Меню
Тесты
Тесты  /  Биология  /  8 класс  /  "Булчундар жана алардын кызматы"

"Булчундар жана алардын кызматы"

Avatar
25.04.2020. Тест. Биология, 8 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Тема:" Булчундар жана алардын кызматы, калыптануусу, дене тарбиялык көнүгүүлөр"

Список вопросов теста

Вопрос 1

кишинин таргыл ала булчуңу, скелетинин таргыл ала булчунунан кандай айырмаланат? 

Варианты ответов
  • булчуң талчалары бири-бири менен байланышпайт
  • булчуң талчалары бири-бири менен кээ бир жеринен бекем ширелген
  • булчуң талчалары абдан кыска
  • булчуң талчаларында ядролор аз
Вопрос 2

жүрөктүн таргыл булчуңунун өзгөчөлүгүнүн мааниси кандай? 

Варианты ответов
  • Булчундардын азыктануусунда маанилүү
  • тез жыйрылат
  • дем алууга пайдалуу
  • клеткалардын көбөйүүсүндө маанилүү
Вопрос 3

кишинин кайсы булчуң тканы абдан жай жыйрылат? 

Варианты ответов
  • скелеттин таргыл ала булчуңу
  • жүрөктүн таргыл ала булчуңу
  • жылма булчуң
  • тутумдаштыргыч булчуң
Вопрос 4

кишинин жылма булчуңу кандай кызмат аткарат? 

Варианты ответов
  • скелетти кыймылга келтирет
  • жүрөктү кыймылга келтирет
  • ички органдардын ички бетин ичтейт
  • сырткы органдардын сырткы бетин тыштайт
Вопрос 5

Скелеттин таргыл булчуңу сөөккө кантип бекиген? 

Варианты ответов
  • кемирчек аркылуу
  • тарамыштар аркылуу
  • тутумдаштыргыч чел аркылуу
  • сөөк чели аркылуу
Вопрос 6

кишинин булчуңдарынын жыйрылышы кандай жол менен ишке ашат? 

Варианты ответов
  • нерв системасы аркылуу, рефлекс жолу менен
  • гумордук система аркылуу
  • клетка аралык суюктук аркылуу
  • аң сезим аркылуу жөндөлөт
Вопрос 7

Бүктүргүч жана жазылткыч булчундар... 

Варианты ответов
  • бир мезгилде жыйрылат
  • айкалышып карама-каршы аракеттенишет
  • бири- бири менен эч кандай байланышсыз аракеттенишет
  • бир мезгилде шалдайышат
Вопрос 8

ар кайсы багытта  таасир этүүчү булчуңдар жана алардын топтору? 

Варианты ответов
  • бүктүргүчтөр
  • жазылткычтар
  • жылма булчундар
  • карама-каршы таасир этүүчү булчуңдар
Вопрос 9

адамдын ички органдарын кайсы типтеги булчуңдар ичтейт? 

Варианты ответов
  • таргыл
  • жүрөктүн таргыл булчуңу
  • жылмакай
  • кыска жарым таргыл булчуңу
Вопрос 10

Скететтин таргыл  булчуңунун мүнөздүү белгилери... 

Варианты ответов
  • туурасынан сызыктуу, узундугу 1мм-10см чейин, көп ядролуу
  • булчуң боочолору кыска, 0,5см ядросу бирөө
  • булчуң боочолору учтары бири-бирине ширелген, тордуу, ядросу аз
  • туурасынан сызыктуу, абдан кыска ядросу жок
Вопрос 11

адамдын тулкусундагы булчуңдардын түрлөрү кайсыл?

Варианты ответов
  • мимикалык жана чайноочу
  • бут курчоосунун булчуңдары
  • арканын, курсактын, жамбаштын булчуңдары
  • кол курчоосунун булчуңдары
Вопрос 12

адамдын булчуңунун формасы кандай? 

Варианты ответов
  • ийик сымал, тасма, тегерек
  • жалпак, тоголок
  • узун жана канат сымал
  • жарым канат сымал
Вопрос 13

адамдын кайсы органында өзгөчө формадагы таргыл булчуңдар бар? 

Варианты ответов
  • бөйрөктө
  • жүрөктө
  • боордо
  • өпкөдө
Вопрос 14

булчуң тканынын касиеттери:

Варианты ответов
  • козголуу, өткөрүү
  • козголуу, жыйрылуу
  • жыйрылуу гана
  • өткөргүчтүк
Вопрос 15

Миофибрилла бул... 

Варианты ответов
  • булчуң талчаларынын ичиндеги ичке кыскаруучу булчуңдар
  • булчуң талчалары
  • булчуң тканынын ар түрдүүлүгү
  • жылма булчуң
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт