Меню
Тесты
Тесты  /  Физика  /  11 класс  /  Атомдун жана атом ядросунун физикасы - 5

Атомдун жана атом ядросунун физикасы - 5

Avatar
26.12.2023. Тест. Физика, 11 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Ядролук реакциялар. Иондоштуруучу нурданууларды каттоонун методдору темалары боюнча тесттик тапшырмалар. Тестти тапшырып бүткөнүңөрдөн кийин кетирген катаңарды жана тапшырмаларды чыгаруу жолдорун https://videouroki.net/razrabotki/fizika-tiesttik-tapshyrmalardyn-chygharylyshtary-osh-2013-http-www-okuma-kg-book.html дарегинен текшерип алсаңар болот.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Бериллийдин ядросуна ∝- бөлүкчөсү урунуп, нейтронду бөлүп чыгаруу менен анда кармалып калат. Төмөнкү реакцияны аягына чейин жазгыла:          4Ве9 +  2Не4   →   0n1 + ?

Варианты ответов
  • 3Li7

  • 7N14

  • 6C12

  • 5B10

Вопрос 2

Гамма-квант алюминий менен (атом номери 13, массалык саны 27) өз ара аракеттенишкенде протон жана дагы бир ядро бөлүнүп чыгат. Бөлүнүп чыккан ядронун массалык санын аныктагыла.

Варианты ответов
  • 26
  • 27
  • 14
  • 22
  • 7
Вопрос 3

\(\binom{2}{1}H+\binom{2}{1}H\rightarrow\binom{3}{2}He+\binom{1}{0}n\)    ядролук реакциясынын энергетикалык чыгышын аныктагыла. Гелийдин изотобунун байланыш энергиясы 7,7 МэВ, дейтерийдин ядросунун байланыш энергиясы 2,2 МэВ.

Варианты ответов
  • 7,7 МэВ
  • 6,6 МэВ
  • 5,5 МэВ
  • 4,4 МэВ
  • 3,3 МэВ
Вопрос 4

Бул ядролук реакцияда канча энергия бөлүнүп чыгарылат:

\(\binom{3}{2}He+\binom{3}{1}H\rightarrow\binom{4}{2}He+\binom{2}{1}H\) ?    Ядролордун байланыш энергиялары: гелийдин  \(\binom{4}{2}He\)  изотобунуку 28,3 МэВ;      гелийдин  \(\binom{3}{2}He\)  изотобунуку 7,7 МэВ; тритийдики     8,5 МэВ; дейтерийдики 2,2 МэВ деп эсептегиле.

Варианты ответов
  • 14,3 МэВ
  • 46,7 МэВ
  • -14,3 МэВ
  • 24,3 МэВ
  • 4,4 МэВ
Вопрос 5

Ядролук реакциянын энергетикалык чыгышын аныктагыла:

\(\binom{7}{3}Li+\binom{1}{1}H\rightarrow2\binom{4}{2}He\) .       Литийдин изотобунун салыштырма байланыш энергиясы 5,6 МэВ/нукл, гелийдики     7,075 МэВ/нукл.

Варианты ответов
  • 11,2 МэВ
  • 10,9 МэВ
  • 17,4 МэВ
  • 14,7 МэВ
  • 19,5 МэВ
Вопрос 6

Үч электрондук жана үч позитрондук бета-ажыроодон кийин радиоактивдүү элементтин ядросунун атомдук номери канчалык өзгөрөт?

Варианты ответов
  • 3 бирдикке азаят
  • өзгөрүлбөйт
  • 6 бирдикке чоңоет
  • 2 бирдикке
  • 4 бирдикке
Вопрос 7

Заряддалган бөлүкчөлөрдү каттоочу приборлордун кайсынысы газдардын көчкүн ионизациясына негизделген?

Варианты ответов
  • Гейгердин счетчиги
  • көбүктүү камера
  • Вильсондун камерасы
  • масс-спектрограф
  • фотоэмульсия методу
Вопрос 8

Төмөндө заряддалган бөлүкчөлөрдү өлчөөчү жана изилдөөчү приборлор жана методдор келтирилген. Кайсынысы өтө ысытылган суюктуктагы буулануунун пайда болушуна негиздилген?

Варианты ответов
  • Гейгердин счетчиги
  • көбүктүү камера
  • Вильсондун камерасы
  • масс-спектрограф
  • фотоэмульсия методу
Вопрос 9

Ядролук нурданууну байкоого арналган төмөнкү приборлордун кайсынысында заряддалган бөлүкчөнүн тез өтүүсү газда суюктук тамчыларынан турган издерди пайда кылат?

Варианты ответов
  • Гейгердин счетчигинде
  • Вильсондун камерасында
  • көбүктүү камерада
  • калың катмарлуу фотоэмульсияда
  • спинтарископто
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт