Меню
Тесты
Тесты  /  Биология  /  Прочее  /  Биогеография 2-модуль

Биогеография 2-модуль

Avatar
07.11.2020. Тест. Биология, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Тесттик тапшырмалар химия-биология адистигинде окуган студенттер учун тузулгон

Список вопросов теста

Вопрос 1

Африкада (Конго дарыясынын областы, Мадагаскар жана бир катар аралдардын чыгыш жээктери), Америкада (Амазонка бассейни, Гвиана, Борбордук Американын чыгыш жээктери, кичине Антиль араладарынын көп бөлүгү), Австралияда (Жаны Гвинея, Тынч океандагы аралдар, Австралиянын өзүнүн анча чон эмес участкалары), Азияда (Филиппин, Молукка, Зонд аралдары, Малакка жарым аралынын түштүк бөлүгү) кездешкен биом кайсыл?

Варианты ответов
  • экваториалдык-тропикалык нымдуу токойлор
  • тропикалык сезондук токойлор
  • бореалдык ийне-жалбырактуу токойлор
  • субтропикалык токойлор жана бадалдар
Вопрос 2

Кандай токойлорду олигодоминанттык деп атайбыз?

Варианты ответов
  • үстөмдүк кылган түр жок, бир нече түр кездешет
  • 2 же 5 устомдук кылуучу дарагы бар
  • бир түрдүү дарактуу
  • мындай термин жок
Вопрос 3

Эмердженттер деп кандай дарактар аталат?

Варианты ответов
  • эң жогорку ярусту түзүүчү бийик дарактар
  • экинчи ярусту түзүүчү бир кыйла тегиз, биринчи ярустун астындагы ярус
  • үчүнчү ярусту түзүүчү жапыс дарактар молочайлар, морена гүлдүүлөр, лавр гүлдүүлөр, анноналар уруусунун өкүлдөрү
  • төртүнчү ярусту түзүүчү - кыска, карлик дарактар
Вопрос 4

Ярустар аралык өсүмдүктөрдүн тобуна кайсылар киришет?

Варианты ответов
  • лиандар, эпифиттер
  • дарактар
  • бадалдар
  • чөптөр
Вопрос 5

Соруучу тамырдын көпчүлүгүнүн үстүңкү гумустуу топурактуу бетте болушу, негизги сөнгөктү сүйөөчү - тактай сымал тамырлардын өрчүшү, каулифлория кубулушу кайсыл биомдун дарактарына мүнөздүү?

Варианты ответов
  • экваториалдык тропикалык нымдуу токойлор
  • тропикалык сезондук токойлор
  • субтропикалык токойлор
  • ийне жалбырактуу токойлор
Вопрос 6

Каулифлория деген эмне?

Варианты ответов
  • гүл жана топ гүлдөрдүн сөнгөктөрдө жана ири бутактарда өрчүшү
  • гүл жана топ гүлдөрдүн бутактардын учунда өрчүшү
  • гүл жана топ гүлдөрдүн өөрчүбөшү
  • гүл жана топ гүлдөрдүн ири тамырларда өрчүшү
Вопрос 7

Эмне үчүн тропикалык нымдуу токойлордо бардык дарак ярустарда рак сымалдуулар, нематоддор, сүлүктөр, жерде-сууда жашоочулар көп кездешет?

Варианты ответов
  • организм өрчүшү үчүн жагымдуу температура, жашыл тоюттар көп болот
  • жер үстү ярустардагы душмандарынан жашынышат
  • топурак ярусунда жашоого шарт жок
  • ашыкча нымдуулуктан качышат
Вопрос 8

Колобустар, мартышка-диана үйүрү же бир нече особдору менен жашаган тропикалык токойлор кайсыл биомдо кездешет?

Варианты ответов
  • Африканын тропикалык токойлорунда
  • Түштүк Американын тропикалык токойлору
  • Түштүк Азия
  • Жаңы Гвинея жана Түндүк Австралия
Вопрос 9

5 айга чейинки кургакчылык мүнөздүү, дарактары бир кыйла жапыс, бийик дарактар аз кездешет. Дарактардын диаметри 3м же андан чон. Гигант дарактар майда дарактар менен курчалып турат. Бутактары сөңгөктөн төмөн түшүп турат. Түбөлүк жашылдар үстөмдүк кылат. Тактай сымал  жана басуучу  тамырлар аз кездешет. Бир дарак гүлдөп жатканда 2- түрдөгү дарак жалбырагын таштап жаткан болот. Бул белгилер кайсыл биомго мүнөздүү?

Варианты ответов
  • тропикалык сезондук токойлорго
  • тропикалык нымдуу токойлорго
  • субтропикалык токойлорго
  • мелүүн алкактагы жазы жалбырактуу токойлорго
Вопрос 10

Жапайы тоок жана кадимки павлин (тоос) кайсыл муссондук токойлордо кездешет?

Варианты ответов
  • Түштүк Азияда
  • Африкада
  • Түштүк Америкада
  • Түндүк Австралияда
Вопрос 11

Негизинен чөп өсүмдүктөрү (дан гүлдүүлөр) үстөмдүк кылган, жамгырлуу сезондо - жашыл, кургакчылык сезондо – күйгөн жана өсүмдүк калдыктары менен капталган сары талаага айланат. Анча чон эмес дарак бадалдар сейрек же топ-топ болуп кездешет. Мындай коомдоштуктар кандай аталат?

Варианты ответов
  • саванна
  • талаалар
  • чөлдөр
  • тундра
Вопрос 12

Баобаб кайсыл биомдун өкүлү?

Варианты ответов
  • чөлдөрдүн
  • саванналардын
  • прериялардын
  • тундралардын
Вопрос 13

Түштүк Америкада кездешүүчү бийиктиги 0, 5 м ге жеткен төө куш кандай аталат?

Варианты ответов
  • Америка төө кушу
  • Африка төө кушу
  • нанду
  • эму
Вопрос 14

Чекенде, жузгун, сөксөөл, дан өсүмдүктөрү кеңири таркалган биом?

Варианты ответов
  • талаалар
  • тундралар
  • пампастар
  • чөлдөр
Вопрос 15

Түндүк жана Түштүк жарым шарларда 300 жана 400 кеңдиктердин аралыгын ээлеп жайгашкан, салыштырмалуу нымдуулук жетиштүү, ошол эле учурда 3-4 ай кургакчылык болушу мүмкүн. Түбөлүк жашыл, катуу жалбырактуу өсүмдүктөр үстөмдүк кылат. Бул кайсыл биом?

Варианты ответов
  • тропикалык нымдуу токойлор
  • тропикалык сезондук токойлор
  • ийне жалбырактуу токойлор
  • субтропикалык токойлор жана бадалзарлар
Вопрос 16

Евразия континентинде Венгриядан тартып, Казакстандын тундук бөлүгү жана Батыш Сибирдин территорияларын ээлеп жайгашат. Майда участоктору Тянь-Шань тоо кыркасынын тегерегинде, Жунгарияда, Кашкарияда, Сибирь тоолорунда жана Борбордук Азияда жолугат. Сөз кайсыл биом тууралуу болуп жатат?

Варианты ответов
  • талаалар
  • чөлдөр
  • жазы жалбырактуу токойлор
  • ийне жалбырактуу токойлор
Вопрос 17

Түштүк жарым шарда бир кыйла аз, түндүк жарым шардын мелүүн алкактарында чон аянтты ээлеген, ошондой эле Азияда, өзгөчө Кыргызстандын жана Казакстандын территориясында жайгашат. Кайсыл биом?

Варианты ответов
  • мелүүн алкактагы ийне жалбырактуу токойлор
  • субтропикалык токойлор
  • талаалар
  • мелүүн алкактагы жазы жалбырактуу токойлор
Вопрос 18

Евразия жана Түндүк Америкада үзгүлтүксүз жайгашып, циркумбореалдык зонаны түзгөн, Евразияда Енисей жана Лена дарыяларынын аралыгында, Түндүк Америкада Тынч океанынын жээктеринде жайгашкан кайсыл биом?

Варианты ответов
  • мелүүн алкактагы ийне жалбырактуу токойлор
  • субтропикалык токойлор
  • талаалар
  • мелүүн алкактагы жазы жалбырактуу токойлор
Вопрос 19

Көпчүлүк жаныбарлар аз жай айларында гана активдүү келип, калган мезгилди анабиоз абалында өткөрөт же башка түштүк аймактарга көчөт. Аз гана жаныбарлар жыл бою активдүү жашайт. Сөз кайсыл биом тууралуу болуп жатат?

Варианты ответов
  • саванналар
  • тундралар
  • талаалар
  • тайга токойлору
Вопрос 20

Океан суусунун жаныбарлар жашаган суу катмары кандай аталат?

Варианты ответов
  • пелагиаль
  • бенталь
  • литораль
  • батиаль
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт