Башталгыч класстарда окутуу адистигинин студенттери үчүн ЭТОУ предметинен тесттик материалдар
Список вопросов теста
Вопрос 1
Үндүү тыбыштар, кыска үндүүлөр жана алардын графикалык белгилениши көрсөтүлгөн катарды белгиле.
Варианты ответов
- Бб, Вв, Гг, Дд, Жж;
- е, ё, ю, я;
- аа, оо, уу, ээ, өө, үү;
- Аа, Ээ(е), Ии, Оо, Өө, Уу, Үү, Ыы.
Вопрос 2
Жумшак үнсүздөрдүн катарын белгиле
Варианты ответов
- б-п, в-ф, г-к, з-с, д-т;
- Кк(кы, ки), Пп, Сс, Тт, Фф, Цц, Хх, Чч, Шш, Үү;
- Бб, Вв, Гг, Дд, Жж, Зз, й, Лл, Мм, Нн, Ңң, Рр;
- Е, Ё,Ю,Я.
Вопрос 3
Кыргыз алфавитинде тыбышсыз тамгалар кездешеби, алар кайсы тамгалар?
Варианты ответов
- кездешет, Кк(кы, ки), Жж (жы, жи), Гг, Пп;
- кездешет, Ь, Ъ белгилери;
- кездешпейт, йоттошкон тамгалар эки тыбышты берет Е, Ё, Ю, Я;
- В, Х, Ц, Ч тамгалары тыбышты бербейт.
Вопрос 4
Окуучуга жаңы өтүлгөн тыбышты сөзгө катыштырып окууга үйрөтүүдөн башталган мезгил кайсы мезгил?
Варианты ответов
- алиппе мезгили башталат;
- даярдоо мезгилинен башталат;
- алиппеден кийинки мезгил башталат;
- адабий окуу мезгилинен башталат.
Вопрос 5
Алиппе окуулугунун ар бир бетинде жаңы өтүлүүчү тыбышка карата эмнелер берилген?
Варианты ответов
- суроолор;
- тексттер;
- сүрөттөр;
- кесме тамгалар.
Вопрос 6
1-класстын окуучусуна жаңыдан үйрөнгөн тыбышты, сөздү, сүйлөмдү муун боюнча окуу үйрөтүлсө, ошол эле тыбыш жазууда да үйрөтүлөт. Орустун улуу педагогунун методикасы боюнча окууда тамганын басмасы, жазууда тамганын жазмасын үйрөтүү системасы колдонулуп келүүдө.Бул кайсы окумуштуунун методикасы ?
Варианты ответов
- Н.Кангельдиевдин;
- Н.Абрамовдун;
- К.Д.Ушинскийдин;
- А.С.Макаренконун.
Вопрос 7
. Эне тилинин окутуу методикасында окуунун техникасы кандай функция аткарат?
Варианты ответов
- туура, шар, сезимдүү, көркөм окууга үйрөтүү;
- туура сүйлөө, оюн жеткиликтүү айта билүү;
- туура сүйлөө менен таза жазууга көнүктүрүү;
- эч кандай функция аткарбайт.
Вопрос 8
Бүгүнкү билим берүү системасындагы сабатка үйрөтүүнүн методикасы кайсы тилдин фонетикасынын түзүлүшү жана анын графикасынын өзгөчөлүгүн эске алат?
Варианты ответов
- кыргыз тилинин;
- казак тилинин;
- орус тилинин;
- өзбек тилинин.
Вопрос 9
Кыргыз адабий тилиндеги тыбыштарды белгилөө үчүн кайсы алфавит колдонулат жана канча тамгадан турат?
Варианты ответов
- араб алфавити, 25тамга;
- латын алфавити, 26 тамга;
- кирил алфавити, 36 тамга;
- уйгур алфавити, 30 тамга.
Вопрос 10
Текстти көрктүү окутууда кандай белгилер кошо үйрөтүлүүсү зарыл?
Варианты ответов
- чекит, суроо, илеп белгилери;
- утүр, сызыкча белгилери;
- эки чекит, тырмакча белгилери;
- бардык жообу туура.
Вопрос 11
Окуунун алгачкы этабы ..........башталат
Варианты ответов
- кесме тамга, кесме муун, тамга кассасындагы бир жана эки муундуу сөздөрдөн;
- жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөрдү интонация менен окуудан;
- татаал сөздөрдү, сөз айкаштарын окуудан;
- чакан сүрөттүү тексттерди муундап окуудан.
Вопрос 12
Туура жазууну окутууда эмнеге таянабыз?
Варианты ответов
- орфографиялык сөздүккө;
- орфографиялык эрежелерге;
- түшүндүрмө сөздүктүн эрежелерине;
- терминдердин түшүндүрмө сөздүгүнө.
Вопрос 13
Эне тилин окутуу усулунун негизги бөлугү бул -
Варианты ответов
- сабатка үйрөтүүнүн методикасы болуп саналат;
- даярдоо мезгили болуп саналат;
- алиппеге чейинки мезгил эсептелинет;
- адабий окуу мезгили болуп саналат.
Вопрос 14
Башталгыч класстарда эне тилин окутуу, үйрөтүү кандай бөлүмдөр аркылуу ишке ашырылат?
в) адабий окуу, класстан тышкаркы окуунун методикасы;
г) жогорудагы эки бөлүм аркылуу.
Варианты ответов
- сабатка үйрөтүүнүн методикасы, б.а. окууга жана жазууга үйрөтүүнүн элементардык бөлүгү;
- фонетика, грамматика, жазуу эрежелерин окутуунун методикасы;
- адабий окуу, класстан тышкаркы окуунун методикасы;
- жогорудагы эки бөлүм аркылуу.
Вопрос 15
Жазууну жана каллиграфияны, грамматикалык жана орфографиялык машыгуулардын элементардык калыптануусун...........үйрөтөт.
Варианты ответов
- даярдоо мезгилинин методикасы;
- фонетика, грамматика, жазуу эрежелерин окутуунун методикасы;
- бөтөн тилди тереңдетип окутуу методикасы;
- кыргыз тилин окутуунун методикасы.
Вопрос 16
Башталгыч класстарда эне тилин окутууга берилген материалдар кандай жол жана кайсы принциптин негизинде түзүлөт?
Варианты ответов
- концентрдик жол менен жүргүзүлөт, жөнөкөйдөн татаалга деген принцип сакталат;
- жеңилден оорго карай;
- жөнөкөйдөн татаалга деген принципте сакталат;
- окутууда эч кандай принцип сакталбайт.
Вопрос 17
Эне тилин окутуудагы сабатка үйрөтүүнүнүн методикасы кайсы илимдер менен тыгыз байланышта?
Варианты ответов
- педпсихология;
- этнопедагогика, этнопсихология;
- соцпсихология;
- соцлингвистика.
Вопрос 18
Аа, Тт, Оо, Пп, Нн, Уу, Бб, Лл, Кк, оо, Ээ(е), Ии, й, Кк, уу, Сс,Үү, Дд, Рр, Ыы, т-д, Чч, аа, Шш, Жж, ж-ч, Гг(гы), ээ, Өө, Зз, Мм, ң,Гг(ги), үү, өө, Хх, Юю(йу)й-у, Яя(йа) й-а, Ее, Өө, Вв, Үү,, Цц, Фф, ь, ң. Бул тамгалардын тартиби эмнени түшүндүрөт?
в) орус алфавитинин катарын;
г) казак алфавитинин түзүлүшүн.
Варианты ответов
- орус алфавитинин катарын;
- алфавиттеги тамгалардын тартибин;
- «Алиппе» окуулугундагы тамгалардын тартибин;
- казак алфавитинин түзүлүшүн.
Вопрос 19
Грамматиканы окутуудагы негизги маселе эмнеде?
Варианты ответов
- сабаттуу окууга, сабаттуу жазууга тийиш;
- туура окууга,мазмундуу туура жазууга тийиш;
- окуганын оозеки, жазуу түрүндө түшүндүрө алууга тийиш;
- окуучулар билүүгө тийиш, өз бет алдынча иштей алууга тийиш;
Вопрос 20
Алиппе мезгилинин аягында окуучу кандай ыктарга ээ болуусу керек?
Варианты ответов
- тамгаларды туура айтууга жана жазууга, сөздүн тыбыштык курамын аныктоого, сөздөн муун, муунду бөлүүгө жетишүү;
- кесме тамгадан сөз түзүү, аны жаза билүүгө калыптануу: тыбыштык курамды билүү, т.а. жумшак, каткалаң, созулма, жоон, үндүү;
- тамгалардын баарын жатка билүүгө, аларды тыбыштары менен салыштырып, жакшы деңгээлде окуу техникасына жетишүү;
- бардык ыктарды билүүсү керек.