Адам жана коом предметинен тесттик тапшырмалар
Список вопросов теста
Вопрос 1
Биосфера деген эмне?
Варианты ответов
- Жердин үстүнкү катуу катмары
- Жерде тиричилик бар бардык чөйрө, анын ичинде атмосферанын, гидросферанын жана литосферанын бөлүктөрү
- Жерди курчап турган аба катмары жана жердин ички борбору
Вопрос 2
Табигый чөйрөнүн негизги компоненттерине кайсылар кирет?
Варианты ответов
- Адамдар, өсүмдүктөр жана шаарлар гана
- Аба, суу, жер, топурак, өсүмдүктөр жана жаныбарлар
- Экономика жана маданият жана транспорт жана коммуникациялар
Вопрос 3
Табигый чөйрөнү булгоочу негизги булактардын бири кайсы?
Варианты ответов
- Күн энергиясын колдонуу
- Өнөр жай ишканалары жана транспорт
- Айыл чарбада органикалык жер семирткичтерди колдонуу
Вопрос 4
Парник эффектисинин негизги себеби эмнеде?
Варианты ответов
- Жердин айлануу ылдамдыгынын өзгөрүшү
- Атмосферада көмүр кычкыл газы жана башка газдардын көбөйүшү
- Суунун деңгээлинин төмөндөшү жана шамалдын ылдамдыгынын жогорулашы
Вопрос 5
Адам өзүн-өзү таануусу деген эмне?
Варианты ответов
- Башка адамдардын көз карашын гана изилдөө
- Ааламдын сырларын түшүнүү жана өзү жөнүндө түшүнүү процесси
- Өзүнүн мүнөзүн, жөндөмдөрүн, баалуулуктарын жана ички дүйнөсүн түшүнүү процесси
Вопрос 6
"Эмоционалдык интеллект" деген эмнени билдирет?
Варианты ответов
- Математикалык эсептөөлөрдү тез чыгаруу жөндөмү
- Өзүнүн жана башкалардын сезимдерин түшүнүү, аларды башкаруу жана колдонуу жөндөмү
- Компьютерлерди жакшы билүү жана физикалык күчтүн жогору болушу
Вопрос 7
Өзүн-өзү таанууда "кайтарым байланыш" кандай роль ойнойт?
Варианты ответов
- Башка адамдардын бизди кандай кабыл алып жатканын түшүнүүгө жардам берет
- Өзүн гана мактоого жардам берет жана эч кандай роль ойнобойт
- Жашоодогу бардык кыйынчылыктарды жок кылат
Вопрос 8
Адам өзүн-өзү таанып билүү процессинде кетирген каталарынан эмне алат?
Варианты ответов
- Баалуу тажрыйба жана сабактар, келечектеги өсүү үчүн негиз
- Башкаларды күнөөлөөгө негиз жана көңүл калуу жана кайгы гана
- Эч нерсе албайт жана келечекте өспөйт
Вопрос 9
Адамдын биологиялык жаратылышы эмнени билдирет?
Варианты ответов
- Адамдын коомдогу ролун гана жана адамдын ойлонуу жөндөмүн
- Адамдын табият менен эч кандай байланышы жоктугун
- Адамдын тукум куучулук, анатомиялык жана физиологиялык өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле негизги табигый муктаждыктарын
Вопрос 10
Биологиялык жана социалдык факторлор адамдын жашоосунда кандай байланышта?
Варианты ответов
- Алар бири-бирине тоскоолдук кылат
- Алар бири-биринен толугу менен көз карандысыз
- Алар бири-бири менен тыгыз байланышта жана биримдикте өнүгүүнү камсыз кылат
- Биологиялык факторлор гана маанилүү
Вопрос 11
Социализация деген эмне?
Варианты ответов
- Адамдын үйүндө жалгыз отурушу
- Коомдук чөйрөдөгү эрежелерди, баалуулуктарды жана жүрүм-турум нормаларын өздөштүрүү процесси
- Дене тарбия көнүгүүлөрү жана жаңы аймактарды изилдөө
Вопрос 12
Жеке коопсуздук деген эмне?
Варианты ответов
- Өзүнүн ден соолугуна гана кам көрүү
- Материалдык байлыкты топтоо
- Адамдын ден соолугуна, өмүрүнө жана мүлкүнө коркунуч туудурган жагдайлардан корголгондук деңгээли
- Коомдук транспортто жүрүү
Вопрос 13
Улуттук өзгөчөлүк (идентичность) деген эмне?
Варианты ответов
- Адамдын бир гана жашаган жери жана адамдын жеке хоббиси
- Улуттун экономикалык абалы гана
- Белгилүү бир улуттук топко таандык болууну сезүү, жалпы тил, маданият, тарых жана баалуулуктар аркылуу өзүн таануу
Вопрос 14
Кыргыз элинин эң негизги руханий байлыгы жана улуттук өзгөчөлүгүнүн символу кайсы?
Варианты ответов
- Шахмат оюну
- Улуу Жибек Жолу
- "Манас" эпосу
- Космосту изилдөө
Вопрос 15
Улуттук маданияттын негизги элементтерине кайсылар кирет?
Варианты ответов
- саясий партиялар гана жана чет өлкөлүк кинолор
- Тил, салт-санаа, үрп-адаттар, искусство, диний ишенимдер жана тарыхый эс тутум
- Заманбап технологиялар гана жана тил, маданият
Вопрос 16
Төмөндө келтирилген элементтердер кайсынысы мамлекетке туура келбейт
Варианты ответов
- территория, калк, бийлик, суверинитет суверенинет,территория, калк, бийлик
- бийлик, калк, бийлик
- монархия, калк, бийлик
Вопрос 17
Мамлекет деген эмне?
Варианты ответов
- Адамдардын чогуу эс алуучу жайы
- Өлкөнү башкаруучу атайын уюм
- Чоң соода борбору
- Кадимки коомдук унаа
Вопрос 18
Ар бир мамлекеттин өзүнүн аймагы болушу – бул эмне?
Варианты ответов
- Мамлекеттин эрежеси
- Мамлекеттин белгиси
- Мамлекеттин мыйзамы
- Мамлекеттин тарыхы
Вопрос 19
Мамлекеттин негизги милдети эмне?
Варианты ответов
- Жарандарын коргоо жана алардын жашоосун жакшыртуу
- Дүйнө жүзү боюнча саякаттоо
- Чоң тойлорду уюштуруу
- Тарыхый китептерди гана чыгаруу
Вопрос 20
Коомдук тартипти жана коопсуздукту ким камсыздайт?
Варианты ответов
- Жөнөкөй адамдар
- Мамлекеттин укук коргоо органдары (Милиция, Армия)
- Мугалимдер
- Дарыгерлер
Вопрос 21
Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияга ылайык, "бала" деп канча жашка чейинки адам эсептелет?
Варианты ответов
- 14 жашка чейин
- 16 жашка чейин
- 18 жашка толгонго чейин
- 21 жашка чейин
Вопрос 22
Төмөндөгү укуктардын кайсынысы "Коргоо укуктары" категориясына кирет?
Варианты ответов
- Аты-жөнүн жана жарандыгын алуу
- Эс алуу жана оюн укугу
- Зордук-зомбулуктан жана эксплуатациядан коргонуу
- Пикир айтуу жана маалымат алуу
Вопрос 23
Баланын маалымат алуу, ойлорун эркин билдирүү жана өз пикиринин эске алынышын талап кылуу укуктары кайсы категорияга кирет?
Варианты ответов
- Камсыздоо укуктары
- Катышуу укуктары
- Өнүгүү укуктары
- Коргоо укуктары
Вопрос 24
мамлекет тарабынан белгиленген жана анын мажбурлоо мүмкүнчүлүгү аркылуу камсыз кылынуучу же болбосо адамзаттын акыл-эсинин табиятынан келип чыгуучу, жалпыга милдеттүү социалдык ченемдердин тутуму кантип аталат?
Варианты ответов
- мамлекет
- укук
- адеп
- Мекен
Вопрос 25
бийликтик саясий мекеме,озунун башкаруу жана мажбурлоо аппаратына ээ,озунун территориясына укук-тартибин киргизет, сөз ..... жөнүндө?
Варианты ответов
- мамлекет
- укук
- мектеп
- жогорку окуу жай
Вопрос 26
белгилүү бир моралдык ченемдер менен чектелген жорук-жосундардын жана кыймыл-аракеттердин системасы кантип аталат?
Варианты ответов
- мыйзамдар
- жүрүм- турум
- Конституция
Вопрос 27
Төмөндө келтирилген мисал окуучунун эмнесине кирет?
Мектепке сабак башталардан 15 мүнөт эрте келүү
Варианты ответов
- окуучунун укугу
- окуучунун милдети
- окуучунун эркине
- окуучунун тарбиясы болуп саналат


