Экинчи чейрек. Экинчи модуль. 8 класстар үчүн
Список вопросов теста
Вопрос 1
коом жана анын карым-катыш жана өнүгүү мыйзамдары жөнүндөгү илим кантип аталат?
Варианты ответов
- социология
- социум
- политология
- адам жана коом
Вопрос 2
төмөндө келтирилген түшүнуктөрдүн кайсылары коомдун чөйрөсүнө кирбейт?
Варианты ответов
- саясий жана руханий
- экономикалык жана социалдык
- маданий жана моралдык
Вопрос 3
социалдык топтор, улуттар, диний жамааттардын ортосундагы, ошондой эле экономикалык, социалдык, саясий, маданий жана башка ишмердик процессинде көп түрдүү байланыштар кантип аталат?
Варианты ответов
- коомдук мамилелер
- чарбалык мамилелер
- маданий мамилелер
Вопрос 4
никеге туруу жана токтотуу тартиби менен шарттарын, жубайлардын ортосундагы жеке мамилелерди кантип аталат?
Варианты ответов
- Нике-үй-бүлөлүк
- Саясий
- укуктук
- социалдык
Вопрос 5
коомдо белгилүү бир функцияларды аткаруучу адамдардын биргелешкен иш-аракетин уюштуруунун тарыхый жактан түзүлгөн туруктуу формасы кантип аталат?
Варианты ответов
- социалдык топ
- социалдык институт
- социалдык мамиле
Вопрос 6
социалдык тепкичтин баскычтары боюнча өттү, социалдык статусту өзгөртүүсу ....
Варианты ответов
- социалдык топ
- социалдык институт
- социалдык лифт
- социалдык мамиле
Вопрос 7
социалдык түзүмдүн алкагында айрым адамдардын жана бүтүндөй топтордун орун которуусу кантип аталат?
Варианты ответов
- социалдык кыймыл
- социалдык лифт
- социалдык мобилдүүлүк
Вопрос 8
тили жана маданияты жогору деңгээлде өнүккөн социалдык-экономикалык байланыштар менен бириккен жалпылык ....
Варианты ответов
- этнос
- уруу
- урук
- эл
Вопрос 9
уруулук жана социалдык байланыштар менен бириккен адамдар биримдиги ….
Варианты ответов
- уруу
- эл
- улут
Вопрос 10
тили жана маданияты жогору деңгээлде өнүккөн социалдык-экономикалык байланыштар менен бириккен этникалык топ ....
Варианты ответов
- эл
- улут
- уруу
Вопрос 11
чыр- чатактын себептерине төмөндө келтирилгендерден кайсылары кирбейт?
Варианты ответов
- укканды билбегендик жана макулдашканды билбегендик
- баарлашуу боюнча өнөктөштөрдүн ортосундагы түшүнбөстүк жана сезимдерин кармай албагандык
- достук, сабырдуулук, түшунө билүү
Вопрос 12
негиздүү чечимдерди кабыл алууга алып келген жана чыр-чатактын катышуучуларынын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн мамиле кантип аталат?
Варианты ответов
- деструктивдүү
- конструктивдүү
- ыңгайлашкан
- касташкан
Вопрос 13
катышуучулар бийликти, кадыр-баркын, мыйзамдын күчүн, манипуляцияны жана башка ыкмаларды колдонуп, өз кызыкчылыктарын гана коргошу чыр – чатактын кайсы чечүү жолуна кирет?
Варианты ответов
- копромисс
- кызматташуу
- ыңгайлашуу
- атаандашуу
Вопрос 14
катышуучулар өз ара баш ийип берүү менен биримдикке келүүгө умтулушу бул ….
Варианты ответов
- компромисс
- ыңгайлашуу
- атаандашуу
- касташуу
Вопрос 15
башка көз карашка, жашоо мүнөзүнө, жүрум-турумга, каада-салттарга, сезимдерге, иедяларга, диний ишенимге карата сабырдуулук бул ....
Варианты ответов
- толеранттуулук
- компромисс
- макул болуу
- ыңгайлашуу
Вопрос 16
ар кандай диндердин жолдоочуларынын баалуулуктарын жана каада-салттарын урматтоо, башка динди альтернатива, тең укуктуу дин катары таануу ....
Варианты ответов
- этносттук аралык толеранттуулук
- конфессиялар аралык толеранттуулук
- социалдык аралык толеранттуулук
Вопрос 17
көп кудайга ишенүү, көп кудайдын бар экенине ишенүү жана урматтоо бул ...
Варианты ответов
- монотеизм
- фетишизм
- политеизм
- атеизм
Вопрос 18
бир Кудайды гана таануучу дин
Варианты ответов
- политеизм
- монотеизм
- анимизм
- шаманизм
Вопрос 19
арбактарга жана рухтарга ишенүү
Варианты ответов
- монотеизм
- политеизм
- анимизм
- атеизм
Вопрос 20
айрым мамлекеттерде же этникалык бирикмелерде түзүлгөн динге мисал келтиргиле
Варианты ответов
- ислам
- будизм
- християнчылык
- конфуцийчилик
Вопрос 21
радикализм, экстремизм, фундаменттализм, терроризм - булар ...
Варианты ответов
- кооптуу диний уюмдар
- мамлекет уруксат берген уюмдар
- расмий уюмдар
Вопрос 22
эркектерге жана аялдарга социалдык ролду жана өзгөчөлүктөрдү таандык кылуучу социалдык түшүнүк кантип аталат?
Варианты ответов
- гендер
- тендүүлук
- окшоштук
Вопрос 23
социалдык шарттардын жана буга чейинки тажрыйбанын таасири менен түзүлгөн, адамдардын кандайдыр бир көрүнүш жөнүндө калыптанган түшүнүүгү ....
Варианты ответов
- гендер
- стереотип
- феминизм
Вопрос 24
ЖМКдан (жалпы массалык маалыматтан) алынган маалыматтын аудиториянын жүрүм-турумуна жана каалоосуна таасир этүү феномени кантип аталат?
Варианты ответов
- медиа эффект
- медиа сабаттуулук
- санариптешүү
Вопрос 25
адамдын индивидуалдуу сапаттарына карата кичи топтогу ээлеген орду, абалы кантип аталат?
Варианты ответов
- жеке статус
- жумушчу статус
- коомчулук статус