Дүйнөлүк экономика
Список вопросов теста
Вопрос 1
Мурда белгиленген жерде, белгилүү убакта жана аныкталган эрежелер боюнча калктын алдында ачык соода кылган юридикалык жак укуктары бар уюм кантип аталат?
Варианты ответов
- соода үйү
- инвестициялык фонд
- акционердик коом
- биржа
Вопрос 2
Фонд биржасы - бул ...
Варианты ответов
- товарлар дүңүнөн сатылуучу жана сатылып алынуучу рынок
- жумушчу күчүн жалдап ала турган рынок
- баалуу кагаздар сатылуучу жана сатылып алунуучу рынок
Вопрос 3
Макроэкономикага илим катары негиз салуучу болуп ким эсептелинет?
Варианты ответов
- Ж.Кейнс
- А.Маршалл
- А.Смит
- К.Макконелл
Вопрос 4
Макроэкономиканын изилдөө предметине кирбеген вариантты белгилегиле
Варианты ответов
- экономикалык өсүү
- монополиялык атаандаштык
- акчаны жүгүртүү
- жумушсуздук
Вопрос 5
Салыштырмалуу макроэкономикалык көрсөткүчтөргө ... кирет
Варианты ответов
- экономикалык өсүүнүн арымы (темпи)
- салыктар
- акча массасы
- жумушсуздук боюнча жөлөк пул
Вопрос 6
Салыштырмалуу макроэкономикалык көрсөткүчтөргө ... кирет
Варианты ответов
- экономикалык өсүүнүн арымы (темпи)
- салыктар
- акча массасы
- жумушсуздук боюнча жөлөк пул
Вопрос 7
.... башка рыноктордун бардыгы макроэкономикалык рыноктор болуп саналат.
Варианты ответов
- валюта рыногунан
- фонд рыногунан
- капиталдар рыногунан
- алтындын дүйнөлүк рыногунан
Вопрос 8
Американын фирмасы Японияда жайгашкан . Анын кирешеси:
Варианты ответов
- АКШнын ИДПсына кирет
- АКШнын УДПсына кирбейт
- Япониянын УДПсына кирет
- АКШнын УДПсына кирет
Вопрос 9
УДПны эсептөөдө кирешенин кайсы түрү эсепке алынат?
1) мамлекеттик аппаратта иштеген чиновниктин эмгек акысы
2) алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүчү компаниянын облигациялары боюнча проценттери
3) чоң үйүн жалдоого берүүчү, өзгөчөлөнгөн үй ээсинин рентасы
Варианты ответов
- 1 жана 2
- 1 жана 3
- 2 жана 3
- 1,2,3
Вопрос 10
Экосистеманын бузулушуна мүмкүн болгон же адамдар ресурстарды зарыл болгондон ашык колдонгон кырдаал кантип аталат?
Варианты ответов
- ашыкча керектөө
- жашыл керектөө
- жашыл экономика
Вопрос 11
Жердин табигый капиталын түзүүчү жана өркүндөтүүчү, экологиялык коркунучтарды жана тобокелдиктерди азайтуучу тармак кантип аталат?
Варианты ответов
- мамлкеттин микроэкономикасы
- глобалдуу көйгөй
- жашыл экономика
Вопрос 12

товарларда көп кездешчү белги эмнени түшүндүрөт?
Варианты ответов
- жаныбарларга сыналган эмес
- Жашыл чекит
- кайра иштетилген материалдан жасалган
- айлана -чөйрө үчүн коопту
Вопрос 13

бул белги көп товарларда кездешет? Мааниси эмне жөнүндө?
Варианты ответов
- Озон катмарынын бузуучу заттары жок
- кайра иштетилчү пластик
- Кыргызстанда өндурулгөн органикалык өндурумгө ылайык келүү белгиси
Вопрос 14
Төмөндө келтирилген глобалдуу факторлордун кайсынысы ашыкча
Варианты ответов
- санариптешүү
- илим- техника
- глобалдуу идеялардын түзүлүшү
- улутташтыруу саясаты
Вопрос 15
Эгерде мамлекеттер экономикада либералдашууну күчөтсө, анда ...... алып келиши мүмкүн?
Варианты ответов
- дүйнөлүк соодада келишпестикке
- эл аралык өндүрүштүн түзулүшүнө
- билимдин жана маалыматтын жайылышына
- капиталдын дүйнө боюнча кыймылына
- дүйнөлүк глобалдуу көйгөйлөрдүн күчөшүнө
Вопрос 16
Биржалар, транс- улуттук банктар жана транс- улуттук корпорациялар аркылуу эмнелерди жүргүзүүгө болот?
Варианты ответов
- капиталды
- сооданы
- мамилелерди
Вопрос 17
Төмөндө берилген мисалдардан кайсынысы ДСУ(дүйнөлүк соода уюмунун) принциптерине туура келбейт?
Варианты ответов
- конкуренцияны колдоо
- эркин соода жана улуттук дискриминацияны болдурбоо
- протекционизди күчөтүү
Вопрос 18
өлкөнү глобалдык экономикага кошуда өкмөт эмнеге көңүл бурушу керек?
Варианты ответов
- бийликте туруктуулукту орноту
- жогорку квалификациялуу кадрларды өстүрү
- инвесторлорду ишендирүү
- дүйнөлүк көйгөйлөр боюнча долбор түзүү
Вопрос 19
Глобалдашууда мамлекет үчүн эң коркунуч жараткан жагдай кайсы болушу мүмкүн?
Варианты ответов
- салтуу коомдун бузулушу
- экономикалык кооптулук күчөйт
- элдер жумушсуз калат
- дотация издөөгө мажбур болот
Вопрос 20
Кыргызстандагы жарандардын укуктары жана милдеттери улутуна, динине, социалдык абалына жана аймагына кайрабайт деген мыйзамдык укук эмне менен бекемделген?
Варианты ответов
- КР Конституциясы менен
- Кыргыз жараны Жарлыгы менен
- КР жарандардын укуктарынын Кодекси менен
Вопрос 21
Төмөнкүлөрдүн ичинен кайсынысы инфляция учурунда эң көп зыян тартат?
Варианты ответов
- кыймылсыз мулк ээлери
- туруктуу кирешеси бар адамдар
- карыз алгандар
- өз продукциясынын баасын эркин көтөрө алган ишкер
Вопрос 22
Ликвиддүүлүк түшүнүгү эмнени түшүндүрөт?
Варианты ответов
- Активдердин кирешелүүлүк деңгээли
- активдердин баасын жоготпостон тез арада накталай акчага айлануу
- ишкананын жалпы капиталынын көлөмү
- мамлекеттин алтын резервинин көлөмү
Вопрос 23
Эгерде өлкөнүн ИДПсы номиналдык түрдө 10% га өсүп, ал эми ошол эле жылы инфляция 12%ды түзсө, анда реалду ИДП кандай өзгөрөт?
Варианты ответов
- 2%га өсөт
- 22%га өсөт
- божол менен 2%га азаят
- өзгөрүүсүз калган
Вопрос 24
Төлөм балансында "терс сальдонун" өсүшү жана өлкөнүн чет өлкөлүк валютага болгон суроо-талабынын кескин жогорулашы улуттук валютанын курсуна кандай таасир этет?
Варианты ответов
- Улуттук валютанын курсунун туруктуулугуна жана сатып алуу жөндөмүнүн жогорулашына алып келет
- Улуттук валютанын курсунун төмөндөшүнө жана ички рынокто девальвациялык процесстердин башталышына шарт түзөт
- Улуттук валютанын курсунун төмөндөшүнө алып келип, экспорттун көлөмүнүн азайышына түздөн-түз себеп болот
- Улуттук валютанын курсунун көтөрүлүшүнө шарт түзүп, импорттук товарлардын баасын арзандатат.
Вопрос 25
Валюталык интервенция менен валютаны жөнгө салуунун ортосундагы негизги функционалдык айырмачылык эмнеде?
Варианты ответов
- Интервенция — бул валютанын курсун рыноктук механизм аркылуу өзгөртүү, ал эми жөнгө салуу — мамлекет тарабынан белгиленген административдик тартип жана эрежелер.
- Интервенция — бул мамлекеттин валюта рыногуна административдик кийлигишүүсү, ал эми жөнгө салуу — алтын жана валюта корун толуктоо процесси.
- Интервенция — валютанын баасын жогорулатуу үчүн гана колдонулат, ал эми жөнгө салуу валютанын курсун төмөндөтүү үчүн багытталган.
- Интервенция — бул валютанын курсун рыноктук механизм аркылуу өзгөртүү, ал эми жөнгө салуу — валютанын курсун дүйнөлүк алтын стандартына байлоо
Вопрос 26
Валюталык котировка түшүнүгүнүн заманбап дүйнөлүк экономикадагы ролун белгилеңиз:
Варианты ответов
- Бул мамлекеттин ички рыногундагы товарлардын баасын чет элдик валютага карата гана эсептөө тартиби
- Бул практикалык кырдаалга жана мыйзамдарга ылайык, чет элдик валютанын улуттук валютага карата курсун же баасын расмий белгилөө
- Бул чет элдик валютанын курсун эл аралык биржаларда гана эркин соодалоо аркылуу аныктоочу механизм
- Бул тажрыйбада колдонулган мыйзамдык ченемдерге ылайык, чет элдик валютаны алтындын баасына карата теңдөө процесси.
Вопрос 27
Кайсы учурда мамлекетте "Валюта монополиясы" толук кандуу ишке ашат деп айтууга болот?
Варианты ответов
- Мамлекет чет элдик валютаны сатуу жана сатып алуу боюнча биржаларга толук көзөмөл орноткондо
- Мамлекет алтынды жана чет элдик валютаны пайдалануу, аларды бөлүштүрүү боюнча өзгөчө укукка ээ болуп, тышкы сооданы чектегенде.
- Мамлекет валюта рыногуна интервенция жасап, улуттук валютанын курсун туруктуу кармап турганда
- Мамлекет чет элдик валютаны пайдалануу боюнча өзгөчө укукка ээ болуп, инфляцияны ооздуктоо үчүн кагаз акчаларды жүгүртүүдөн чыгарганда
Вопрос 28
Валюталык конверсиялоо процессинин "эркин алмашымдуулук" шартындагы башкы мүнөздөмөсү кайсы?
Варианты ответов
- Бардык категориядагы юридикалык жана жеке жактардын валюталарды эч кандай чектөөсүз, рыноктук баада алмаштыруу мүмкүнчүлүгү.
- Мамлекет тарабынан белгиленген паритет боюнча валюталарды алтынга же башка туруктуу валюталарга алмаштыруу мүмкүнчүлүгү
- Валюталарды эл аралык төлөм каражаттарына алмаштырууда мамлекеттик биржалардын гана ортомчулугу менен жүргүзүлүүчү операциялар.
- Бардык категориядагы жактардын улуттук валютаны чет элдик валютага мамлекет тарабынан бекитилген туруктуу курс менен гана алмаштыруусу.
Вопрос 29
Эмне үчүн дүйнөлүк соода мамлекеттердин бири-биринен "көз карандылыгын" жогорулатат?
Варианты ответов
- Себеби өлкөлөр ортосундагы чек аралар толук ачылып, бажы алымдары жоюлган.
- Себеби ар бир мамлекет өзүнүн ресурстук же технологиялык тартыштыгын башка өлкөлөр менен алмашуу аркылуу толтурат
- Себеби бай мамлекеттер кедей мамлекеттердин ички экономикасына түздөн-түз кийлигишүү укугуна ээ болушат.
- Себеби эл аралык соода мамлекеттик бюджеттин кирешесин гана жогорулатууну максат кылат.
Вопрос 30
Д. Рикардонун "Салыштырмалуу артыкчылык" мыйзамынын негизги маңызы эмнеде?
Варианты ответов
- Мамлекет өзүндө жок ресурстарды гана өндүрүүгө аракет кылышы керек.
- Мамлекет бардык товарларды өзү өндүрүп, сырттан эч нерсе сатып албашы керек
- Мамлекет өзүндө эң төмөнкү альтернативдик чыгым менен өндүрүлө турган товарларды чыгарууга адистешиши керек
- Мамлекет эң кымбат жана дүйнөлүк рынокто баасы жогору товарларды гана чыгарууга тийиш.
Вопрос 31
Эл аралык сооданын "ресурстардын ар түрдүүлүгү" принциби кандай натыйжа берет
Варианты ответов
- Дүйнө жүзүндө бардык ресурстар бирдей бөлүштүрүлө баштайт.
- Өлкөлөр өздөрүндө мол болгон ресурстарды экспорттоп, тартыш ресурстарды импорттоо мүмкүнчүлүгүн алыша
- Жергиликтүү өндүрүш толугу менен токтоп, өлкө импортко гана таянып калат
- Ресурсу аз мамлекеттер дүйнөлүк экономикадан толук четтетилет
Вопрос 32
Эгерде өлкө бардык керектүү буюмдарын өзү гана чыгарууга аракет кылса, бул экономикага кандай таасир этиши мүмкүн?
Варианты ответов
- Экономикалык натыйжалуулук жогорулап, ресурс үнөмдөлөт.
- Товарлардын түрү көбөйүп, баалар арзандайт.
- Өндүрүш чыгымдары өсүп, эл аралык атаандаштыктан артта калат
- Мамлекет дүйнөлүк рыноктогу эң бай өлкөгө айланат.


