Меню
Тесты
Тесты  /  Химия  /  Прочее  /  Экзамендик Тест

Экзамендик Тест

Avatar
14.05.2020. Тест. Химия, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Химия илими – химиялык элементтерди, бирикмелерди, алардын составын, касиеттерин, түзүлүштөрүн, заттардын өз ара бири-бирине айлануу процесстерин, химиялык реакциялардын ишке ашуу себептерин, шарттарын жана башка закон ченемдүүлүктөрүн окутуп үйрөтүүчү илим. Мына ошондуктан бул түзүлгөн тест жалпы химиядагы негизги закон ченемдүүлүктөрдү, элементтердин химиясындагы маанилүү түшүнүктөрдү жана бирикмелерди өз ичине камтыйт.

Список вопросов теста

Вопрос 1
  1. Энергетиткалык деңгээлдеги электрондук булутчалардын формасын кайсы кванттык сан көрсөтөт?
Варианты ответов
  • Башкы
  • Орбиталдык
  • Магниттик
  • Спиндик
Вопрос 2

Электрондордун өз огунда айлануу багытын кайсы кванттык сан көрсөтөт?

Варианты ответов
  • Орбиталдык
  • Магниттик
  • Спиндик
  • Башкы
Вопрос 3

Атомдо 4 кванттык саны тең бирдей болгон  эки электрон болбойт. Бул эреже  кайсы  окумуштууга  мүнөздүү?

Варианты ответов
  • Клечковский
  • Менделеев
  • Полинг
  • Паули
Вопрос 4

Химиялык жана физикалык процесстер ишке ашуу учурундагы энергетикалык айлануулардын закон ченемдүүлүктөрүн окуп үйрөтүүчү илимдин тармагы кайсы?

Варианты ответов
  • Термодинамика
  • Кинетика
  • Диссоциация
  • Электролиз
Вопрос 5

Көлөм бирдигиндеги заттын  молунун  саны эмне деп аталат?

Варианты ответов
  • Химиялык реакция
  • Концентрация
  • Катализатор
  • Ингибитор
Вопрос 6

100 г эритмеде эриген заттын грамм менен алынган саны ....... концентрация деп аталат.

Варианты ответов
  • Молярдык
  • Титр
  • Нормалдык
  • Проценттик
Вопрос 7

Эриткичтин таасири менен электролиттердин иондорго ажыроо процесси эмне деп аталат?

Варианты ответов
  • Катализ
  • Электролиттик диссоциация
  • Диссоциация даражасы
  • Диссоциация константасы
Вопрос 8

. Эритмеде жана кристаллда өз алдынча жашоого жөндөмдүү, оң жана терс заряддуу татаал иондорду пайда кылган, донордук-акцептордук байланышы бар молекулалык заттар эмне деп аталат?

Варианты ответов
  • Туздардын гидролизи
  • Гальваникалык элемент
  • Комплекстик бирикмелер
  • Суутектик көрсөткүч –рН
Вопрос 9

Катуу заттын бөлүкчөлөрү суюктук чөйрөсүндө таралып жүргөн системалар эмне деп аталат?

Варианты ответов
  • Суспензиялар
  • Эмульсиялар
  • Аэрозолдор
  • Коллоиддер
Вопрос 10

Заряддуу бөлүкчөлөрдүн электр талаасындагы  миграциясы же зарядына жараша тиешелүү электродго багытталып жылышы эмне деп аталат?

Варианты ответов
  • Электрофорез
  • Гидролиз
  • Сольволиз
  • Диффузия
Вопрос 11

Аммонийдин катионунда (NH4+) азоттун валенттүлүгү канча?

Варианты ответов
  • I
  • II
  • III
  • IV
Вопрос 12

Кайсы туз «аммонийдин дигидрофосфаты» деп аталат?

Варианты ответов
  • (NH4)2HPO4
  • Ca(H2PO4)2
  • NH4H2PO4
  • (NH4)3PO4
Вопрос 13

Азот кычкылтектен кайсы касиети менен айырмаланат?

Варианты ответов
  • түссүз газ
  • жытсыз газ
  • даамсыз газ
  • күйүүгө жардам бербейт
Вопрос 14

Күкүрт кислотасын контакттык жол менен өндүрүүдө кайсы катализатор колдонулат?

Варианты ответов
  • Cr2O3
  • V2O5
  • Ni
  • Mn2O7
Вопрос 15

Кычкылтек подгруппасындагы кайсы элемент VI валенттүү боло албайт?

Варианты ответов
  • теллур
  • күкүрт
  • селен
  • кычкылтек
Вопрос 16

Төмөнкү кошулуу реакцияларынын кайсынысы кычкылдануу-калыбына келүү реакциясына кирет?

Варианты ответов
  • Na2O+CO2→Na2CO3
  • CaO+H2O→ Ca(OH)2
  • 2NO+O2 →2NO2
  • SO2+H2O → H2SO3
Вопрос 17

Кайсы заттын эритмеси начар электролит?

Варианты ответов
  • H2SO4
  • HJ
  • NaOH
  • H2CO3
Вопрос 18

Көмүртктин төртүнчү аллатропиялык модификациясы кайсы?

Варианты ответов
  • Алмаз
  • Фулерин
  • Графит
  • Карбин
Вопрос 19

Төмөнкү заттардын кайсынысы электролит?

Варианты ответов
  • деңиз суусу
  • дистирленген суу
  • NaCI кристаллы
  • спирт
Вопрос 20

. Аш-казан зилинде кайсы кислота болот?

Варианты ответов
  • HF
  • HCl
  • HBr
  • HI
Пройти тест
Сохранить у себя:
Тесты по химии Прочее
0
958

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт