Бир тутумдуу сүйлөмдөр
Список вопросов теста
Вопрос 1
Бир тутумдуу сүйлөмдүн баяндоочу аркылуу уюшулган сүйлөмдөр канча түргө бар?
Варианты ответов
- 5
- 6
- 4
- 3
Вопрос 2
Эгер сүйлөмдө баш мүчөлөр толук катышса .... сүйлөм деп аталат.
Варианты ответов
- бир тутумдуу
- 2 тутумдуу
- жайылма
Вопрос 3
Иштин баарын жасап бүтүүгө мажбур болобуз – бир тутумдуу сүйлөмдүн түрү.
Варианты ответов
- белгисиз жактуу
- белгилүү жактуу
- жалпы жактуу
Вопрос 4
Аргый – аргый жүгүрөр, аргымакча бүгүлөр - бир тутумдуу сүйлөмдүн түрүн белгиле.
Варианты ответов
- белгилүү жактуу
- белгисиз жактуу
- жалпы жактуу
Вопрос 5
Айтканынан, өз оюнан кайтпас – бир тутумдуу сүйлөмдүн түрлөрүн белгиле
Варианты ответов
- белгилүү жактуу
- белгисиз жактуу
- жалпы жактуу
- жаксыз
Вопрос 6
Атама сүйлөмдү белгиле.
Варианты ответов
- Түн жамына качып жөнөдүк.
- Түн бир оокумда терезе чертилди
- Түн. Айлана жымжырт.
- Элдин баары түнкү уйкуда
Вопрос 7
Байлыкты чын дүйнөгө кошо алып кетүүгө болбойт – бир тутумдуу сүйлөмдүн түрүн белгиле
Варианты ответов
- жаксыз сүйлөм
- белгисиз жактуу
- жалпы жактуу
- бир тутумдуу
Вопрос 8
Тыныш белгисинин туура коюлганын белгиле.
Варианты ответов
- Кыргыз акындары булар: Б.Сарногоев, М. Алымов, Р. Шүкүрбеков, А.Осмонов жана башкалар.
- Кыргыз акындары булар - Б.Сарногоев, М. Алымов, Р. Шүкүрбеков, А.Осмонов жана башкалар.
- Кыргыз акындары булар: “Б.Сарногоев, М. Алымов, Р. Шүкүрбеков, А.Осмонов жана башкалар”.
- Кыргыз акындары – булар Б.Сарногоев, М. Алымов, Р. Шүкүрбеков, А.Осмонов жана башкалар.
Вопрос 9
Тыныш белгисинин туура коюлганын белгиле.
Варианты ответов
- Каныбек баатыр, тайманбас - жигит.
- Каныбек: баатыр, тайманбас жигит.
- Каныбек – баатыр, тайманбас жигит.
- Каныбек - баатыр, тайманбас - жигит.
Вопрос 10
Жандама мүчөнү белгиле.
Варианты ответов
- Айдай сулуу, акылдуу кыз болуп өстү.
- Сары жалбырак жайнап жатты.
- Тумар чоң эне согуш учурундагы апаат күндөрдү баяндап берди.
- Багдагүл Кемчонтойду сынамакка киришти.
Вопрос 11
Эркин сөз айкашын белгиле.
Варианты ответов
- ити чөп жеген
- көз ачып жумганча
- алтын саат
- күн карама
Вопрос 12
Ыкташуу байланышы
Варианты ответов
- саякатка чыгуу
- улуулардын кеби
- бакытка тунуу
- карагайлуу токой
Вопрос 13
Жазма стилдерди белгиле.
Варианты ответов
- илимий, иш кагаздар, публицистикалык, оозеки, көркөм
- илимий, оозеки, иш кагаздары
- илимий, иш кагаздар, публицистикалык, көркөм
- илимий, иш кагаздар, публицистикалык, оозеки,
Вопрос 14
Бир тутумдуу сүйлөмдөрдүн түрлөрүнүн кайсынысы ээ аркылуу уюшулат?
Варианты ответов
- Жактуу сүйлөм
- Жаксыз сүйлөм
- Белгилүү жактуу сүйлөм
- Белгисиз жактуу сүйлөм
- атама сүйлөм
Вопрос 15
Суудай тунук, уудай ачуу. - бир тутумдуу сүйлөмдүн кайсы түрү?
Варианты ответов
- Жактуу сүйлөм
- Жаксыз сүйлөм
- жалпы жактүү сүйлөм
- белгисиз жактуу сүйлөм.