5-класс Кыргыз тили 1-чейрек
![](https://fsd.videouroki.net/ro2/2021/04/pro/20210413_vu-tg-sbscrb2.png)
![Avatar](/videouroki/images/profile/empty_avatar.jpg)
Список вопросов теста
Вопрос 1
1.Кайсы вариантты сөз айкашы деп эсептейсин?
Варианты ответов
- Тоого чейин, күлүп жиберди
- Бака жалбырак, көз айнек
- Жашыл жоолук , кызыктуу китеп
- Келип кетти, мектепке баруу
Вопрос 2
Биздин класста жыйырма алты окуучу окуйт деген сүйлөмдөгү таандык байланышын тапкыла.
Варианты ответов
- Биздин класста
- Класста окуйт
- Окуучу окуйт
- Жыйырма алты
Вопрос 3
"Биз ошол үчүн бардын да, жоктун да баркын билебиз" деген сүйлөмдөн толуктоочту тап?
Варианты ответов
- Ошол үчүн
- Бардын да
- Баркын
- Жоктун да
Вопрос 4
"Биздин класстагы эң жакшы окуган окуучулардын бири - Жадыра" деген сүйлөмдөн баяндоочту тап?
Варианты ответов
- Окуучулардын
- Эң жакшы
- Жадыра
- Биздин
Вопрос 5
"Андагы көргөн, билген, иштеген окуялардын бардыгын айта албаймын" деген сүйлөмдөн асты сызылган сөздөрдүн аталышы кандай?
Варианты ответов
- Баш мүчөлөр
- Айкындооч мүчөлөр
- Сөз түркүмдөрү
- Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү
Вопрос 6
Барыш, табыш, жатыш, чыгыш жөндөмөлөрү аркылуу байланыштын кайсы түрү жасалат?
Варианты ответов
- Башкаруу
- Таандык
- Ыкташуу
- Өз ара байланыш
Вопрос 7
Сүйлөм айтылыш максатына карай кандай түрлөргө бөлүнөт?
Варианты ответов
- Толук жана кемтик
- Жайылма жана жалаң
- Жөнөкөй жана татаал
- Жай, суроолуу, илептүү жана буйрук
Вопрос 8
Төмөнкү сөз айкаштарынан башкаруу байланышындагы сөз айкашын тапкыла?
Варианты ответов
- Китептин барагы, мектептин окуучусу, салкын бөлмө
- Сабак башталды, таш бака, Ала-Тоо
- Шаарга баруу, сууда сүзүү, сабактан кайтуу
- Кино башталды, айыл жашоочусу, суунун толкуну
Вопрос 9
"Балдар – жердин жандуу гүлдөрү" деген сүйлөмдүн баяндоочун тапкыла?
Варианты ответов
- Балдар
- Гүлдөрү
- Баяндоочу жок
- Жандуу
Вопрос 10
Көп чекиттин ордуна тиешелүү сөздөрдү коюп, сүйлөмдү толуктагыла.
..... кызыл, жашыл, сары .... көп ..... .
Варианты ответов
- Сууда / балыктар / гүлдөйт
- Чөлдө / балырлар / өсөт
- Бакта / таштар / көрүнөт
- Жайлоодо / гүлдөр / өсөт
Вопрос 11
Сүйлөм деген эмне?
Варианты ответов
- Сүйлөм толук маанилүү ойду билдирет
- Бир канча маанини билдирет
- Ар кандай ойду билдирет
- Эркин ой жүгүртүүнү билдирет
Вопрос 12
Сүйлөмдүн баш мүчөлөрүн ата?
Варианты ответов
- Бир өңчөй мүчөлөр
- Сөз түркүмдөрү
- Аныктооч
- Ээ жана баяндооч
Вопрос 13
Татаал сүйлөмдү белгиле?
Варианты ответов
- Мугалим кесиби ардактуу
- Сиздин атыңыз ким?
- Ата-энеңерди урматтагыла!
- Ким досун алдаса, ал досун алдайт.
Вопрос 14
Төл сөз деген эмне?
Варианты ответов
- Өзүбүздүн сөзүбүз
- Элдин сөзү
- Башка бирөөнүн сөзү
- Чоң эненин сөзү
Вопрос 15
Диалог деген эмне?
Варианты ответов
- Жалгыз кишинин сөзү?
- Эки же андан көп адамдардын сүйлөшүүсү
- Жазуу жүзүндө сүйлөшүү
- Балдардын сүйлөшүүсү