Меню
Тесты
Тесты  /  Физика  /  11 класс  /  Атомдун жана атом ядросунун физикасы - 1

Атомдун жана атом ядросунун физикасы - 1

Avatar
25.12.2023. Тест. Физика, 11 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Альфа бөлүкчөлөрүнүн чачыроосу боюнча Резерфорддун тажрыйбалары. Атомдун ядролук модели. Бордун кванттык постулаттары. Атомдун жарыкты нурдантуусу жана жутушу темалары боюнча тесттик тапшырмалар. Тестти тапшырып бүткөнүңөрдөн кийин кетирген катаңарды жана тапшырмаларды чыгаруу жолдорун https://videouroki.net/razrabotki/fizika-tiesttik-tapshyrmalardyn-chygharylyshtary-osh-2013-http-www-okuma-kg-book.html дарегинен текшерип алсаңар болот.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Атомдун ядросу өтө бекемби?

Варианты ответов
  • Бекем, себеби алар электрондук кабыкчалар менен кармалып турушат.
  • Бекем эмес, себеби алардын ортосунда электростатикалык түртүшүү күчтөрү аракет этет.
  • Бекем, себеби ядронун бөлүкчөлөрүнүн ортосунда гравитациялык тартышуу күчтөрү аракет этет.
  • Бекем, себеби ядролор ядролук күчтөрдүн жардамында кармалып турушат.
Вопрос 2

Атомдун ядросунун өлчөмү кандай?

Варианты ответов
  • (10-15 ÷ 10-13 ) м

  • (10-8 ÷ 10-7 ) м

  • (1 ÷ 10-20) м

  • 1 мм
  • 10-3 мм

Вопрос 3

Химиялык элементтин ядросунун зарядын кантап тапса болот?

Варианты ответов
  • ал Менделеевдин таблицасындагы элементтин массалык санына барабар
  • ал электрондун зарядына барабар
  • нейтрондордун санына барабар
  • ал ярдонун протондорунун зарядына барабар
  • ядро электрдик нейтралдуу
Вопрос 4

Ядро  ...  турат?

Варианты ответов
  • протондордон, нейтрондордон, электрондордон
  • протондордон электрондордон
  • нейтрондордон, электрондордон
  • электрондордон
  • протондордон, нейтрондордон
Вопрос 5

Стационардуу абалда атом...

Варианты ответов
  • бир квант энергияны жутат
  • электромагниттик толкунду жутпайт жана нурдантпайт
  • тескерисинче атом энергияны нурдантат
  • атом нейтралдуу
  • атом ионизацияланат
Вопрос 6

Электрон  E2  энергиялуу энергетикалык деңгээлден, Е1 энергиялуу  энергетикалык деңгээлге өттү. Бул учурда бир фотон нурданган. Нурданган фотондун жыштыгын тапкыла.

Варианты ответов
  • + Е2)/h

  • Е1/h

  • Е2/h

  • - Е1)/h

  • h/(Е- Е1 )

Вопрос 7

Бордун II  постулатын көрсөткүлө:

Варианты ответов
  • Бардык заттардын атомдору белгилүү стационардык абалдарда болушу мүмкүн.
  • Атомдор үзгүлтүксүз спектрди нурдантат.
  • Дүүлүкпөгөн атом, фотонду нурдантат.
  • Атомдун ядросу нейтрон жана протондордон турат.
  • Бардык заттардын атомдору бир энергетикалык абалдан экинчисине өткөндө энергияны кванттап нурдантат же жутат.
Вопрос 8

Суутектин атому нурданткан бардык жыштыктарды кайсы формуланы колдонуп табат?

Варианты ответов
  • ν = \(\frac{c}{\lambda}\)

  • ν = R∙(\(\frac{1}{2^2}-\frac{1}{n^2}\) )

  • ν = R∙(\(\frac{1}{n^2}-\frac{1}{k^2}\) )

  • ν = R∙(n2- m2 )

  • ν = \(\frac{R}{n^2-m^2}\)

Вопрос 9

Бордун I постулатын көрсөткүлө:

Варианты ответов
  • Атом - туруксуз система.
  • Атомдо, атом ал абалда турганда электромагниттик толкунду нурдантпаган, стационардык абалдардын тобу жашайт. Стационардык абалдарга белгилүү энергия жана стационардык орбиталар туура келет.
  • Жарыктын вакуумдагы ылдамдыгы абсолюттук чоңдук, ал жарык кабыл алгычтын жарык булагына салыштырмалуу кыймылына көз каранды эмес.
  • Белгилүү жыштыкта жарык түшкөндө, металлдын бетинен электрон жулунуп алынат.
  • Атом ядросу протондор жана нейтрондордон турат.
Вопрос 10

Суутектин атомунда электрон радиусу 10 -10 м болгон орбитада кыймылдайт. Электрондун бул орбитадагы ылдамдыгын тапкыла.

Варианты ответов
  • 1,6∙106  м/с

  • 3∙108 м⁄с

  • 10∙106 м/с

  • 3∙106 м/с

  • 12∙106 м/с

Вопрос 11

Суутектин атомундагы электрон үчүнчү энергетикалык деңгээлден экинчи деңгээлге өткөндө, толкун узундугу 0,66 мкм болгон фотон нурданган. Суутектин атомунун энергиясы канчага азайган?

Варианты ответов
  • ≈ 10-19 Дж

  • ≈ 1,6∙10-19 Дж

  • ≈ 2∙10-20 Дж

  • ≈ 10-20 Дж

  • ≈ 3∙10-19 Дж

Вопрос 12

Суутектин атому толкун узундугу 486 нм болгон фотонду нурдантса, анда атомдун электронунун энергиясы канчага өзгөрөт?

Варианты ответов
  • 4∙10-18 Дж

  • 4∙10-19 Дж

  • 4∙10-20 Дж

  • 2∙10-19 Дж

  • 2∙10-20 Дж

Вопрос 13

Суутек атомун иондоштуруу потенциалы 13,5 В барабар. Суутектин атомун иондоштуруу үчүн электрон кандай ылдамдыкка ээ болушу керек?

Варианты ответов
  • 2,2∙106 м/с

  • 2,0∙106 м/с

  • 2,2∙108 м/с

  • 2,3∙109 м/с

  • 2,4∙1010 м/с

Вопрос 14

Суутектин атомун иондоштурууга 13,6 эВ энергия талап кылынат. Иондоштурууну ишке ашыра алуучу нурлануунун жыштыгын тапкыла.

Варианты ответов
  • 5∙1015 Гц

  • 4∙1015 Гц

  • 3,28∙1015 Гц

  • 2,2∙1015 Гц

  • 3,28∙1010 Гц

Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт