Меню
Тесты
Тесты  /  Родной язык и литература  /  11 класс  /  Алдын ала жүргүзүү тестти.

Алдын ала жүргүзүү тестти.

Avatar
11.05.2020. Тест. Родной язык и литература, 11 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Окуучулардын кыргыз тилинин грамматикасынан билимдерин текшерүү жана баалоо (алдын ала жүргүзүлүүчү тест).

Список вопросов теста

Вопрос 1

Иллюзия-бул нерселерди же кубулуштарды чыныгы калыбында эмес, бурмалап, башкача кабылдоо деген сөз.                                        

Ушундан улам, төмөндөгүлөрдүн кайсынысы иллюзиянын мисалы десек болот? 

 

Варианты ответов
  • караңгыда арканды жылан катары кабыл алуу
  • бир тамгасы түшүп калган сөздү бүт тамгалары өз ордунда турган сыяктуу окуу
  • машинанын өңүн түндөсү да, күндүзү да бирдей түстө көрүү
  • Дайыма жаркырап жанган жарнама (реклама) паносуна караганда, күйүп-өчүп турган жарнама паносун батыраак баамдоо
Вопрос 2

Социолог англис, немис же француз болушу мүмкүн. Бирок ал илимий ишин жүргүзгөндө өз жамаатын да, анын мүдөө-кызыкчылыктарын да унутуп, кара кылды как жарган калыс болууга тийиш.                                                                                                                                     Ушул талапка жооп бериш үчүн социолог төмөндөгү жол жоболордун кайсынысын карманышы кажет?                       

 

 

Варианты ответов
  • сынчы көз караш
  • обьективизм
  • системалык туташ мамиле
  • логикалык ырааттуулук
Вопрос 3

Белгилүү максатка багытталган аракеттин  иш жүзүнө ашуусуна жолтоо болуу  жол бербөө  деп аталат. Мындай аракет физикалык, физиологиялык, психологиялык жана социалдык мүнөздө болушу ыктымал.

Төмөнкү  көрсөтүлгөндөрдүн  кайсынысы  физикалык  мүнөздөгү  жол  бербөө аракетине  мисал  боло алат?

 

Варианты ответов
  • Эшиктин туткасы сынып калгандыктан, киши  бөлмөдөн чыга албайт.
  • Өтө  катуу  толкундангандан улам,  студент сынак (экзамен) учурунда суроолорго жооп таба албайт.
  • Адам өзү көңүлү тартпаган тамакты жебейт.
  • Наристе бала өз оюнчуктарын өз достору менен бөлүшкүсү  келбейт.
Вопрос 4

Көпчүлүк чогулган жыйын-топ-бул бири-бири менен дээрлик эч тиешеси жок кишилердин кокус топтолушунан улам келип чыккан жамаат.

Ушундан улам, төмөнкүлөрдүн кайсынысы чогулган жыйын-топко мисал болот?                                                       

 

Варианты ответов
  • сайран курганы баратышкан достор
  • директорлор кеңешине  катышуучулар
  • концерт берүүчү музыканттар
  • автобус күткөн адамдар
Вопрос 5

Сынактан кийин көрүшсөм, оозу тим эле кулагына жетип калыптыр. Алды сызылган сөздөр кайсы сезимди билдирет?                                                                         

 

Варианты ответов
  • ийгилик
  • сүйүнүч
  • көңүл
  • толкундануу
Вопрос 6

«Максат» сөзүнө мааниси жакын сөздү тапкыла!                                                                                

 

Варианты ответов
  • тилек
  • өң-түс
  • уюшулду
  • чыргоолук
Вопрос 7

«Кайгы» сөзүнө мааниси карама-каршы келген сөздү тап!                                                   

 

 

Варианты ответов
  • шашмалык
  • муң
  • кубаныч
  • уяң
Вопрос 8

Төмөнкүлөрдүн кайсынысы «Кооз жер, …» дегендин соңу боло алат?                                         

 

Варианты ответов
  • бирок  абдан ысык
  • бирок деңизден алыс
  • бирок абдан ээн
  • бирок каралбай калган
Вопрос 9

«Медицинанын өнүгүшү балдар өлүмүн  азайтты» деген сүйлөмгө төмөндөгү тыянактардын  кайсынысы ылайыктуу?                                                  

 

Варианты ответов
  • Мурун бизде балдардын өлүмү көп болчу
  • Биздин өлкөбүз медицина тармагында тез өнүгүп баратат
  • Биздин өлкөнүн  врачтарын  балдардын ден соолугу көбүрөөк ойлондурат.
  • Балдардын ден соолугу -биздин өлкөбүз үчүн эң маанилүү проблема.
Вопрос 10

Көрсөтүлгөн түшүнүк катарларынын кайсынысында маанилик ырааттуулук бузулган?                                                                                                                                                 

 

Варианты ответов
  • буудай-ун-нан
  • кайыш-сумка-бут кийим
  • пахта-жип-шейшеп
  • жыгач-кагаз-китеп
Вопрос 11

Төмөнкүлөрдүн кайсынысы менен диалогду толуктоого болот?                                                

 

Варианты ответов
  • Мен телефондон сүйлөшүп жаттым эле
  • Макул болууга аргам жок
  • Колумду жууп жаттым эле
  • Макул, ата, кааласаңыз, азыр алып келейин.
Вопрос 12

Төмөнкү сүйлөмдөрдүн кайсынысы мааниси боюнча башкалардын баарына карама -каршы келет?                                                                                                                   

 

Варианты ответов
  • Акылсыз достон акылдуу душман жакшы
  • Акыл-адамдын байлыгы
  • Акылсыз баш аякка тынчтык бербейт
  • Акылдуу көпүрө издегенче, акылсыз суудан өтүп кетет
Вопрос 13

Айрым жазуучулар жана сынчылар аңгемени  калем сыноо, роман жазууга даярдык дешерин биллем. Балким, ошондуктан…       

Төмөндөгү сүйлөмдөрдүн кайсынысы бул  үзүндүнүн  соңу боло албайт?                     

