Акы толоп кызмат корсотуу боюнча тесттик суроолор
Список вопросов теста
Вопрос 1
Кызмат көрсөтүү келишими ....... болуп эсептелинет.
Варианты ответов
- реалдуу, эки тараптуу;
- ачык, реалдуу, акылуу;
- консенсуалдуу, эки тараптуу, акылуу;
- бир тараптуу, акылуу.
Вопрос 2
Кызмат көрсөтүү келишими боюнча аткаруучу (кызмат көрсөтүүчү) .......... милдеттенет.
Варианты ответов
- буюртмачынын атынан жана эсебинен белгилүү юрдикалык аракеттерди жасоого;
- буюртмачынын тапшырмасы боюнча белгилүү бир аракеттерди жасоого же ишмердүүлүк жүргүзүүгө;
- буюртмачынын шартталган техникалык тапшырмаларынын негизинде илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
- жаңы жасалганын үлгүсүн иштеп чыгууга.
Вопрос 3
Кызмат көрсөтүү келишиминин тараптары болуп ........ эсептелинет.
Варианты ответов
- буюртмачы жана изилөөчү;
- буюртмачы жана долбоорчу;
- буюртмачы жана подрядчы;
- буюртмачы жана аткаруучу.
Вопрос 4
Кызмат көрсөтүү келишими боюнча аткаруучу ....... кызмат көрсөтүүгө милдеттенет.
Варианты ответов
- эгерде келишимде башка шарттар каралбаса ар дайым жеке;
- эгерде келишимде каралса жеке өзү;
- буюртмачы менен макулдашпастан үчүнчү жактардын катышуусунда;
- буюртмачынын макулдугу менен үчүнчү жактардын катышуусунда.
Вопрос 5
Акы төлөп кызмат көрсөтүү жөнүндө жоболор төмөндөгү келишимдерге карата колдонулат:
Варианты ответов
- байланыш медициналык, ветеринардык, аудитордук, консультациялык, маалыматтык, окутуучулук, туристтик кызматтарды көрсөтүүдө;
- подряд, илимий изилдөө,тажрыйба-конструктордук жана технологиялык жумуштар жөнүндө;
- ташуу, транспорттук экспедиция, комиссия, мүлктү ишеним ыйгаруу менен башкаруу жөнүндө.
Вопрос 6
Акы төлөп кызмат көрсөтүү келишиминин предмети болуп ...... эсептелинет:
Варианты ответов
- материалдык эмес кызматтарды көрсөтүүдө пайда болгон материалдык кызматтар;
- материалдык жана материалдык эмес;
- материалдык эмес;
- материалдык.
Вопрос 7
Акы төлөп кызмат көрсөтүү келишиминдеги баа ........ аныкталат:
Варианты ответов
- тараптардын макулдашуусу менен;
- аткаруучу тарабынан;
- жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы тарабынан;
- буюртмачы тарабынан.
Вопрос 8
Эгерде буюртмачынын күнөөсүнүн негизинде ишти аткаруу мүмкүн эмес болсо, буюртмачы кызмат акысын төлөөдөн баш тартууга укугу барбы?
Варианты ответов
- укуктуу эгерде бул шарт келишимде каралса;
- укугу жок, аткаруучунун кызмат акысы толугу менен төлөнүп берилиши керек;
- укуктуу эгерде келишимде башка шарттар каралбаса;
- ар дайым укуктуу.
Вопрос 9
Акы төлөп кызмат көрсөтүү келишими боюнча тараптардын бирөөсү дагы жооп бербей турган жагдайлардын негизинде буюртманы аткаруу мүмкүн болбосо, буюртмачы аткаруучунун кызмат акысын төмөндөгүдөй тартипте төлөп берет:
Варианты ответов
- толук өлчөмдө;
- фактылык түрдө келген чыгымдын 50 % пайызын;
- фактылык түрдө келген чыгымдарды гана;
- мындай жагдайда кызмат акысы төлөнбөйт.
Вопрос 10
Акы төлөп кызмат көрсөтүү келишими боюнча аткаруучу милдеттенмени аткаруудан баш тартканга укуктуубу?
Варианты ответов
- буюртмачыга келген зыяндарды ордун толук калыбына келтирүү шартында гана укуктуу;
- келишимди түзүү учурунда алынган акча каражаттарын буюртмачыга кайтарып берүү шартында гана укуктуу;
- укугу жок.
Вопрос 11
Акы төлөп кызмат көрсөтүү келишими боюнча буюртмачы келишимден баш тартууга укуктуубу?
Варианты ответов
- кызмат акысын толук өлчөмдө төлөп берүү шартында гана укуктуу;
- аткаруучуга фактылык түрдө келген чыгымдарды төлөп берүү шартында укуктуу;
- фактылык түрдө келген чыгымдын 50 % пайызын төлөп берүү шартында укуктуу;
- укугу жок.
Вопрос 12
Акы төлөп кызмат көрсөтүү келишимин аткаруу үчүн аткаруучуга өткөрүлүп берилген материалдардын жок болу кетүүсүнө ……. жооп берет.
Варианты ответов
- аткаруучу;
- буюртмачы;
- аткаруучу жана буюртмачы чогуу;
- материалдарды сунуштаган жак.
Вопрос 13
Эгерде мыйзамда же кызмат көрсөтүү келишиминде башка шарттар каралбаса, аткаруучу ….. мөөнөттөрдүн тартибин бузгандыгы үчүн жооп берет.
Варианты ответов
- акыркы;
- баштапкы жана акыркы;
- баштапкы, акыркы жана аралык;
- аралык.
Вопрос 14
Эгерде акы төлөп кызмат көрсөтүү келишиминде кызмат акысынын баасы каралбаса, анда келишимдин аткарылуусу … баа боюнча төлөнүүсү абзел.
Варианты ответов
- аткаруучу тарабынан аныкталган;
- буюртмачы тарабынан аныкталган;
- тараптар макулдашкан;
- ушуга окшош кызматтарга төлөнүүчү.
Вопрос 15
Акы төлөп кызмат көрсөтүү келишминин аткарылуусунда кемчиликтердин болуусу тууралуу буюртмачы менен аткаруучунун ортосунда талаш-тартыш пайда болгон кезде, тараптардын биринин талабы боюнча экспертиза дайындалат. Эреже катары андагы чыгымдарды ... көтөрөт.
Варианты ответов
- буюртмачы менен аткаруучу бирдей;
- аткаруучу;
- буюртмачы;
- экспертиза дайындоону талап кылган тарап.
Вопрос 16
Акы төлөп кызмат көрсөтүү келишими боюнча аткарылган кызматтын сапатынын талапка ылайыксыздыгы боюнча доонун эскирүү мөөнөтү кандай?
Варианты ответов
- үч ай;
- алты ай;
- бир жыл;
- эки жыл.
Вопрос 17
Келишимге кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү кошуу маселесин аткаруучу буюртмачыга таңуулай алабы?
Варианты ответов
- ансыз кызмат көрсөтүү ишенимдүү жыйынттыкты бербестиги белгилүү болсо, таңуулай алат;
- мыйзамга ылайык таңуулай албайт;
- буюртмачынын макулдугу менен;
- кызмат көрсөтүүдөн аткаруучу көбүрөөк чыгым тарта турган болсо, таңуулай алат.
Вопрос 18
Акы төлөп кызмат көрсөтүү келишиминин талапка ылайык эмес аткарылуусунан улам, буюртмачы ... талап кылууга укуктуу.
Варианты ответов
- алдын-ала төлөнүп берилген акча суммасын кайтаруунун;
- кемчиликтерди акысыз жоюп берүүнү;
- кемчиликтерди жоюга кеткен чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү же чыгымдын өлчөмүнө ылайык бааны төмөндөтүүнү;
Вопрос 19
Акы төлөп кызмат көрсөтүү келишими боюнча, буюртмачынын ден-соолугуна же өмүрүнө коркунуч туудуруучу кемчиликтерди акысыз жоюу боюнча талап, кызмат аткарылды деп кабыл алынган учурдан тартып ... чейинки мөөнөткө чейин буюртмачы же анын мураскери тарабынан берилүүсү мүмкүн.
Варианты ответов
- он жылга;
- беш жылга;
- үч жылга;
- бир жылга.