Меню
Тесты
Тесты  /  Директору  /  Дошкольникам  /  "Балалык" программасы боюнча

"Балалык" программасы боюнча

Avatar
14.10.2024. Тест. Директору, Дошкольникам
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
"Балалык" мектепке чейинки билим беруу программасы боюнча методикалык китепчеден алынган тесттер

Список вопросов теста

Вопрос 1

Организмге таасир этүүнүн негизги компоненттери жана баланын инсандыгын калыптандыруунун жолдору бул_____________

Варианты ответов
  • кыймыл, оюн, сюжет, музыка болуп эсептелет
  • ЖМТК, кеп остуруу предметтери
  • жомоктор
Вопрос 2

МЧББУда интеграцияланган сабактардын формалары _____________ түрүндө берилүүсү керек.

 

(бош орунду толтурунуз)

Варианты ответов
  • экскурсия
  • тест
  • оюн
Вопрос 3

Билим берүү ишмердүүлүгү балдардын кандай ишмердүүлүктөрүн уюштуруу аркылуу ишке ашат?

(коп варианттан бир нечесин тандоо )

Варианты ответов
  • Оюн ишмердүүлүгү
  • Таанып-билүүчүлүк-изилдөөчүлүк ишмердүүлүк
  • Коммуникативдүү ишмердүүлүк
  • Кыймыл ишмердүүлүгү
  • Эмгек ишмердүүлүгү
  • Продуктивдүү ишмердүүлүк
  • Музыкалык-көркөм ишмердүүлүк
Вопрос 4

Баланын активдүүлүгүнүн формасы болуп эсептелген жана конкреттүү жыйынтык алып келген моралдык талаптар менен физиологиялык талаптарды канааттандырууга багытталган, буларды көрүүгө болот, кармап көрүүгө, сезүүгө да болгон кайсы ишмердуулук?

Варианты ответов
  • эмгек ишмердуулугу
  • оюн ишмердуулугу
  • Таанып-билүүчүлүк-изилдөөчүлүк ишмердүүлүк
Вопрос 5

Бала өзүнүн табияты боюнча________________?

Варианты ответов
  • сындырып, чачып коруучу
  • куруп, жасап коруучу
  • изилдөөчү
Вопрос 6

Өзүн улуулардан бөлүп көрсөтүү, ошону менен бирге улуулардай болгусу келүүсү _______?________ жашка мүнөздүү болгон карама-каршылыктуу кризис болуп эсептелет.

Варианты ответов
  • уч
  • торт
  • беш
Вопрос 7

Балдар жүрүм-турумдун элементардык нормаларын жана эрежелерин өздөштүрүшөт, ал эрежелер уруксат берүү жана тыюулар менен катар каралат («макул, уруксат», «керек», «болбойт»). Бул куракта балдар башка адамдарды жынысы боюнча таанып калышат, курагын айырмалай билишет: улууларды, балдарды, кары адамдарды жашоодон, сүрөттөрдөн да таанып-билип калышат. Бул курактагы баланын өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрү калыптанып калат (эмгек ишмердүүлүгү жолго салына баштайт), өз алдынча кийингенди, чечингенди, жуунганды, бет аарчы колдонгонду, тарак менен таранганды, сүлгү менен аарчынганды билип калат. Бул кайсы курак?

Варианты ответов
  • 4-5
  • 3-4 жаш
  • 5-6
Вопрос 8

Кайсы куракта баланын жүрүш-турушу, жасаган иш-аракети ойлонулбай жасалат?

Варианты ответов
  • Кенже мектепке чейинки
  • мектпке чейинки орто
  • мектепке чейинки улуу
Вопрос 9

Бул мезгилде баланын кыймылы көп болот (анын кыймыл активдүүлүгү уктабай турган мезгилинин көпчүлүк бөлүгүн ээлейт). Бала негизги кыймылдарды өздөштүрө баштайт жана максатына жетүү үчүн (катуу чуркоо, бийик секирүү, кыймылды так тууроо) физикалык көнүгүүлөрдү туура аткарат. Бул кайсы курак?

Варианты ответов
  • 4 жаш
  • 5 жаш
  • 8 жаш
Вопрос 10

Ал «көп», «аз» деген сөздөрдү так билет жана эки предметтен турган заттардан (таякчалар, кубиктер, топтор ж.б.) каалагандай, азын же көбүн тандай алат.Унаалардын түрлөрүн ажыратып билип калышат (жеңил унаа, жүк ташуучу унаа, троллейбус, самолет, велосипед ж.б.).  Кээ бир кесиптин аттарын жана ал кесиптеги адамдар эмне менен алектенери тууралуу да маалыматтары болот.  Майрамдарды да билишет (Жаңы жыл, өзүнүн туулган күнү). Суунун касиеттери, кардын, кумдун касиеттери тууралуу аздыр-көптүр маалыматка ээ болуп калышат (кар ак, муздак, суу жылуу, муздак, тоңуп калган, муз сыйгалак, катуу), суу кумдан ийлеп-чаптоо жумуштарын аткарууга боло тургандыгын билишет, кургак кум үбөлөнүп, майдаланып куюларын билишет.  Аба ырайынын түрлөрүн (жаан жаап жаткандыгын, жылуу, шамал уруп жаткандыгын) айырмалай билишет. Бул кайсы курак?

Варианты ответов
  • 6 жаш
  • 4 жаш
  • 3 жаш
Вопрос 11

Бала предметтерди көрүү, аларды кармап көрүү аркылуу гана эсине тутуп калат. Кээ бирде бала көргөн нерселеринин ордуна башка предметтерди колдонуу аркылуу ошол предметти кармап тургандай элестетет. Мисалы, кашыкты кармап туруп, вилканы колдонуп жаткандай түр көрсөтөт.

Варианты ответов
  • 3 жаш
  • 5 жаш
  • 4 жаш
Вопрос 12

Балдар________________менен, жана аларды алмаштырган заттар менен ойноо аркылуу ролдоштурулган жүрүм-туруму калыптанат.

Варианты ответов
  • китептер
  • оюнчуктар
  • жаныбарлар
Вопрос 13

МЧББУда тарбиялануучулар арасындагы келишпестиктер эмнеден келип чыгат?

Варианты ответов
  • уктоону жактырбоо, андан качуудан
  • тамактануудан
  • оюнчук талашуудан
Вопрос 14

Мектепке чейинки кенже курактагы балдардын сөздүгү негизинен _______________турат.

Варианты ответов
  • жаны сөздөрдөн
  • кайталоодон
  • предметтерди атаган сөздөрдөн
Вопрос 15

Эреже болгондой _____________________ бала улуулардын эскертүүсүз эле чоңдор менен учурашып, коштошуп, алар менен сылык түрдө саламдашышат.  Андан сырткары алар өз демилгелери менен оюнчуктарды жыйнашып, жөнөкөй эмгекти талап кылган иштерди, аягына чейин чыгара алышат.  Бул куракта балдар менен кыздар өздөрүн кандай алып жүрүүлөрү керек экендигин билип калышат.

Варианты ответов
  • беш жашка келип калган
  • алты жашка келип калган
  • торт жашка келип калган
Вопрос 16

Өздөрүнүн жүрүш-турушунда кандай гана кемчилик болбосун билип, оңдоого аракет кылышат.Бул куракта балдарга жуунуу, кийинүү, сууга түшүү, тамактануу, бөлмөнүн ичин тазалоо сыяктуу алгоритмдер жакшы белгилүү болуп калган кез болот. Алар: самын, суу, сүлгү, бет аарчы, салфетка, тамактанууда колдоно турган предметтерди билип, колдонуп калышат. Бул жашка келип калган бала элементардык түрдө ден соолугу жактан маселе жаралган учурда, улууларга бул тууралуу маалымат бере алат. Кайсы курак? 

Варианты ответов
  • 3-4
  • 4-5
  • 6-7
Вопрос 17

Бул куракта балдар өздөрүнүн кайсы жыныска кирерин билишет, анын кээ бир белгилерин аргументтерине карап айтып бере алышат («мен эркекмин, ошондуктан шым кийип жүрөм, кыз эмесмин көйнөк кийгидей, мен чачымды кыска алып жүрүүм керек»). Кайсы курак?

Варианты ответов
  • 5 жаш
  • 4 жаш
  • 6 жаш
Вопрос 18

________________ жашка келип калган бала кесиптер тууралуу маалыматтарга, ал кесиптердин кайсынысы аялдарга, кайсынысы эркектерге тиешелүү экендигин билип калышат. Ошондой эле аялдар менен эркектердин өздөрүнө тиешелүү сапаттарын да айырмалап билип калышат.

Варианты ответов
  • 5
  • 8
  • 6
Вопрос 19

Кайсы куракта балдар эреже менен ойной башташат: стол үстүндөгү оюндар (лото, домино) жана кыймылдуу оюндар (жашынмак ж.б.).

Варианты ответов
  • 5-6
  • 3-4
  • 4-5
Вопрос 20

Балдар бул куракта өздөрүнө чоңдор тарабынан жакшы мамиле күтүшөт, улуулардын мактоолоруна муктаж болушат, ошондуктан чоңдор аларга эскертүү айтышса, өтө жакын кабыл алышат.

Варианты ответов
  • 5 жаш
  • 6-жаш
  • 4 жаш
Вопрос 21

Улуулар мурда кандай талаптарды коюп келген болсо, эми балдар өздөрүнө ошондой талаптарды кое башташат. Алар, мисалы, өздөрүнө кызыктуу эмес иштерди аткарууда кызыктуу иштен баш тартып, жумуш аткара алышат (оюнчуктарды жыйноо, бөлмөнү ирээтке келтирүү) Кайсы курак?

Варианты ответов
  • 8 жашар
  • 6 жашар
  • 5 жашар
Вопрос 22

________________жашта баланын өзү тууралуу баа берүүсү өзгөрөт. Бул куракта баланын келечекке болгон максаты калыптана баштайт («Мен келечекте жөргөмүш адам болгум келет, «Мен ханзаада болгум келет» ж.б.у.с.), бул иш-аракеттерде балдардын этикалык нормалары калыптанат жана балдар курбулары эмне иш жасабасын, аларга окшошууга умтулушат. Өздөрүнүн ийгиликтерин же кемчиликтерин башка баланын көрсөткөн жыйынтыгы менен түшүндүрүшөт. Курбуларына мамиле кылууда мурункуга караганда абайлап, тандап, мамиле кылып калышат.

Варианты ответов
  • 4-5
  • 5-6
  • 6-7
Вопрос 23

Балдар бири-бирин ынтаа коюу менен угушат, досторунун айтып бергендерин эмоционалдуу түрдө кабыл алышат. Кайсы жашта?

Варианты ответов
  • 6
  • 5
  • 7
Вопрос 24

Ири моторикалары бир калыпка түшөт. Бул курактагы бала татаал кыймылдарды жасап калат: анча жоон эмес отургучтардан өтө алат ж.б.; бир колу менен топту жерге чаап, кайра тосуп алуусу жакшырат. Балдар менен кыздардын кыймылдары бири -бириникинен айырмаланып калат (балдардыкы – батыраак мүнөздө, кыздардыкы – жайыраак, тең салмактуу тартат). Жалпы конфигурациядан алып караганда дене баланын жынысына карата өзгөрөт.

Варианты ответов
  • 6 жаш
  • 8 жаш
  • 7 жаш
Вопрос 25

_______________ жашка келгенде балдар курчап турган дүйнө тууралуу түшүнүктөрү кеңеет, суроо берүү активдүүлүгү жогорулайт. Бул курактагы бала негизги өңдөрдү билип калат жана аларды бири-биринен айырмалап калат (мисалы, бир өўдүн эки касиеттерин билет: ачык кызыл менен күрөң кызыл).

Варианты ответов
  • 6
  • 5
  • 9
Вопрос 26

_____________________ жашка караган бала геометриялык фигуралардын бири-биринен болгон айырмасын ажыратып калат. Алар үчүн заттардын көлөмдөрүн салыштыруу кыйынчылык туудурбай калат, мисалы: 7–10 тарелканы катар коюп туруп, алардын жанына чоңдуктары ар кандай кашыктарды коюу тапшырмасын оңой эле аткарышат.

Варианты ответов
  • 7
  • 6
  • 5
Вопрос 27

Мектепке чейинки ___________________ куракта балдардын алгачкы эмгек жаатындагы иштери бат, сапаттуу жасалат. Кол эмгек аркылуу жасалган иштер бул курактагы балдар үчүн өтө деле кооптуу иш болуп саналбай калат. Көркөм чыгармаларды окуу, музыкалык жана сүрөт искусствосунун чыгармаларын кабыл алуу процессинде балдар өздөрүнө жаккан тиги же бул каармандарды же образдарды тандай алышат. Алар каармандын ак, кара менен айырмасын айра таануунун айласын таба билип калышат. Эмоционалдуу музыкалардын таасири астында балдар жакшы-жамандын айырмасын билип калышат.

Варианты ответов
  • орто
  • кенже
  • жогорку
Вопрос 28

Оюнду шарттуу түрдө эки негизги топко бөлүүгө болот. Алар кайсылар?

Варианты ответов
  • интерактивдуу оюндар жана чыгармачыл оюндар
  • сюжеттүү ролдоштурулган (чыгармачыл) оюндар жана эрежеси менен оюндар.
  • эмгекке багытталган оюндар жана интерактивдуу оюндар
Вопрос 29

Нравалык жүрүм-турумдун тажрыйбасын калыптандырууга_______________өз алдынча шарт түзөт.

Варианты ответов
  • сабак
  • оюн
  • тарбия
Вопрос 30

Оюндун маани-мазмуну бай болушу учун эмнелердин түрү арбын болушу керек?

Варианты ответов
  • кеп менен оюндун түрү
  • сабак менен оюндун түрү
  • оюн менен оюнчуктардын түрү
Вопрос 31

Ролдоштурулган жүрүм-түрумду өнүктүрүү үчүн балдар сюжеттүү-ролдоштурулган оюндарда бири бирине таасир этишүүсү үчүн педагог ________________ колдонуусу керек.

