Меню
Тесты
Тесты  /  Родной язык и литература  /  Прочее  /  2-курс. 2-модуль. 2-вариант.

2-курс. 2-модуль. 2-вариант.

Avatar
21.05.2020. Тест. Родной язык и литература, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Ар бир туура жоопко компьтер 1 баллдан берет. Бирок мен ар бир туура жоопко 0.5 баллдан берем. Себеби, силер 2-модулдан 10 балл топтошунар керек. Калган 20 баллды силер сабак учурунда топтогонсунар.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Жооп берүүнү талап кылуучу кызмат каттары

Варианты ответов
  • кошумча кат, доо кат
  • аныктоочу кат, эскертүү кат
  • суроо кат, доо кат
  • өтүнүч кат, маалымдама кат
Вопрос 2

Тексттин мүнөздүү белгилери:

Варианты ответов
  • тематикалык жактан биримдүүлүгү
  • стилдик биримдүүлүгү
  • логикалык бүтүндүгү
  • тематикалык, стилдик биримдүүлүгү, логикалык бүтүндүгү
Вопрос 3

Кокуй, катыгүн, баракелде деген сөздөр сырдык сөздүн кайсы түрүнө кирет

Варианты ответов
  • турмуш-тиричиликтик
  • сезимдик
  • эрктик
  • күчөткүч
Вопрос 4

Стилистика эмнени үйрөтөт?

Варианты ответов
  • сөз айкашы, сүйлөмдөрдүн түзүлүшүн
  • сөздүн курамын жана жасалышын
  • сөздөрдүн лексикалык жана грамматикалык маанилерин
  • тил жана речти, тил каражаттарынын колдонулушун
Вопрос 5

Токтогулдун күүлөрү:

Варианты ответов
  • «Жеңиш», «Көйрөң күү»
  • «Турумтай», «Жаштар маршы»
  • «Тогуз кайрык», «Миң кыял»
  • «Кербез», «Көкөй кести»
Вопрос 6

Эмне үчүн мага жай айы жагат? Анткени бул эң жылуу, кооз мезгил.Ошондуктан мен жайды чыдамсыздык менен күтөм. Сүйлөмгө мүнөздүү кептин түрү:

Варианты ответов
  • сүрөттөө
  • баяндоо
  • ой жүгүртүү
  • көркөм стиль
Вопрос 7

Ч. Айтматовдун сөзүнөн алынган төмөнкү сүйлөмдү толуктагыла. «Ысык-Көлдү сактап калуу – бул…»

Варианты ответов
  • «…… Мекендин бир укум жерин сактап калуу дегендик»
  • «……Көз карегин сактап калуу дегендик»
  • «……Ата Мекенди сактап калуу дегендик»
  • «…… бүт кыргызды сактап калуу дегендик»
Вопрос 8

«Кетериңде дүнүйө,

     Суу жүрбөгөн сайдайсың» - кайсы поэтикалык каражат?

Варианты ответов
  • эпитет
  • метафора
  • салыштыруу
  • гипербола
Вопрос 9

Жазма речтин стилинин мүнөздүү белгиси:

Варианты ответов
  • көпчүлүккө арналат, сөздөр тандалып колдонулат, тыныш белгилер коюлат,монологдук кеп басымдуу
  • сөздөр тандалып колдонулат, диалогдук кеп басымдуу, интонациялык бөтөнчөлүккө ээ
  • сөздөрдүн орун тартиби сакталат, диалогдук кеп басымдуу, ой тез жетет
  • көпчүлүккө арналат, монологдук кеп басымдуу, ой тез жетет, интонациялык бөтөнчөлүккө ээ
Вопрос 10

«Токтом кылат» бөлүгүндө туура колдонулган канцеляризмдер:

Варианты ответов
  • эсептелсин, белгиленсин, тапшырылсын
  • бекитилсин, эскертилсин, сунуш түштү
  • эске алынсын, суроолор берилди, угулду
  • милдеттендирилсин, кабыл алынды
Вопрос 11

 Метафорага түшүнүк бер

Варианты ответов
  • адамдын, жаныбардын, предметтин кайсы бир белгисин, өзгөчөлүгүн баса белгилеп көрсөтүү
  • бир нерсени, көрүнүштү ага мейкиндик, мезгилдик жактан катышы бар экинчи бир нерсе аркылуу атоо
  • бир нерсени, кубулушту айрым белгилеринин окшоштугуна карай башка бир сөз менен атоо
  • сүрөттөлүп жаткан нерсени, көрүнүштү кичирейтип көрсөтүү
Вопрос 12

Илимий стилге мүнөздүү эмес сөздөрдүн катарын белгиле

Варианты ответов
  • климат, отоо, гектар, түндүк-түштүк
  • буудай жүздүү, азаматтар, эжеке
  • сурьма, фонема, күн системасы
  • врач-терапевт, бөлүкчө, электр тогу
Вопрос 13

«Кыргыз Республикасынын экономикасын көтөрүү-көңүлдүн борборундагы маселе» - бул сүйлөм кайсы стилге мүнөздүү?

Варианты ответов
  • иш кагаздар стили
  • көркөм стиль
  • илимий стиль
  • публицистикалык стиль
Вопрос 14

Кызмат каттары атайын бланк болбогон учурда кандай өзгөчөлүккө ээ.

Варианты ответов
  • кадимки жазуу кагазына жазылат
  • сол жагына тигинен кыргыз тилинде толтурулат
  • сол жаккы бурчуна кат жөнөткөн мекеменин штампы коюлат
  • уюм тарабынан даярдалат
Вопрос 15

«Өйүздөгү токой кордук көргөнсүп, башын жерге салып, тунжурап турат» - белгиленген сөз тизмектери троптун кайсы түрү?

Варианты ответов
  • метонимия
  • эпитет
  • метафора
  • жандандыруу
Вопрос 16

Акт жеке адамдар тарабынан түзүлсө эмнелер талап кылынат?

Варианты ответов
  • күбөлөрдүн болушу жана кол коюшу зарыл
  • текшерүүдө юридикалык адамдардын болушу
  • иштин жөн-жайын билген адамдардын катышышы
  • тиешелүү текшерүүдөн кийин жазылган официалдуу документ экендиги
Вопрос 17

Айыл десе атам мага элестеп

Алдастачумун бүгүн-эртен барам деп

Ата деген атына мен садага

Атасы бар деген канча каниет. Ырдагы фонетикалык-стилистикалык каражатты аныктагыла?

Варианты ответов
  • анафора
  • аллитерация
  • ассонанс
  • аллегория
Вопрос 18

Тексттеги сөздөрдүн орундуу кайталанышынын себеби:

Варианты ответов
  • логикага жараша, мазмунду тереңдетүү максатында зарыл сөз каражатын кайталап баса айтуу
  • керек болгон учурда сөздөрдү кайталап айтуу
  • көркөм болушу үчүн сөздөрдү кайталап айтуу
  • темага жараша айрым сөздөрдү баса айтуу
Вопрос 19

Токтомдун негизги бөлүмүнө кайсылар кирет?

Варианты ответов
  • угулду, суроолор берилди, жарыш сөзгө чыгышты, сунуштар айтылды, токтом кылынды
  • өткөрүлгөн орду, убактысы, каралуучу маселелер, угулду, сөзгө чыкты
  • күн тартиби, угулду, сунуштар айтылды, катышуучулардын саны
  • угулду, күн тартиби, каралуучу маселелер
Вопрос 20

Илимий ___________– кандайдыр бир идеяны, лекциянын, __________, чыгарманын негизи  бир маанисин  кыскача туюнткан жобо. Ал көлөмү боюнча 2-3 беттен ашпаган, жабык түрдөгү __________,   __________ жана __________бөлүктөрүнөн  турган  илимий текст болуп саналат.

Варианты ответов
  • конспекти/маалыматтын/ачылышы/негизи/акыры
  • тезис/ баяндаманын/киришүү/ негизги/ жыйынтык
  • аннотация/докладдын/башталышы/ ортосу/аяктоочу
  • наам/макалынын/келишүү/кызматы/ жыйынтыктоочу
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт