Биогеография
Список вопросов теста
Вопрос 1
- Биогеография эмне жөнүндөгү илим?
Варианты ответов
- тирүү организмдердин келип чыгуусу жөнүндөгү илим
- биология жана географиянын байланышы жөнгүндөгү илим
- тирүү организмдердин жер шары боюнча таркалышы жана жайгашуусу жөнүндөгү илим
- кургактык жана океандардагы жашоо жөнүндөгү илим
Вопрос 2
Алгачкы ботаникалык бактар качан, кайсыл жерде пайда болгон?
Варианты ответов
- 1333-жылы Венецияда, 1525-жылы Падуеде, 1544-жылы Пизада;
- 1333-жылы Падуеде, 1525-жылы Венецияда, 1544-жылы Пизада;
- 1333-жылы Пизада, 1525-жылы Падуеде, 1544-жылы Венецияда;
- 1333-жылы Падуеде, 1525-жылы Пизада, 1544-жылы Венецияда;
Вопрос 3
Биом деген эмне?
Варианты ответов
- белгилүү аймакта жашаган өсүмдүктөрдүн түр жана башка таксондорунун жыйындысы.
- белгилүү аймакта жашаган жаныбарлардын жыйындысы.
- бул же тигил региондогу жаныбар, өсүмдүк жана органикалык дүйнөнүн башка царстволорунун өкүлдөрүнүн жыйындысы
- өсүмдүк жана жаныбарлардын коомдоштуктарынын жыйындысы
Вопрос 4
Абанын нымдуулугу жана жаан-чачындын саны, абанын температурасы, жарыктын өлчөмү, фитопериоддуулук, абанын басымы, атмосферанын газдык составы жана биринчи кезекте СО2 нин кармалышы кандай факторлорго киришет?
Варианты ответов
- климаттык факторлор
- гидрологиялык факторлор
- эдафикалык факторлор
- орографиялык факторлор
Вопрос 5
Эндемикалык түрлөр үчүн кандай ареалдар таандык?
Варианты ответов
- кеңири ареалдар
- кууш ареалдар
- үзгүлтүктүү ареалдар
- туташ ареалдар
Вопрос 6
Бардык участкалары түрдүн особдору үчүн жашоого ыңгайлуу болгон, түрлөрдүн бир жерден экинчи жерге жылышы кокусунан эмес, таркалуунун табигый факторлорунун жардамында жүргөн ареалдар кандай аталат
Варианты ответов
- туташ ареалдар
- дизьюнктивдүү
- байыркы ареалдар
- жаңы ареалдар
Вопрос 7
Азыркы мезгилдин жашоо шарттарынын каршылыгында турган түрлөрдүн ареалдары кандай аталат?
Варианты ответов
- космополиттик ареалдар
- эндемиктик ареалдар
- реликттик
- дизьюнктивдик
Вопрос 8
Бореалдык-монтаналык ареалдар кайсыл аймактарды камтыйт?
Варианты ответов
- түндүк жарым шардын тайга токойлорун жана түштүк жарым шардын жазы жалбырактуу токойлорун бириктирет
- уюлдук территорияларды камтыйт
- бардык континенттердин тропикалык аймактарын камтыйт
- тоолуу аймактарды камтыйт
Вопрос 9
Кургактыкты фаунастикалык райондоштуруу биринчи кезекте жаныбарлардын кайсыл тобунун таркалуусуна негизделет?
Варианты ответов
- сүт эмүүчүлөргө
- канаттууларга
- амфибияларга
- рептилияларга
Вопрос 10
Кургактыкты флористикалык райондоштуруу өсүмдүктөрдүн кайсыл бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн таркалуусуна негизделет?
Варианты ответов
- жабык уруктуулардын
- жыланач уруктуулардын
- папоротник сыяктуулардын
- мох сыяктуулардын
Вопрос 11
П.П Второв жана Н.Н.Дроздов тарабынан сунуш кылынган биотикалык бөлүштүрүү системасы төмөндөгүдөй категорияларды камтыйт? Аларды ирети менен жайгаштыр.
Варианты ответов
- царство, область, провинция, округ жана участкалар
- участкалар, округ, провинция, область, царство
- царство, область, округ, провинция жана участкалар
- царство, провинция, округ, область жана участкалар
Вопрос 12
Европа, Түндүк Америка, Түндүк Азия, Түндүк Африканын Сахара жана Аравия жарым аралына чейинки аймактарын камтыйган царство?
Варианты ответов
- голарктикалык
- ориенталдык царство
- кап царствосу
- неотропикалык
Вопрос 13
Кап царствосу кайсыл аймактарды камтыйт?
Варианты ответов
- Мадагаскар аралынын территориясын
- Борбордук жана Түштүк Американын
- Түштүк Азияны, Индостан, Индокитай жарым аралдарын
- Түштүк Африканы
Вопрос 14
Түштүк Азияны, Индостан, Индокитай жарым аралдарын, Чоң Зонд аралдарын, Тынч океанынын тропикалык аралдарынын көпчүлүк бөлүгүн ээлеген царство кайсыл?
Варианты ответов
- голарктикалык
- ориенталдык царство
- неотропикалык царство
- эфиопиялык
Вопрос 15
Неотропикалык царство кайсыл аймактарды камтыйт?
Варианты ответов
- Африканын түндүк бөлүгүндөгү Голарктикалык жана түштүк бөлүгүндөгү Кап царствосуна кирген аймактарынан башка бөлүктөрүн
- Австралия материгинен тышкары Тасмания, Жаны Гвинея ж.б. аралдардын территорияларын
- Борбордук жана Түштүк Американын, Чоң жана Кичине Антиль аралдарынын, Галапогосс аралдарынын территорияларын
- Антарктида материгин, Түштүк Американын түштүк бөлүгүн, Хуан-Фернандес, Фолкленд, Жаңы Зеландия жана Кермадек аралдарын
Вопрос 16
Эдафикалык факторлорго кайсылар киришет?
Варианты ответов
- топурак факторлору (химиялык, физикалык жана механикалык өзгөчөлүктөрү)
- тереңдик боюнча суунун тунуктугунун жана жарыктануусунун өзгөрүшү, тереңдиктеги басымдын өзгөрүшү ж.б.
- рельефтин өзгөчөлүктөрү
- абанын нымдуулугу жана жаан-чачындын саны, абанын температурасы.
Вопрос 17
Биота деген эмне?
Варианты ответов
- белгилүү аймакта жашаган өсүмдүктөрдүн түр жана башка таксондорунун жыйындысы
- белгилүү аймакта жашаган жаныбарлардын жыйындысы
- бул же тигил региондогу жаныбар, өсүмдүк жана органикалык дүйнөнүн башка царстволорунун өкүлдөрүнүн жыйындысы
- өсүмдүк жана жаныбарлардын коомдоштуктарынын жыйындысы
Вопрос 18
Чоң өлчөмдөгү ареалдар кандай аталат?
Варианты ответов
- космополиттик ареалдар
- эндемиктик ареалдар
- реликттик
- дизьюнктивдик
Вопрос 19
Гидрологиялык факторлор деген эмне?
Варианты ответов
- тереңдик боюнча суунун тунуктугунун жана жарыктануусунун өзгөрүшү, тереңдиктеги басымдын өзгөрүшү ж.б.
- рельефтин өзгөчөлүктөрү
- эдафикалык факторлор
- абанын нымдуулугу жана жаан-чачындын саны, абанын температурасы.
Вопрос 20
Түндүк жана түштүк кеңдиктерди камтыган дизьюнктивдүү ареалдар же дизьюнкциялардын өздөрү кандай аталат?
Варианты ответов
- биполярдык ареалдар
- амфипассификалык
- пантропикалык ареал
- арктоальпы ареалы