 

Варианты ответов
  • Адабиятыбызда романга окшогон аңгемелер көбөйүп кетти
  • Романдар менен аңгемелерде реалдуу чындык чагылдырылат
  • Аңгеме романга караганда  анча маанилүү эмес жанр болуп эсептелет
  • Аңгеме романдын кыска формасы катары бааланат.
Вопрос 14

Төмөнкү сүйлөмдөрдүн кайсынысы эки тараптуу ойду билдирет?                                        

 

Варианты ответов
  • Үч күндүн ичинде өзгөрүп, күнгө абдан күйдү.
  • Аскерге кетер алдында ал экөөбүз көрүштүк.
  • Баардыгы туш-тушка тарап, качып кетишти.
  • Абдан көпкө күтүп, акыры максатына жетти. Абдан көпкө күтүп, акыры максатына жетти.
Вопрос 15

Төмөндөгү сөздөрдүн кайсынысы «Киного бара бер, анан көрөм сени» деген сүйлөмдөгү «көрөм сени» дегенге мааниси боюнча туура келет?

 

Варианты ответов
  • багыттоо
  • кызгануу
  • шерденүү
  • коркутуу
Вопрос 16

Кыргыз тилинде канча созулма үндүү бар?                        

 

Варианты ответов
  • 8
  • 12
  • 6
  • 9
Вопрос 17

«Саргыч, кызгылтым» деген сын атоочтор кайсы сөз түркүмүнөн жасалды?              

 

 

Варианты ответов
  • зат атоочтон
  • сын атоочтон
  • тактоочтон
  • этиштен
Вопрос 18

Тыбыш менен тамганын саны дал келбеген сөз кайсы?                                               

 

Варианты ответов
  • жаз
  • балык
  • жоолук
  • тумак
Вопрос 19

Жалаң табыш жөндөмөдө турган ат атоочту тапкыла!                                               

 

Варианты ответов
  • биздин, ар кимди
  • эч качан, өзүбүзгө
  • өзүн, мени, бизди
  • анын, эч кимди
Вопрос 20

«ч» тыбышы жалаң туура жазылган сөздөрдү белгилегиле!             

Варианты ответов
  • аччы, уччу, чеччи, жыгаччы
  • жыгашчы, темирчи, муун
  • бештей, өштү, кешти
  • ашчы, кошту, кошчу
Вопрос 21

Байкемдин үйүнүн жанындагы арыкта суу …………. …………… .

 

Варианты ответов
  • төгүлүп жатат
  • келгиче акпайт
  • бара жатат
  • агып жатат
Вопрос 22

Тууранды сөздөрдүн сүйлөмдөгү милдети

 

 

Варианты ответов
  • ээлик гана
  • баяндоочтук гана
  • баш жана айкындоочтук
  • аныктоочтук гана
Вопрос 23

Тууранды сөздөрдүн түзүлүшүнө карай бөлүнүшү

 

 

Варианты ответов
  • 3
  • 5
  • 2
  • 4
Вопрос 24

Кер кашка ан сайын ойсок-ойсок басат.

Сүйлөмдөгү  тууранды сөздүн милдети:

 

 

Варианты ответов
  • ээлик
  • баяндоочтук
  • аныктоочтук
  • бышыктоочтук
Вопрос 25

Сырдык сөздөргө тыныш белгиси тура коюлган сүйлөм

 

Варианты ответов
  • Чү, жаныбарым, Чоңтору, чү.
  • Чү жаныбарым, Чоңтору  чү.
  • Чү  жаныбарым Чоңтору чү!
  • Чү, жаныбарым Чоңтору, чү!
Вопрос 26

Тыныш белгилери туура коюлган сүйлөм

 

Варианты ответов
  • Кечигип калганымды, карачы, кап.
  • Кечигип калганымды. карачы кап.
  • Кечигип калганымды карачы, кап!
  • Кечигип, калганымды, карачы, кап!
Вопрос 27

Кечээ  киши көп  болгон  үчүн  иш  тез  бүттү. Асты сызылган сөздү төмөнкү кайсы варинт менен алмаштырып колдонсо болот?

 

Варианты ответов
  • болгонуна карабастан
  • болсо да
  • болгондуктан
  • болгондо
Вопрос 28

Асан  келери  менен  мага  айтып  койчу,  сөзүм  бар. Маанилеш сөздү белгиле.

 

Варианты ответов
  • келгенче
  • келгенге карганда
  • келер замат
  • келгичекти
Вопрос 29

Ал  сабактан суранып  кетти,  сыягы  ооруп  калган  окшойт

 

Варианты ответов
  • кебетеси чырнооктоп калды
  • мүмкүн тумоологондур
  • кыязы, сыркоолоп калган го
  • баамымда ден соолуксуз
Вопрос 30

Сөз айкаштарын, сүйлөм мүчөлөрүн, сүйлөмдү окутуучу илим?

 

Варианты ответов
  • морфология
  • синтаксис
  • фонетика
  • фразеология
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт