбайт
- 1, 2
- 2,1
- Лампочкалар бир убакта жанышат
Вопрос 11
Эмне үчүн эркин электромагниттик термелүүлөр убакыттын өтүшү менен басаңдашат?
Жооптордун бардык 4 вариантына туура келгендерин көрсөткүлө:
1.
Ооба
2.
Жок
Варианты ответов
- Катушка каршылыкка ээ
- Сүрүлүү күчтөрү аракет этишет
- Туташтыруучу өткөргүчтөрдүн каршылыктарынын эсебинен энергия жоготууга учурайт
- Конденсатор каршылыкка ээ
Вопрос 12
Контурдагы термелүүнүн теңдемеси
Контурдагы термелүүлөрдүн өздүк жыштыгы кандай?
Сан маанисин жазгыла:
Вопрос 13
Неон лампасы электр тармагына 1 саатка кошулган. Электроддордогу чыңалуу тармактагы чыңалуунун амплитудалык маанисинин тең жарымына жеткенде лампа өчөт же жанат. Лампа жанып турган убакыт аралыгын аныктагыла.
Жооптордун варианттарынын туура же жалган экендигин көрсөткүлө:
Варианты ответов
- 20 мүн.
- 45 мүн.
- 2/3 саат
- 1 саат
- 40 мүн.
Вопрос 14
Трансформатордун иштөөсү кайсы кубулушка негизделген?
Жооптордун бирин тандагыла:
Варианты ответов
- Токтун магниттик аракетине
- Электромагниттик индукцияга
- Токтун химиялык аракетине
- Токтун жылуулук аракетине
Вопрос 15
Электромагниттик талаанын теориясы үчүн туура болгон ырастоолорду тандагыла.
Жооптордун варианттарынан бир нечесин тандагыла:
Варианты ответов
- Турактуу электр талаасы куюндуу магнит талаасын жаратат.
- Өзгөрмө электр талаасы куюндуу магнит талаасын жаратат.
- Өзгөрмө магнит талаасы турактуу электр талаасын жаратат.
- Өзгөрмө магнит талаасы куюндуу электр талаасын жаратат.


