8-класс физика 3-чейрек текшерүү тест
Список вопросов теста
Вопрос 1
..... Чыңалуу деп аталат
Варианты ответов
- Талаанын потенциалдарынын көбөйтүндүсү
- Талаанын потенциалдарынын айырмасы
- Талаанын потенциалдарынын суммасы
- Талаанын потенциалдарынын катышы
Вопрос 2
1780-жылы ачылган Кулондун закону эмнени көрсөтөт?
Варианты ответов
- Нерселердин ортосундагы аракеттешүү күчүн
- Заряддардын ортосундагы аракеттешүү күчүн
- Заряддардын ортосундагы тартышуу күчүн
- Заряддардын ортосундагы түртүшүү күчүн
Вопрос 3
Шарль Кулон өз тажрыйбасын жүргүзүүдө кандай куралды пайдаланган?
Варианты ответов
- Электроскоп
- Заряддуу таяк
- Айлануучу тараза
- Эбонит таякчасы
Вопрос 4
Заряддардын ортосундагы аракеттешүү күчү кайсы чоңдуктан көз каранды?
Варианты ответов
- Заряддын чоңдугунан
- Заряддын массасынан
- Заряддын көлөмүнөн
- Заряддан көз каранды эмес
Вопрос 5
......- Өткөргүчтөгү заряддуу бөлүкчөлөрдүн багытталган кыймылы.
Варианты ответов
- Электр заряды
- Электр ток күчү
- Электр тогу
- Электр талаасы
Вопрос 6
Чынжырдагы токтун аткарган жумушун аныктоо үчүн кандай куралдар керек болот?
Варианты ответов
- Амперметр, саат
- Саат, вольтметр
- Амперметр, саат, вольтметр
- Саат, амперметр, реостат
Вопрос 7
Электр өлчөгүч (эсептегич) куралы кайсы чоңдукту эсептейт?
Варианты ответов
- Токтун күчүн
- Токтун чыңалуусун
- Токтун кубаттулугун
- Токтун жумушун
Вопрос 8
Эгерде өткөргүчтө өтүп жаткан токтун күчүн 3 эсеге жогорулатсак, анда өткөргүчтө бөлүнүп чыккан жылуулук саны кандай өзгөрөт?
Варианты ответов
- 3 эсе жогорулайт
- 6 эсе жогорулайт
- 9 эсе жогорулайт
- Өзгөрбөйт
Вопрос 9
Электр тогун мүнөздөөчү негизги чоңдуктар.
Варианты ответов
- Басым, температура, каршылык
- Ток күчү, каршылык, чыңалыш
- Чыңалуу, ток күчү, сыйымдуулук
- Каршылык, ток күчү, чыңалуу
Вопрос 10
Удаалаш туташтырууда чынжырдагы жалпы чыңалуу айрым бөлүктөгү чыңалуулардын.....барар.
Варианты ответов
- Суммасына
- Айырмасына
- Тийиндисине
- Көбөйтүндүсүнө
Вопрос 11
Электр чынжырындагы токтун күчүн кайсы куралдын жардамы менен жөнгө салууга болот?
Варианты ответов
- Гальвонометр
- Реостат
- Амперметр
- Вольтметр