Варианты ответов
  • адабий-көркөм материалдарды
  • корсотмолуу материалдарды
  • сюжеттуу-оюн материалдарды
Вопрос 32

Соз менен ойнолуучу соз оюндары кайсы оюндун туруно кирет?

Варианты ответов
  • сюжеттуу-ролдук оюн
  • театрлаштырылган оюн
  • дидактикалык оюн
Вопрос 33

Балдар оюндун маанисин талкуулашат, ролдорду бөлүштүрүшөт; мында алардын арасында лидерлери билинип калат, ал эми демилгелүүлөрүнө өздөрү каалаган ролдор, пассивдүүлөрүнө анча кызыктуу эмес ролдор тиет. Эгер пассивдүү ролдорду кечке эле ойной берсе, келечекте да ошондой пассивдүү инсан болуп калышы толук мүмкүн. Бул кайсы топто боло турган иш?

Варианты ответов
  • орто топто
  • жогорку топто
  • даярдоо топто
Вопрос 34

Жамааттык ойноого кызыгуусу кайсы куракта артат?

Варианты ответов
  • кенже
  • орто
  • жогорку
Вопрос 35

Каармандардын эмоционалдык абалын түшүнүү аркылуу бала алар менен кошо кубанганга, кайгырганга үйрөнөт, окуянын андан аркы өнүгүү жолун белгилейт. Атайын көнүгүүлөр балдарга ар кандай эмоциялар бар экенин түшүнгөнгө жардам берет. Бул кайсы курак?

Варианты ответов
  • 3-4 жаш
  • 4-5 жаш
  • 5-6 жаш
Вопрос 36

Бул куракта өнүгүүнүн деңгээли режиссердук оюнга өтөт. Алар оюн үчүн керектеле турган жабдууларды даярдашат.

Варианты ответов
  • даярдоо топ
  • орто топ
  • жогорку топ
Вопрос 37

Биргелешкен оюндарда балдардын эмнеси өнүгөт?

Варианты ответов
  • жашоого карата ой жугуртуусу
  • элестетүү, ой жүгүртүү, сүйлөө кеби, эс-тутуму, көңүл буруусу
  • топтордо бирге иш алып баруусу
Вопрос 38

Кайсы куракта балдар сенсордук эталондорду кабыл ала башташат,аларды предметтерди изилдөө, байкоо жумуштарында активдүү колдоно башташат. Геометриялык формаларды жана көлөмдүк катыштарды айрып таанып калышат?

Варианты ответов
  • тороттон бешке караган куракта
  • бештен алтыга караган куракта
  • алтыдан жетиге караган куракта
Вопрос 39

Кайсы куракта балдарды сюжеттүү сүрөттөр менен иштөөгө үйрөтүү керек?

Варианты ответов
  • 4 жаш (экинчи кенже курак)
  • 5 жаш (орто курак)
  • 6 жаш (жогорку курак)
Вопрос 40

Балдардын  сүйлөө речинин активдүүлүгүнүн эң жогорку убагы кайсы мезгил?

Варианты ответов
  • 5 жаш
  • 3 жаш
  • 2 жаш
Вопрос 41

«Сан» жана «цифра» түшүнүктөрүнүн айырмасын кайсы куракта билип калышат?

Варианты ответов
  • 4-5 жаш
  • 5-6 жаш
  • 6-7 жаш
Вопрос 42

Кандай анализаторлордун жардамы менен предметтерди санакка үйрөтүү керек?

Варианты ответов
  • кайталоо аркылуу
  • кол менен саноо, угузуп саноо, кыймылдарды саноо
  • бирге саноо менен
Вопрос 43

_________________ жаштагы балдар бирдей бөлүккө предметти бөлүү жөндөмүнө жана бүтүн менен бөлүктөрдүн ортосундагы катышты белгилөөгө үйрөнүшөт.

Варианты ответов
  • торт
  • алты
  • жети
Вопрос 44

______________ топтогу мектепке чейинки балдарды ирээтик сан атоочторду колдонууга үйрөтүү башталат.

Варианты ответов
  • жогорку
  • орто
  • даярдоо
Вопрос 45

Бала ага эмне кызыктуу болсо, ошону эстеп калат - деген кимдин созу?

Варианты ответов
  • Масару Ибука
  • Макаренко
  • Каптеров
Вопрос 46

Балдар ойногонго кандай гана аба-ырайы болбосун, кышында ______________ саатка чейин, жайкы мезгилде мүмкүнчүлүккө жараша балдардын ишмердигин сыртта күнү бою жүргүзсө болот.

Варианты ответов
  • 3
  • 4
  • 2,5
Вопрос 47

____________________ – адам инсанын калыптандыруунун маанилүү учуру. Так ушул куракта балдардын дене жана психикалык ден соолугунун негиздери калыптанат.

Варианты ответов
  • Мектепке чейинки курак
  • даярдоо
  • жогорку
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт