Меню
Тесты
Тесты  /  Родной язык и литература  /  5 класс  /  5-кл Кыргыз тил 3-чейрек

5-кл Кыргыз тил 3-чейрек

Avatar
06.06.2024. Тест. Родной язык и литература, 5 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
5-класс, Кыргыз тил сабагы, 3-чейрекке карата тесттер

Список вопросов теста

Вопрос 1

Лексика деген эмне?

Варианты ответов
  • Жалпы тилдеги сөздөрдүн жыйындысын айтабыз
  • Тилдеги сөздөрдүн жыйындысын айтабыз
  • Сөздөрдүн берген маанилерин айтабыз
Вопрос 2

Сөздүн лексикалык мааниси деген эмне?

Варианты ответов
  • Кайсы сөз түркүмүнө тиешелүүлүгү
  • Сөздүн жеке керт башына тиешелүү маанисин айтабыз
  • Кайсы жөндөмөдө тургандыгы
Вопрос 3

Омоним деген эмне?

Варианты ответов
  • Мааниси окшош,бирок тыбыштык курамы ар башка болгон сөздөрдү айтабыз
  • Берген мааниси боюнча карама-каршы түшүнүктү билдирген сөздөрдү айтабыз
  • Тыбыштык түзүлүшү окшош, бирок мааниси ар башка болгон сөздөрдү айтабыз
Вопрос 4

Синоним деген эмне?

Варианты ответов
  • Айтылышы бирдей,бирок ар башка маанини берген сөздөрдү айтабыз
  • Карама-каршы маанидеги сөздөрдү айтабыз
  • Айтылышы ар башка, бирок берген маанилери боюнча бирдей сөздөрдү айтабыз
Вопрос 5

"Теректей бой бергенче, теменедей акыл берсин" деген макалдагы антонимдерди тапкыла. Ал антонимдин кайсы түрүнө кирет?

Варианты ответов
  • Бергенче, берсин
  • Теменедей-теректей
  • Теректей бой
Вопрос 6

Сөздүн өтмө мааниси оозеки кепте эмне үчүн колдонулат?

Варианты ответов
  • Сүйлөмдөрдү түзүү үчүн колдонулат
  • Өтмө маанилүү сөздөр колдонулбайт
  • Образдуулукту, эмоциялуулукту,элестүүлүктү, тактыкты берүү үчүн оозеки кепте кеңири колдонулат
Вопрос 7

"Көз" деген сөз көп маанилүү сөзбү, же омоним сөзгө киреби?

Варианты ответов
  • Омоним сөзгө кирет
  • Омоним сөзгө кирбейт
  • Көп маанилүү сөзгө кирет
Вопрос 8

Эл-журт - калайык-калк; бат-тез - дароо-ылдам-заматта деген сөздөр синонимдерге киреби?

Варианты ответов
  • Жок синонимдерге кирбейт,булар антонимдер болуп саналат
  • Булар омонимдерге кирет
  • Ооба,булар синонимдерге кирет
Вопрос 9

Күн-түн, ач-ток, кең-тар, бар-жок, баатыр-коркок дегендер антонимдердин кайсы түрүнө кирет?

Варианты ответов
  • Антонимдерге кирбейт
  • Булар синонимдер болуп саналат
  • Ар башка уңгулуу антонимдерге кирет
Вопрос 10

Адептүү-адепсиз, бактылуу-бактысыз, алдуу-алсыз, абийирдүү-абийирсиз деген сөздөр ар башка уңгулуу антонимдерге киреби?

Варианты ответов
  • Ооба,ар башка уңгулуу антонимдерге кирет
  • Бирдей уңгулуу антонимдерге кирет
  • Булар синонимдерге кирет
Вопрос 11

Адам баласынын кебиндеги эң кыска айрым-айрым үндөр эмне деп аталат?

Варианты ответов
  • Тамга деп аталат
  • Тыбыш деп аталат
  • Үн деп аталат
Вопрос 12

Тилдин тыбыштык жагын үйрөтүүчү тил илиминин бөлүмү эмне деп аталат?

Варианты ответов
  • Лексика
  • Морфология
  • Фонетика
Вопрос 13

Айрым тыбыштарды айтканда, кандайдыр бир жолтоого учураса, кандай тыбыштар пайда болот?

Варианты ответов
  • Үндүү тыбыштар
  • Үнсүз тыбыштар
  • Каткалаң тыбыштар
Вопрос 14

Азыркы кыргыз тилинде канча үндүү бар?

Варианты ответов
  • 6
  • 12
  • 14
Вопрос 15

Кыска үндүүлөр канча жана алар кайсылар?

Варианты ответов
  • 6: аа, ээ, оо, өө, уу, үү
  • 4: аа, и, уу, ы
  • 8: а, э, о, у, ү, и, ы, ө
Вопрос 16

Созулма үндүүлөрдүн саны канча жана аларга кайсылар кирет?

Варианты ответов
  • Аа, оо, өө, үү
  • 6: аа, өө, уу, үү, өө, ээ
  • 2: аа, оо
Вопрос 17

Жаак кең ачылганда, кандай үндүү жасалат?

Варианты ответов
  • Кууш үндүүлөр жасалат
  • Кең үндүүлөр жасалат
  • Созулма үндүүлөр жасалат
Вопрос 18

Кыргыз тилинде канча үнсүз тыбыш бар?

Варианты ответов
  • 25 тыбыш
  • 36 тыбыш
  • 39 тыбыш
Вопрос 19

Эрин алдын көздөй чормойгон абалда кандай үндүүлөр жасалат?

Варианты ответов
  • Ачык үндүүлөр жасалат: и, ы, э, ээ, а, аа
  • Эринчил үндүүлөр жасалат: ү, үү, у, уу, ө, өө, о, оо
  • Жасалбайт
Вопрос 20

Жалаң шыбыштан турган үнсүз тыбыштар кандай деп аталат?

Варианты ответов
  • Каткалаң үнсүздөр деп аталат
  • Жумшак үнсүздөр деп аталат
  • Уяң үнсүздөр
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт