Экономикалык теория боюнча тест
Список вопросов теста
Вопрос 1
Кызмат акы же кызмат акынын ставкасы – бул:
Варианты ответов
- эмгекти сатуудагы рыноктук келишимдик баа
- эмгекти пайдалануу үчүн төлөнүүчү баа
- келишимде көрсөтүлгөн баа
- келишимдик эмес кызмат акы
Вопрос 2
Кызмат акы кандайча бөлүнөт:
Варианты ответов
- келишимдик жана келишимдик эмес кызмат акы
- номиналдык жана номиналдык эмес кызмат акы
- номиналдык жана реалдуу кызмат акы
- номиналдык эмес кызмат акы
Вопрос 3
Саны (запасы) өтө чектелген жерди жана башка жаратылыш ресурстарын пайдалануу үчүн төлөнө турган бааны эмне деп айтабыз?
Варианты ответов
- ресурстук рента
- экономикалык аренда
- экономикалык рента
- салык
Вопрос 4
Акчаларды пайдалануу үчүн төлөнүүчү баа – бул:
Варианты ответов
- процент
- дивиденд
- рента
- пайда
Вопрос 5
Бардык чыгашаларды чыгарып таштагандан кийинки жалпы кирешенин калдыгы – бул:
Варианты ответов
- жөнөкөй пайда
- экономикалык пайда
- кыйыр пайда
- дивиденд
Вопрос 6
Экономиканын негизги маселелери:
Варианты ответов
- эмнени, кантип, ким үчүн
- эмне, кандайча, кимдерге
- эмнени, кантип, кайсыны
- кандайча
Вопрос 7
Кызмат көрсөтүүлөр – бул:
Варианты ответов
- колго кармап көрүүгө мүмкүн болбогон продукция
- көз менен көрүп, кол менен кармап көрүүгө боло турган продукция
- товарларды алуу максатында бири-бири менен айырбаштоо жүргүзгөн механизм
- өндүрүштү уюштуруунун жана багыттоонун негизги ыкмасы
Вопрос 8
Монополия – бул:
Варианты ответов
- бир нече ири ишканалардын үстөмдүк кылган базары
- бир эле сатуучусу бар базар
- бир эле сатып алуучусу бар базар
- сатып алуучусу жана сатуучусу бар базар
Вопрос 9
Интеграция – бул:
Варианты ответов
- саясий кандайдыр бир бөлүктү жана элементтерди бир бүтүнгө бириктирүү
- коомдук, мамлекеттик структуралардын мамлекеттин чегинде же андан кеңирээк мамлекеттер аралык биримдикке кошулуусу
- а жана б жооптор туура
- туура жооп жок
Вопрос 10
Акча – бул:
Варианты ответов
- жалпы товардык эквивалент, алмашуунун универсалдуу каражаты
- жалпы эквивалент милдетин аткаруучу өзгөчө товар
- ссудалык капиталдар рыногунун бир бөлүгү
- а жана б жооптор туура
Вопрос 11
Пропорционалдуу салык – бул:
Варианты ответов
- кирешенин көлөмүнө карабастан бирдей ставка боюнча төлөнүүчү салыктар
- чоң кирешеден чоң ставка, төмөнкү кирешеден азыраак ставка алынуучу салык
- көп кирешеден төмөн, аз кирешеден жогорку ставкада алынуучу салык
- ишканалардын пайда салыгы
Вопрос 12
Төмөнкү учурда мамлекет тартыштыкта болот:
Варианты ответов
- салыктар кыскарганда
- салык көбөйгөндө
- мамлекеттик чыгымдар өскөндө
- мамлекеттик чыгымдар кирешелерден ашып түшкөндө
Вопрос 13
Өкмөттүн финансылык планы төмөнкүчө аталат:
Варианты ответов
- салык алуу
- бюджет
- улуттук пландаштыруу
- каржылык пландаштыруу
Вопрос 14
Акчанын сатып алуу жөндөмдүүлүгү:
Варианты ответов
- инфляция учурунда жогорулайт
- инфляция учурунда төмөндөйт
- инфляция жана дефляцияга жараша өзгөрбөйт
- туура жооп жок
Вопрос 15
Жумушсуздук деңгээли-бул окуу предмети.....
Варианты ответов
- микроэкономиканын
- макроэкономиканын
- альтернативдүү нарктын
- маржиналдык чыгымдардын
Вопрос 16
Базар экономикасында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүнү эмне уюштурат?
Варианты ответов
- эркин алмашуу
- ресурстардын чектелүүлүгү
- мамлекет
- банктар
Вопрос 17
Рынок шартында ишканалар. .... менен атааңдашышат:
Варианты ответов
- бири-бири менен
- үй чарбалары менен
- жеке менчик ээлери менен
- эч ким менен
Вопрос 18
Келечекте ишкерлер адамды ишке жалдоодо төмөнкүлөргө көңүл бөлүшөт:
Варианты ответов
- жынысына
- рассасына
- дене боюна
- билимине
Вопрос 19
Акчанын наркы:
Варианты ответов
- жогорулашы же төмөндөшү мүмкүн
- ар дайым туруктуу болот
- убакыттын өтүшү менен көбөйөт
- баанын өсүшү менен көбөйөт
Вопрос 20
Олигополия – бул:
Варианты ответов
- бир нече ири ишканалардын үстөмдүк кылган базары
- бир эле сатуучусу бар базар
- бир эле сатып алуучусу бар базар
- сатып алуучусу жана сатуучусу бар базар


